81 بَلَى مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө чырмалып батса, анда алар отту ээлөөчүлөр (тозокулар). Алар анда түбөлүккө калышат!
81 بَلَى مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө чырмалып батса, анда алар отту ээлөөчүлөр (тозокулар). Алар анда түбөлүккө калышат!
82 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
А ыймандуулар, жакшылык иш кылгандар, алар Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө болушат.
83 وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ لَا تَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَقُولُوا لِلنَّاسِ حُسْنًا وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْكُمْ وَأَنْتُمْ مُعْرِضُونَ
Биз Исраил урпактарынын убадаларын алганбыз: “Силер Аллахтан башка эч кимге сыйынбагыла; ата-энеңерге, жакын туугандарыңарга, жетимдерге жана бей-бечараларга жакшылык кылгыла! Адамдарга сылык сөздүү болгула! Намаз окугула жана зекет бергиле”, – дедик. Андан соң силердин көбүңөр баш тартып, артка кетенчиктедиңер.
a. Жетим-жесир, бей-бечара, муктаж адамдарга байлар тарабынан милдеттүү түрдө берилүүчү салык – төлөм. b. Келишимден.
84 وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ لَا تَسْفِكُونَ دِمَاءَكُمْ وَلَا تُخْرِجُونَ أَنْفُسَكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ ثُمَّ أَقْرَرْتُمْ وَأَنْتُمْ تَشْهَدُونَ
Биз силерден: “Силер бир-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр жана бир-бириңерди турак жайыңардан кууп чыкпайсыңар”, -деп келишим-убада алдык. Андан соң, силер өзүңөр тастыктап, күбө болгон элеңер.
85 ثُمَّ أَنْتُمْ هَؤُلَاءِ تَقْتُلُونَ أَنْفُسَكُمْ وَتُخْرِجُونَ فَرِيقًا مِنْكُمْ مِنْ دِيَارِهِمْ تَظَاهَرُونَ عَلَيْهِمْ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَإِنْ يَأْتُوكُمْ أُسَارَى تُفَادُوهُمْ وَهُوَ مُحَرَّمٌ عَلَيْكُمْ إِخْرَاجُهُمْ أَفَتُؤْمِنُونَ بِبَعْضِ الْكِتَابِ وَتَكْفُرُونَ بِبَعْضٍ فَمَا جَزَاءُ مَنْ يَفْعَلُ ذَلِكَ مِنْكُمْ إِلَّا خِزْيٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرَدُّونَ إِلَى أَشَدِّ الْعَذَابِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Андан кийин да силер бири-бириңерди өлтүрүп жатасыңар, өзүңөрдөн болгон бир жамаатты турак жайынан чыгарып салдыңар, алардын үстүнөн күнөө жана душмандык кылууда бир-бириңе жардам берүүдөсүңөр. А эгер силерге туткундар келишсе, аларга силер төлөм төлөйсүңөр. Аларды кууп чыгууга силерге тыюу салынган болчу. Ырас эле силер Китептин бир бөлүгүнө ишенип, экинчи бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Силердин араңардагы мындай ишти кылганыңарга бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө алар эң чоң азапка ташталат. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
a. Мединалык иудейлерге тиешелүү. b. Колго түшкөндөрдү сатуу үчүн кайра алып келишсе. c. Торатта көргөзүлгөндөй. d. Торатта көргөзүлгөн боюнча. e. Тораттын.
86 أُولَئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Алар бул дүйнөдөгү жашоону акыреттеги жашоосунун ордуна сатып алгандар, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт.
87 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِنْ بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ أَفَكُلَّمَا جَاءَكُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَى أَنْفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ
Биз Мусага Китеп бердик, анын артынан Пайгамбарларды жөнөттүк. Биз Марйам уулу Исага ачык-айкын кабарларды бердик жана аны ыйык Жебреил менен бекемдедик. Ырас эле силерге көңүлүңөр каалабаган нерсе менен элчилер келген сайын менменсине бой көтөрө бересиңерби? Алардын кээ бирөөлөрүн жалганчы дедиңер, бир тобун өлтүрдүңөр.
88 وَقَالُوا قُلُوبُنَا غُلْفٌ بَلْ لَعَنَهُمُ اللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَقَلِيلًا مَا يُؤْمِنُونَ
Алар: “Биздин жүрөгүбүз кулпуланган” – дешет. Жок! Алардын каапырлыктары үчүн аларга Аллахтын наалаты тийди. Алардын өтө аздары гана ыйман келтиришет.
a. Иудейлер. b. Кулпу салынып бекитилген.
89 وَلَمَّا جَاءَهُمْ كِتَابٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ وَكَانُوا مِنْ قَبْلُ يَسْتَفْتِحُونَ عَلَى الَّذِينَ كَفَرُوا فَلَمَّا جَاءَهُمْ مَا عَرَفُوا كَفَرُوا بِهِ فَلَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الْكَافِرِينَ
А качан аларга Аллахтан алардагыны тастыктай турган Китеп келгенде, алар (иудейлер) андан мурун каапырларга каршы жеңиш суранып келишкен эле, а качан аларга билген нерсе келгенде, алар буга ишенишпеди. Каапырларга Аллахтын каргышы болсун!
a. Торатты. b. Куран. c. “О Жараткан, болочок Пайгамбарың менен бул каапырларга каршы жеңиш алып кел”, – деп, дуба кылышаар эле. d. Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га, Куранга. Торатта Мухаммед (а.с.)дын келе турганы жана анын сыпаттары баяндалган.
90 بِئْسَمَا اشْتَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ أَنْ يَكْفُرُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ بَغْيًا أَنْ يُنَزِّلَ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ عَلَى مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ فَبَاءُوا بِغَضَبٍ عَلَى غَضَبٍ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ مُهِينٌ
Аллах өзү каалаган пенделерине Өзүнүн ырайымы менен аяттарын жибергенине каршы чыгып, Аллах жиберген нерселерге каапырлык кылып, өздөрүн сатышы кандай жаман. Анан каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кордоочу азап бар.
91 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ قَالُوا نُؤْمِنُ بِمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَيَكْفُرُونَ بِمَا وَرَاءَهُ وَهُوَ الْحَقُّ مُصَدِّقًا لِمَا مَعَهُمْ قُلْ فَلِمَ تَقْتُلُونَ أَنْبِيَاءَ اللَّهِ مِنْ قَبْلُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Качан аларга: “Аллах жөнөткөнгө ишенгиле”, – делингенде, алар: “Бизге жөнөтүлгөнгө ишенебиз”, – дешти да, анын артынан жөнөтүлгөндү чанышат. Ал – алардагыны тастыктоочу акыйкат. Аларга: “Ыймандуу болсоңор, анда эмне үчүн мурда келген Аллахтын пайгамбарларын өлтүрөсүңөр?!” – деп айт.
a. Торатка b. Тораттын c. Куранды d. Куран e. Торатты f. Иудейлер g. Мурунку доорлордо алар бир нечелеген Аллахтын пайгамбарларын өлтүрүшкөн жана куугунтукка алышкан, алардын ичинде азирети Иса да бар.
92 وَلَقَدْ جَاءَكُمْ مُوسَى بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ
Муса силерге ачык-айкын кабарлар менен келди. Бирок ал кеткенденин кийин силер музоого сыйынып алдыңар да, адашуучулардан болдуңар.
a. Муса (а.с.) тур тоосуна кеткенде
93 وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ وَرَفَعْنَا فَوْقَكُمُ الطُّورَ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاسْمَعُوا قَالُوا سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَأُشْرِبُوا فِي قُلُوبِهِمُ الْعِجْلَ بِكُفْرِهِمْ قُلْ بِئْسَمَا يَأْمُرُكُمْ بِهِ إِيمَانُكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Биз силерден убада алып, силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрдүк: “Силерге Биз бергенди күч-кубат менен алгыла да, уккула!” – дедик. Алар: “Биз уктук, бирок баш ийбейбиз”, - дешти. Өздөрүнүн каапырлыгы менен алардын жүрөктөрү музоого ибадат кылууга сугарылан эле. “Эгер силер ыймандуу болсоңор, анда ыйманыңар буйруган нерсе кандай жаман” – деп айт.
a. Тур тоосун үстүңөргө таштап жиберүү үчүн b. Аллахтын буйругун c. Ага сыйынууга.
94 قُلْ إِنْ كَانَتْ لَكُمُ الدَّارُ الْآخِرَةُ عِنْدَ اللَّهِ خَالِصَةً مِنْ دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
“Эгерде, Аллахтын алдындагы акырет жайы башка адамарга эмес, силер үчүн гана болуп, чынчыл болсоңор анда өзүңөргө өлүмдү үмүт кыла бергиле,” – деп айт.
95 وَلَنْ يَتَمَنَّوْهُ أَبَدًا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ
Бирок алар өз колдору менен кылган иштеринен улам аны эч убакта үмүт этишпейт. Акыйкатта, Аллах – адашкандарды жакшы Билүүчү.
a. Өлүмдү
96 وَلَتَجِدَنَّهُمْ أَحْرَصَ النَّاسِ عَلَى حَيَاةٍ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا يَوَدُّ أَحَدُهُمْ لَوْ يُعَمَّرُ أَلْفَ سَنَةٍ وَمَا هُوَ بِمُزَحْزِحِهِ مِنَ الْعَذَابِ أَنْ يُعَمَّرَ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ
Чындыгында, сен адамдардын жана (Аллахка) ширк келтиргендердин да жашоого өтө ач көз экенин байкайсың. Алардан бирөө ага миң жыл жашоо берилишин үмүттөнөөр эле. Бирок анчалык узун жашоо да аларды азаптан оолактата албайт. Акыйкатта, Аллах алардын эмне кылгандарын Көрүүчү!
a. Ширк келтиргендер – Аллахтан башкага сыйынуучулар b. куткара
97 قُلْ مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِجِبْرِيلَ فَإِنَّهُ نَزَّلَهُ عَلَى قَلْبِكَ بِإِذْنِ اللَّهِ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَهُدًى وَبُشْرَى لِلْمُؤْمِنِينَ
Айткын: “Жебреилге ким душман болсо...” Анткени Аллахтын уруксаты менен ал аны түз жол, кубанычтуу кабар катары ыймандууларга алардын алдындагыны тастыктоо үчүн сенин жүрөгүңө түшүргөн.
a. Ал – Аллахка душман!» b. Куранды c. Забурду, Торатты, Индилди
98 مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِلَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَرُسُلِهِ وَجِبْرِيلَ وَمِيكَالَ فَإِنَّ اللَّهَ عَدُوٌّ لِلْكَافِرِينَ
Ким Аллахка, Анын периштелерине, Анын пайгамбарларына, Жебреилге жана Микайилге душман болсо, акыйкатта Аллах – каапырлардын душманы.
a. Микайил – периштенин аты
99 وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَمَا يَكْفُرُ بِهَا إِلَّا الْفَاسِقُونَ
Биз сага ачык-айкын аяттарыбызды түргөнбүз жана ага анык адашкандар гана ишенбейт.
100 أَوَكُلَّمَا عَاهَدُوا عَهْدًا نَبَذَهُ فَرِيقٌ مِنْهُمْ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Ар качан алар убада беришкен соң, алардын бир бөлүгү аны таштап салышат. Балким алардын көпчүлүгү ишенишпейт.
a. Иудейлер b. Убадага турбайт