бөлүм Бакара - البقرة

281 وَاتَّقُوا يَوْمًا تُرْجَعُونَ فِيهِ إِلَى اللَّهِ ثُمَّ تُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Аллахка кайтып келе турган Күндөн корккула (сактангыла). (Ал Күнү) ар бир жанга, ар бир кылган иши үчүн толук акысы берилип, аларга зулумдук кылынбайт.

a. Эч бир адамга b. адилетсиздик

282 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَدَايَنْتُمْ بِدَيْنٍ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى فَاكْتُبُوهُ وَلْيَكْتُبْ بَيْنَكُمْ كَاتِبٌ بِالْعَدْلِ وَلَا يَأْبَ كَاتِبٌ أَنْ يَكْتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ اللَّهُ فَلْيَكْتُبْ وَلْيُمْلِلِ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ وَلَا يَبْخَسْ مِنْهُ شَيْئًا فَإِنْ كَانَ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ سَفِيهًا أَوْ ضَعِيفًا أَوْ لَا يَسْتَطِيعُ أَنْ يُمِلَّ هُوَ فَلْيُمْلِلْ وَلِيُّهُ بِالْعَدْلِ وَاسْتَشْهِدُوا شَهِيدَيْنِ مِنْ رِجَالِكُمْ فَإِنْ لَمْ يَكُونَا رَجُلَيْنِ فَرَجُلٌ وَامْرَأَتَانِ مِمَّنْ تَرْضَوْنَ مِنَ الشُّهَدَاءِ أَنْ تَضِلَّ إِحْدَاهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَى وَلَا يَأْبَ الشُّهَدَاءُ إِذَا مَا دُعُوا وَلَا تَسْأَمُوا أَنْ تَكْتُبُوهُ صَغِيرًا أَوْ كَبِيرًا إِلَى أَجَلِهِ ذَلِكُمْ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ وَأَقْوَمُ لِلشَّهَادَةِ وَأَدْنَى أَلَّا تَرْتَابُوا إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً حَاضِرَةً تُدِيرُونَهَا بَيْنَكُمْ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَلَّا تَكْتُبُوهَا وَأَشْهِدُوا إِذَا تَبَايَعْتُمْ وَلَا يُضَارَّ كَاتِبٌ وَلَا شَهِيدٌ وَإِنْ تَفْعَلُوا فَإِنَّهُ فُسُوقٌ بِكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمُ اللَّهُ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Аллахтын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Аллахтан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин. Эгер карыз (киши) акылсыз, алсыз, же ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын. (Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Аллахтын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок. Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө. Катчы да, күбө да зыянга учурабасын. Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Аллахтан корккула. Ошондуктан Аллах силерге үйрөттү. Аллах – бардык нерсени Билүүчү.

a. Абдурахман ибн Наасир Ал-Саьдийдин “Тайсир ал-Карим Ар-Рахман фи Калам Ал-Маннан” аттуу тафсир китебинде бирөөгө карыз берүүдөн мурда элүү шарт аткарылуусу берилген. b. Курандагы шарият эрежесин бузбастан c. Айтып берип жаткан адам айткан сандардын ордуна башка сандарды жазбасын d. Балагатка жетелек жаш бала e. Маселен, атасы, атасынын жана өзүнүн бир туугандары f. күбө катары катышсын g. Суракка келүүдөн жана чындыкты айтуудан h. күбө менен катчыга зыян кылынса i. Иштериңердин эрежесин

283 وَإِنْ كُنْتُمْ عَلَى سَفَرٍ وَلَمْ تَجِدُوا كَاتِبًا فَرِهَانٌ مَقْبُوضَةٌ فَإِنْ أَمِنَ بَعْضُكُمْ بَعْضًا فَلْيُؤَدِّ الَّذِي اؤْتُمِنَ أَمَانَتَهُ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ وَلَا تَكْتُمُوا الشَّهَادَةَ وَمَنْ يَكْتُمْهَا فَإِنَّهُ آثِمٌ قَلْبُهُ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ

Эгер сапарда болуп, катчы таба албасаңар, андай учурда күрөө алынат. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер ишенилген тарап аманатын тапшырсын. Ошону менен бирге Эгеси болгон Аллахтан корксун. Күбөлүктү (көргөнүңөрдү) жашырбагыла. Ким аны жашырса, жүрөгү күнөөкөр (болот). Аллах – силердин жасаганыңарды Билүүчү!

a. Өз учурунда, кемитпестен, алмаштырып койбостон b. Карыз берген да, алган да

284 لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَإِنْ تُبْدُوا مَا فِي أَنْفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُمْ بِهِ اللَّهُ فَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллахка таандык. Силер көңүлүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ашкере кылсаңар да, Аллах ал тууралуу силерден (баары бир) сурак алат. Ал кимди кааласа кечирип, кимди кааласа азаптайт. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү!

285 آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ

Элчи менен момундар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Баарысы Аллахка, Анын периштелерине, Анын Китептерине, Анын элчилерине ишеништи. Алар: “Анын элчилеринин эч кимисин биз бөлбөйбүз”, “угуп, моюн сундук”, –дешти. Оо Эгем, Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сага гана кайтып барабыз.

a. Куранга b. Бирине ишенип, бирине ишенбей

286 لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ

Аллах ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт. (Ар бир жандын) жасаган жакшылыгы – өз пайдасына, ал эми жамандыгы – өз зыйанына. “Оо Эгем, эгер унутуп, же жаңылып калсак бизди азаптай көрбө! Оо Эгем, бизге мурункуларга жүктөгөнүңдөй оор жүк жүктөй көрбө! Оо Эгем, бизге күчүбүз жетпегенди жүктөбө! Бизди (Оттон) куткар! Бизди кечир! Бизге ырайым кыла көр! Сен – биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!

a. Милдет, жоопкерчилик, b. Каапыр коомдордун үстүнөн жеңишке жетүү үчүн бизге жардам бер!