бөлүм Бакара - البقرة

261 مَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنْبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنْبُلَةٍ مِائَةُ حَبَّةٍ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Аллах кимге кааласа көбөйтүп берет. Аллах – Жоомарт, Билүүчү.

262 الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ لَا يُتْبِعُونَ مَا أَنْفَقُوا مَنًّا وَلَا أَذًى لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчитпегендердин сооптору Эгесинин алдында. Аларга коркунуч да, кайгы да жок.

a. дүйнөдө да, акыретте да b. кыяматта

263 قَوْلٌ مَعْرُوفٌ وَمَغْفِرَةٌ خَيْرٌ مِنْ صَدَقَةٍ يَتْبَعُهَا أَذًى وَاللَّهُ غَنِيٌّ حَلِيمٌ

Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ыза ээрчитип келген садакадан жакшы. Аллах – Бай жана Жумшак.

a. кемсинте сунулуп, колко-милдет кылынып, алуучуну ыза кылган

264 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُبْطِلُوا صَدَقَاتِكُمْ بِالْمَنِّ وَالْأَذَى كَالَّذِي يُنْفِقُ مَالَهُ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ صَفْوَانٍ عَلَيْهِ تُرَابٌ فَأَصَابَهُ وَابِلٌ فَتَرَكَهُ صَلْدًا لَا يَقْدِرُونَ عَلَى شَيْءٍ مِمَّا كَسَبُوا وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ

Эй, ыйман келтиргендер! Мал-мүлкүн элдер көрсүн үчүн сарптаган, Аллах менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен бузуп албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош. Ага катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт. Аллах – каапыр элдерди туура жолго салбайт.

a. Садака берген адамды кемсинтип, ыза кылып b. Садаканы милдет кылып берген адам

265 وَمَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ وَتَثْبِيتًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ كَمَثَلِ جَنَّةٍ بِرَبْوَةٍ أَصَابَهَا وَابِلٌ فَآتَتْ أُكُلَهَا ضِعْفَيْنِ فَإِنْ لَمْ يُصِبْهَا وَابِلٌ فَطَلٌّ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Мал-мүлкүн Аллахтын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өз напсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош: Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет. Эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр (деле жетиштүү). Аллах – эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү.

a. Материалдык байлыктарын

266 أَيَوَدُّ أَحَدُكُمْ أَنْ تَكُونَ لَهُ جَنَّةٌ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ لَهُ فِيهَا مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ وَأَصَابَهُ الْكِبَرُ وَلَهُ ذُرِّيَّةٌ ضُعَفَاءُ فَأَصَابَهَا إِعْصَارٌ فِيهِ نَارٌ فَاحْتَرَقَتْ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ

Алдынан дарыялар агып турган бардык жемиштери бар курма жана жүзүм бакчасы болуп, балдары алсыз, өзү картайган кезде, бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөнүп калышын силерден бирөө каалайт беле? Ой жүгүртүүңөр үчүн Аллах силерге аяттарын ушундай түрдө түшүндүрөт.

a. Б.а.эл көрсүнгө жасалган иштер ошол күйүп кеткен бакча сыяктуу

267 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَنْفِقُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا كَسَبْتُمْ وَمِمَّا أَخْرَجْنَا لَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَلَا تَيَمَّمُوا الْخَبِيثَ مِنْهُ تُنْفِقُونَ وَلَسْتُمْ بِآخِذِيهِ إِلَّا أَنْ تُغْمِضُوا فِيهِ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкандын жакшыларынан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла. Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла. Аллах – Бай, Макталуучу экенин билип койгула!

a. Өзүңөр жаман көргөн нерселерди Аллах жолунда садака, зекет, ж.б. түрүндө бербегиле

268 الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ وَاللَّهُ يَعِدُكُمْ مَغْفِرَةً مِنْهُ وَفَضْلًا وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Аллах силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү!

269 يُؤْتِي الْحِكْمَةَ مَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُؤْتَ الْحِكْمَةَ فَقَدْ أُوتِيَ خَيْرًا كَثِيرًا وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ

Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага жакшылык мол берилди. Бирок муну акыл ээлери гана түшүнө алат.

270 وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ نَفَقَةٍ أَوْ نَذَرْتُمْ مِنْ نَذْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُهُ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

(Аллах жолунда) сарпталган ар бир садаканы, назир кылган ар бир сооп иштериңди Аллах билет. Заалымдардын колдоочусу жок.

a. Аллах жолунда сооптуу амалды аткарам деп убада кылынган ниет

271 إِنْ تُبْدُوا الصَّدَقَاتِ فَنِعِمَّا هِيَ وَإِنْ تُخْفُوهَا وَتُؤْتُوهَا الْفُقَرَاءَ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَيُكَفِّرُ عَنْكُمْ مِنْ سَيِّئَاتِكُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Эгерде садаканы ашкере кылып берсеңер- ал кандай сонун. Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер-ал силер үчүн андан да жакшы. Ал силердин жамандыктарыңарды өчүрөт. Аллах – жасап жаткан ишиңерден Кабардар!

a. Аллах таала

272 لَيْسَ عَلَيْكَ هُدَاهُمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَلِأَنْفُسِكُمْ وَمَا تُنْفِقُونَ إِلَّا ابْتِغَاءَ وَجْهِ اللَّهِ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ

(Каапырларды) Туура жолго түшүрүү – сенин милдетиң эмес. Бирок, Аллах кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыктан эмне сарптасаңар да, өзүңөр үчүн. Аллахтын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар (ал) силер үчүн толук берилет жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар.

a. Сообун силерден башка эч ким алалбайт b. Балким эки эселеп берилет.

273 لِلْفُقَرَاءِ الَّذِينَ أُحْصِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ ضَرْبًا فِي الْأَرْضِ يَحْسَبُهُمُ الْجَاهِلُ أَغْنِيَاءَ مِنَ التَّعَفُّفِ تَعْرِفُهُمْ بِسِيمَاهُمْ لَا يَسْأَلُونَ النَّاسَ إِلْحَافًا وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ

Аллах жолунда курчоодо калган кедейлердин Жер бетинде сапарга чамалары жетпейт. (Алар) каниеттүү болгондуктан билбеген киши бай деп эсептейт. Алардын (кедейликтерин) жүздөрүнөн тааныйсың. Алар адамдардан суранышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында, Аллах – аны Билүүчү!

a. Согуш менен алектенгендер b. Садака ээлери ушулар c. Соода-сатык, тиричилик кылууга убактылары жок. d. Топуктуу-сабырдуулугунан

274 الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ سِرًّا وَعَلَانِيَةً فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгесинин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.

275 الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا فَمَنْ جَاءَهُ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّهِ فَانْتَهَى فَلَهُ مَا سَلَفَ وَأَمْرُهُ إِلَى اللَّهِ وَمَنْ عَادَ فَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Сүткорлук кылгандар (Кыямат Күнү) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага – алардын: “Чындыгында соода сүткорлукка окшош”,-дегени себеп. Аллах сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды. Кимге Эгесинен насаат Сөз келген кезде, өздөрүн тыйышса, мурункулары (кечирилет), а иши Аллахка таандык. Кимде ким (сүткорлукка) кайтса, алар – Тозок ээлери. Алар анда – түбөлүккө калышат.

a. Экөө тең дурус b. Куран c. Сүткорлуктан жегендери

276 يَمْحَقُ اللَّهُ الرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ

Аллах – сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Аллах ар кандай күнөөкөр-каапырларды жакшы көрбөйт.

277 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, намазын орундатып, зекет бергендердин сооптору Эгесинин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.

a. Чын ыкласы менен толук окуп

278 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула, эгер ишенсеңер сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла.

a. Аллах Таала менен Кыяматта жолугарыңарга ишенсеңер b. Карызды кечкендей (б.а. пайызын албагыла)

279 فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ

Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар, муну – Аллахка, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы (бар болгон адал) мүлкүңөрдүн башы (пайдасы) өзүңөргө. Зулумдук кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар!

a. Адилетсиздик

280 وَإِنْ كَانَ ذُو عُسْرَةٍ فَنَظِرَةٌ إِلَى مَيْسَرَةٍ وَأَنْ تَصَدَّقُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Ал эми эгер ким кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө. Ал эми билсеңер: кайрымдуулук кылууңар – өзүңөр үчүн жакшыраак.

a. Доолабай тургула b. Акыңарды садака кылып, кечип жиберсеңер