бөлүм Бакара - البقرة

101 وَلَمَّا جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ نَبَذَ فَرِيقٌ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ كِتَابَ اللَّهِ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ كَأَنَّهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Качан аларга, өздөрүндө болгонду тастыктоо үчүн Аллахтан Элчи келгенде, китеп берилгендердин бир бөлүгү Аллахтын Китебин билбеген өңдүү арт жактарына ыргытышты.

a. Мухаммед (а.с.) b. Иудейлердин

102 وَاتَّبَعُوا مَا تَتْلُو الشَّيَاطِينُ عَلَى مُلْكِ سُلَيْمَانَ وَمَا كَفَرَ سُلَيْمَانُ وَلَكِنَّ الشَّيَاطِينَ كَفَرُوا يُعَلِّمُونَ النَّاسَ السِّحْرَ وَمَا أُنْزِلَ عَلَى الْمَلَكَيْنِ بِبَابِلَ هَارُوتَ وَمَارُوتَ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنْ أَحَدٍ حَتَّى يَقُولَا إِنَّمَا نَحْنُ فِتْنَةٌ فَلَا تَكْفُرْ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنْهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِ بَيْنَ الْمَرْءِ وَزَوْجِهِ وَمَا هُمْ بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ وَلَقَدْ عَلِمُوا لَمَنِ اشْتَرَاهُ مَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ وَلَبِئْسَ مَا شَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Сулаймандын падышалыгынын учурунда алар шайтандар окуганды ээрчишти. Сулайман каапыр эмес, бирок шайтандар каапыр болуучу. (Алар) адамдарды сыйкырга жана Бабилдеги эки периште: Харут менен Марутка түшүрүлгөндү үйрөтүшкөн. Бирок (алар): “Биз сыноодобуз. Каапыр болуп калбагыла!” – деп айтмайынча, ал экөө эч кимге (сыйкырды) үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн. Бирок алар Аллахтын уруксатысыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар өздөрүнө пайда келтирбей, бирок зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар билишсе, сатып алгандары өз жандары үчүн кандай жаман!

a. Сулайман (а.с.) Аллахтын элчиси жана падыша болгон b. Байыркы Вавилон шаары, падышалыгы. Тигр менен Ефрат дайраларынын боюнда жайгашкан. c. Эки периште. Алар чоң илимдүү болушкан жана Бабил (Вавилон) шаарына, адамдарды сыноо үчүн жиберилген. Алар адам кебетесинде болушкан. Өздөрүнөн илим үйрөнүүнү суранып келгендерге илим үйрөтүшкөн, илимди жаман максаттарга колдонууга болбостугун, эгер антишсе каапыр болуп, Аллахтын азабына кабылышаарын адамдарга катуу эскертишкен; шайтандар болсо адамдарды ошол илимдерди жаман максаттарга, сыйкырга пайдаланууга азгырышкан. d. Эркек менен аялды ажыратып салгандар e. адамдар f. Каапыр болгондор

103 وَلَوْ أَنَّهُمْ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَمَثُوبَةٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ خَيْرٌ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Эгер алар ыйман келтирип жана такыба болушса, анда Аллахтын алдындагы сооп – эң мыкты, эгер аны билишсе.

104 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقُولُوا رَاعِنَا وَقُولُوا انْظُرْنَا وَاسْمَعُوا وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбарга: “Рооинаа – бизге көз сал”, – деп айтпагыла, “Бизди кара”, – деп айткыла жана уккула! Каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!

a. Бул сөз арабча, бирок иудейлер тилинде тилдөө үчүн колдонулган. Иудейлер бул сөздү Пайгамбарга колдонуп, ичинде тилденүү ниет кылышаар эле. Ошондуктан Аллах бул сөздү колдонбоого буйрук берген.

105 مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَاللَّهُ يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

Китеп ээлеринен болгон жана көп кудайчылардан чыккан каапырлар силерге, силердин Эгеңерден жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Аллах Өз мээримдүүлүгү менен кимди кааласа тандайт. Аллах, улуу ырайымдуулуктун ээси.

a. Иудейлерден жана христиандардан b. Тигилери да, булары да Куранга ишенишпеген жана мусулмандарга карата көрө албастык, же душмандык маанайда болушкан.

106 مَا نَنْسَخْ مِنْ آيَةٍ أَوْ نُنْسِهَا نَأْتِ بِخَيْرٍ مِنْهَا أَوْ مِثْلِهَا أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Биз аяттарыбызды өзгөртсөк, же аны унуттурсак, анын ордуна андан жакшысын, же ага окшошун келтиребиз. Чынында эле Аллах бардыгына кудурети жетээрин билбейсиңби?

a. Куран аяттарын b. Аллах айрым аяттардын өкүмүн өзгөрткөн. Айрым аяттарды пайгамбардын жүрөгүнөн алып салган. c. Аяттардын

107 أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Акыйкатта сен Асмандар менен Жердин бийлиги Аллахда гана экендигин, Аллахтан башка силерде тарапкер да, жардамчы да жок экендигин билбедиңби?

a. Сактоочу, Коргоочу, Болушуучу

108 أَمْ تُرِيدُونَ أَنْ تَسْأَلُوا رَسُولَكُمْ كَمَا سُئِلَ مُوسَى مِنْ قَبْلُ وَمَنْ يَتَبَدَّلِ الْكُفْرَ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ

Мүмкүн силер өзүңөрдүн пайгамбарыңардан, мурда Мусадан сурагандай суроону каалап жатасыңарбы? Бирок, эгер ким ыйманды ишенбөөчүлүккө алмаштырса, ал туура жолдон адашканы.

a. Кычы, керексиз, талаш, же оңтойсуз суроолорду берүүнү

109 وَدَّ كَثِيرٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يَرُدُّونَكُمْ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِكُمْ كُفَّارًا حَسَدًا مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْحَقُّ فَاعْفُوا وَاصْفَحُوا حَتَّى يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Китеп ээлеринен болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин каапырга айландыргылары келишет. Аллахтын буйругу келгенче аларды кечиргиле, алардан жүз үйрүгүлө! Аллах – баардык нерсеге кудурети жетүүчү!

a. Иудейлер жана христиандар

110 وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَمَا تُقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ مِنْ خَيْرٍ تَجِدُوهُ عِنْدَ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Намазга тургула жана зекет бергиле! Ошондо өзүңөр үчүн мурда жасаган жакшылыгыңарды Аллахтын алдынан табасыңар. Албетте, Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү.

a. Милдеттүү түрдөгү жардам; ал жетим-жесир, жакыр, оорукчан ж.б.у.с. муктаждарга берилет.

111 وَقَالُوا لَنْ يَدْخُلَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ كَانَ هُودًا أَوْ نَصَارَى تِلْكَ أَمَانِيُّهُمْ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт”, - дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, далилиңерди келтиргиле!” – деп айт.

a. Иудейлер жана христиандар b. Алардын ыйык китептеринде да бул өңдүү мааниде сөздөр жок.

112 بَلَى مَنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ فَلَهُ أَجْرُهُ عِنْدَ رَبِّهِ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Жок! Ким жүзүн Аллахка арнап бурса жана жакшылык кылуучу болсо, анын сыйлыгы Эгесинин алдында. Алардын үстүнөн коркунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.

a. Ага моюн сунуп, буйруктарын аткарса.

113 وَقَالَتِ الْيَهُودُ لَيْسَتِ النَّصَارَى عَلَى شَيْءٍ وَقَالَتِ النَّصَارَى لَيْسَتِ الْيَهُودُ عَلَى شَيْءٍ وَهُمْ يَتْلُونَ الْكِتَابَ كَذَلِكَ قَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ مِثْلَ قَوْلِهِمْ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Китепти окуп алып деле иудейлер: “Христиандар түз жолдо эмес”, – дешет, ал эми христиандар: “Иудейлер түз жолдо эмес”,- дешет. Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер да кайталашат. Алардын ортосундагы талашып жаткан нерселери туууралуу Аллах Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.

a. Буддарга (айкелдерге), б. а. жалган кудайларга сыйынгандар

114 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَى فِي خَرَابِهَا أُولَئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Аллахтын ысымдары эскерилип, макталып турган Аллахтын мечиттерин кыйратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан заалым бирөө барбы?! Алар мечиттерге коркккон алабда гана кирүүгө тийиш эле. Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, ал эми акыретте чоң азап бар.

a. Сыйынуучу жайларды b. Көп кудайчылар мусулмандарды Каабага, мечитке барып, Аллахка сыйынууга түрдүү тоскоолдуктарды жасашкан.

115 وَلِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ فَأَيْنَمَا تُوَلُّوا فَثَمَّ وَجْهُ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Чыгыш да, Батыш да Аллахка гана таандык. Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Аллахтын жүзү. Албетте, Аллах –Камтуучу, Билүүчү!

a. Бардык жерде Аллахтын болуп туруусу; ааламда Ал болбой калган эч бир боштук, тарап жок.

116 وَقَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا سُبْحَانَهُ بَلْ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ

“Аллах өзүнө уул алды”, - дешти. Ага – аруулук! Жок!” Ага Асман жана Жердеги бардык нерселер таандык. Баары Ага баш ийет!

a. Христиандык түшүнүк боюнча Иисус, же Иса “Ыйык Троицадагы” (Ата, Уул, Рух) экинчиси, б. а. Уул болуп саналат дешет. А иудейлер болсо Узайр пайгамбарды кудайдын уулу деп эсептейт. Ал эми Көп кудайчылар периштелерди кудайдын кыздары деген наадандык түшүнүктө болушкан. b. Аллах балага , же аялга ж.б.у.с. нерселерге муктаж эмес

117 بَدِيعُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَإِذَا قَضَى أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

Ал – Асман менен Жердин Жаратуучусу. Ал бир нерсени кылууну кааласа: “Бол!” - дейт, болуп калат.

118 وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ لَوْلَا يُكَلِّمُنَا اللَّهُ أَوْ تَأْتِينَا آيَةٌ كَذَلِكَ قَالَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ مِثْلَ قَوْلِهِمْ تَشَابَهَتْ قُلُوبُهُمْ قَدْ بَيَّنَّا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

“Аллах биз менен сүйлөшпөйбү, же бизге белги (далил) келбейби?” – деп билбегендер айтышат. Алардыкына окшогон сөздөрдү аларга чейинкилер да айтышкан болучу. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшош. Биз ишенген адамдар үчүн Өз белгилерибизди баяндадык.

a. Мекке каапырлары b. Далилдерди

119 إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَا تُسْأَلُ عَنْ أَصْحَابِ الْجَحِيمِ

Биз сени акыйкаттык менен кабарды жеткизүүчү, эскертүүчү кылып жөнөттүк жана сен от ээлери жөнүндө суралбайсың.

a. Тозокко түшкөндөр

120 وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Иудейлер да, христиандар да, сен алардын динине ээрчимейинче ыраазы болушпайт. (Аларга): “Аллахтын жолу – акыйкат жол!” – деп айт. Эгер сага маалымат келген соң алардын көңүлдөрүн ээрчисең, анда сага Аллахтан тарапкер да, жардамчы да болбойт.

a. Вахий - кабар