136
قُولُوا آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ إِلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَى وَعِيسَى وَمَا أُوتِيَ النَّبِيُّونَ مِنْ رَبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ
Айткыла: “Биз Аллахка, бизге жөнөтүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка, неберелерине жана да Муса менен Исага жөнөтүлгөнгө, бардык пайгамбарларга, Эгесинен жөнөтүлгөн нерселерге ишенебиз. Биз алардын арасынан эч бирөөсүн да ажыратпайбыз жана Ага моюн сунуучуларданбыз.”