бөлүм Бакара - البقرة

21 يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да жараткан Эгеңе сыйынгыла! Мүмкүн силер такыбаа болоорсуңар.

22 الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Ал (Аллах) силерге Жерди килем кылып төшөдү, а асманды куруп койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллахка шериктерди кошпогула.

23 وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Эгер силер Биздин пендебизге түшүрүлгөнгө шектенсеңер анда ошого окшош сүрөө келтирип бергилечи?! Эгер сөзүңөр чындык болсо Аллахтан башка өз күбөлөрүңөрдү чакыргыла.

a. Мухаммед (а.с)га b. Куран аяттарына c. Кудайларыңарды.

24 فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ

Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында, силер муну эч качан аткара албайсыңар. Отуну адамдар менен таштар болгон оттон (тозоктон) сактангыла! Ал каапырлар үчүн даярдалган.

a. Тозоктон.

25 وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا قَالُوا هَذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн бактар бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар: “Бул бизге мурун да берилген эле”, – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген. Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат.

a. Бейиш бакчалары. b. Жалган дүйнөдө деле ушундай жемиштерди жегенин эскерет. Бирок даамы окшобойт. c. Хур кыздары.

26 إِنَّ اللَّهَ لَا يَسْتَحْيِي أَنْ يَضْرِبَ مَثَلًا مَا بَعُوضَةً فَمَا فَوْقَهَا فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا فَيَقُولُونَ مَاذَا أَرَادَ اللَّهُ بِهَذَا مَثَلًا يُضِلُّ بِهِ كَثِيرًا وَيَهْدِي بِهِ كَثِيرًا وَمَا يُضِلُّ بِهِ إِلَّا الْفَاسِقِينَ

Чынында Аллах чиркей же андан чоңураак нерсени мисал келтирүүдөн уялбайт. Ыймандуулар мунун Аллахтан экендигине толук ишенишет. Ал эми каапырлар: “Бул мисал менен Аллах эмнени каалайт?” – деп айтышат. Ал (Аллах) муну менен көптөрүн адашууга жана көптөрүн туура жолго алып келет. Тек гана муну менен бузукуларды жолдон адаштырат.

a. Курандын

27 الَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ أُولَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

(Бузукулар) убадалашкандан кийин Аллах менен болгон келишимди бузгандар, Аллах бириктирүүнү буйурган нерсени үзгөндөр жана жер үстүндө бузуктукту жайылтуучулар, дал ушулар – зыянга учуроочулар.

28 كَيْفَ تَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَكُنْتُمْ أَمْوَاتًا فَأَحْيَاكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Силер Аллахка кантип ишенбейсиңер? Мурун силер өлүк элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тирилтет, анан силер Ага кайтарыласыңар.

29 هُوَ الَّذِي خَلَقَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ اسْتَوَى إِلَى السَّمَاءِ فَسَوَّاهُنَّ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Ал силерге Жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты, андан соң асманга максат кылды, аларды жети асман кылып орноштурду. Ал бардык нерселерди Билүүчү!

a. «Андан соң каалоосун асманга багыттады» (Сафват-Аттафаасир). «Өзүнүн каалоосунун негизинде асманга максат кылды» (Тафсир Ал-Байзавий). Ибну Аббас (р.а.) жана оболку Куранды чечмелөөчүлөрдүн көпчүлүгү: «Асманга көтөрүлдү...» деп айтышкан (Тафсир Ал-Багавий). «Истиваа – барабар болуу, түзөлүү, мисалы: «Тайак (жыгач) түздөлдү»-деп айтылат…» (Тафсир Ал-Насафий). «Жерди жараткан соң өзүнүн (Аллахтын) улуктугуна ылйык абалда…» (тафсир Ал-Жалалайн). Асманга максат кылды». «Истиваа – бул жерде максат кылуу, бет алуу маанисинде…» (Тафсир Ибну Касиир). Абу Жаъфар айткан: «Бул айаттын чечмелөөсүндө кайчы пикирлер бар». «Иставаа илас-Самаанын маанисин айрымдар: Ага бет алды деген» (Тафсир Ал-Табарий).

30 وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي جَاعِلٌ فِي الْأَرْضِ خَلِيفَةً قَالُوا أَتَجْعَلُ فِيهَا مَنْ يُفْسِدُ فِيهَا وَيَسْفِكُ الدِّمَاءَ وَنَحْنُ نُسَبِّحُ بِحَمْدِكَ وَنُقَدِّسُ لَكَ قَالَ إِنِّي أَعْلَمُ مَا لَا تَعْلَمُونَ

Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине: “Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”, – дешти. “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Аллах).

31 وَعَلَّمَ آدَمَ الْأَسْمَاءَ كُلَّهَا ثُمَّ عَرَضَهُمْ عَلَى الْمَلَائِكَةِ فَقَالَ أَنْبِئُونِي بِأَسْمَاءِ هَؤُلَاءِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп: “Мага булардын аттарын айтып бергилечи, эгер силер туура болсоңор”, - деди.

32 قَالُوا سُبْحَانَكَ لَا عِلْمَ لَنَا إِلَّا مَا عَلَّمْتَنَا إِنَّكَ أَنْتَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

Алар айтышты: “Сени аруулайбыз! Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Акыйкатта, Сен - Билүүчү жана Даанышмансың!”

33 قَالَ يَا آدَمُ أَنْبِئْهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ فَلَمَّا أَنْبَأَهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَأَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا كُنْتُمْ تَكْتُمُونَ

Ал (Аллах) айтты: “Эй, Адам, аларга булардын аттарын атап бер”. Аларга (Адам) аттарын айтып бергенде, Ал айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди, силер ашкере жана жашыруун жасагандарды да билемин” деп айтпадым беле?”

34 وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَى وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ

Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Алар Иблистен башкасы Адамга сежде кылышты. Ал (Иблис) баш тартып, менменсинди, ал каапырлардан болуп калды.

a. Таазим кылуу. b. Шайтандардын атасы, чоңу.

35 وَقُلْنَا يَا آدَمُ اسْكُنْ أَنْتَ وَزَوْجُكَ الْجَنَّةَ وَكُلَا مِنْهَا رَغَدًا حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَذِهِ الشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ الظَّالِمِينَ

Биз: “Эй, Адам, сен аялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан рахаттанып, эмнени кааласаңар жей бергиле, бирок бул даракка жакындабагыла! Анда (эгерде жакындасаңар) заалымдардан болосуңар”, -дедик.

36 فَأَزَلَّهُمَا الشَّيْطَانُ عَنْهَا فَأَخْرَجَهُمَا مِمَّا كَانَا فِيهِ وَقُلْنَا اهْبِطُوا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ وَلَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّ وَمَتَاعٌ إِلَى حِينٍ

Ошентип, шайтан аларды азгырды жана аларды орун алган жайынан чыгарды. Биз (аларга): “Бир-бириңерге душман болуп төмөн түшкүлө! Белгилүү бир убакытка чейин жер - силер үчүн мекен жана пайдалануу жайы болот”, -деп айттык.

37 فَتَلَقَّى آدَمُ مِنْ رَبِّهِ كَلِمَاتٍ فَتَابَ عَلَيْهِ إِنَّهُ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ

Адам өз Эгесинен сөздөрдү жолуктурду жана Ал анын тообосун кабылдады. Акыйкатта, Ал тооболорду Кабыл кылуучу жана Мээримдүү.

a. алды b. Адам атанын.

38 قُلْنَا اهْبِطُوا مِنْهَا جَمِيعًا فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنْ تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

“Бул жактан биргеликте түшкүлө! Эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да, кайгы-капа да болбойт”,- деп айттык.

39 وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Биздин аят-белгилерибизге ишенбегендер, ал жөнүндө жалган айткандар отту ээлөөчүлөр жана алар анда түбөлүккө калышат.

a. Тозокту

40 يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَوْفُوا بِعَهْدِي أُوفِ بِعَهْدِكُمْ وَإِيَّايَ فَارْهَبُونِ

Эй, Исраил урпактары! Мен силерге кылган жакшылыгымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды туура аткаргыла. Мен да силерге берген убадамды аткарайын. Менден гана сестенгиле!