бөлүм Бакара - البقرة

141 تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُمْ مَا كَسَبْتُمْ وَلَا تُسْأَلُونَ عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, силерге өзүңөр жасаган иштериңер (таандык). Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.

142 سَيَقُولُ السُّفَهَاءُ مِنَ النَّاسِ مَا وَلَّاهُمْ عَنْ قِبْلَتِهِمُ الَّتِي كَانُوا عَلَيْهَا قُلْ لِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Адамдардын кээ бир наадандары: «Алар жүз буруп келген Кыбыласын эмне үчүн таштап койушту?» – деп айтышат. Аларга: «Чыгыш да, Батыш да Аллахка таандык. Ал каалаганын туура жолго салат», – деп айткын.

a. Башка кыблага карап калышты b. Эй, Мухаммед!

143 وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا وَمَا جَعَلْنَا الْقِبْلَةَ الَّتِي كُنْتَ عَلَيْهَا إِلَّا لِنَعْلَمَ مَنْ يَتَّبِعُ الرَّسُولَ مِمَّنْ يَنْقَلِبُ عَلَى عَقِبَيْهِ وَإِنْ كَانَتْ لَكَبِيرَةً إِلَّا عَلَى الَّذِينَ هَدَى اللَّهُ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِيعَ إِيمَانَكُمْ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ

Силер (башка) адамдарга күбө болууңар жана пайгамбар силерге күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо үммөт кылдык. Артка жүз буруп кеткендердин кимиси пайгамбарды ээрчирин билүүбүз үчүн силердин Кыбылаңарды Биз өзгөрттүк. Бул – Аллах оң жолго баштагандардан башкаларына абдан оор (сезилет). Аллах силердин ыйманыңарды жок кылбайт. Чындыгында, Аллах адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!

a. Мухаммед (а.с.) b. Өтө аша чаппаган, мыкты. c. Эл, тайпа, коом, жамаат…

144 قَدْ نَرَى تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاءِ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ وَإِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ

Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрүп турабыз. Ошондуктан өзүң ыраазы болгон Кыбылага аны алмаштырабыз. Эми жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Кайсыл жерде болсоңор да, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Чындыгында, китеп берилгендер негизинен Кыбыланын алмашуусун – Эгеңден келген бир чындык экендигин билишет. Аллах алардын иш-амалдарынан кабарсыз эмес.

a. Мекке шаарында. b. кайдыгер эмес

145 وَلَئِنْ أَتَيْتَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ بِكُلِّ آيَةٍ مَا تَبِعُوا قِبْلَتَكَ وَمَا أَنْتَ بِتَابِعٍ قِبْلَتَهُمْ وَمَا بَعْضُهُمْ بِتَابِعٍ قِبْلَةَ بَعْضٍ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ إِنَّكَ إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ

Китеп ээлерине ар кандай кереметтерди көрсөтсөң да, алар сенин Кыбылаңа жүз бурушпайт. Сен да алардын Кыбыласына жүз бурбайсың. Алардын айрымдары башкаларынын Кыбыласына да жүз бурушпайт.Сага ачык кабар келген соң, сен алардын каалоосун ээрчисең, албетте, анык заалымдардан (болосуң).

a. Б.а. бир динде болуп туруп, ар кимиси ар кыл кыбыланы карманышат. b. Өз напсине заалымдык кылуучу

146 الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَعْرِفُونَهُ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَاءَهُمْ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنْهُمْ لَيَكْتُمُونَ الْحَقَّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ

Биз китеп бергендер аны өз уулдарын тааныгандай эле таанышат. Анткени алардын бир бөлүгү Чындыкты билип туруп жашырышат.

a. Куранды b. айрым аалымдарыдан

147 الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُمْتَرِينَ

Акыйкаттык бул – сенин Эгеңден (гана). Ошондуктан эч качан шектенгендерден болбо.

a. Курандын Аллахтан экендигинен

148 وَلِكُلٍّ وِجْهَةٌ هُوَ مُوَلِّيهَا فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ أَيْنَ مَا تَكُونُوا يَأْتِ بِكُمُ اللَّهُ جَمِيعًا إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Ар кимдин өзүнүн бурулуучу тарабы бар. Жакшылыкта жарышкыла. Кайда болсоңор да Аллах баарыңарды чогултат. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.

a. Кыбыласы. Маселен христиандардын өзүнчө. b. Дин амалдарын аткарууда, Аллахка жагуу үчүн. c. Кыямат Күнү Махшар майданына

149 وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَإِنَّهُ لَلْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

Сен кай тараптан чыксаң да жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Анткени бул – Эгеңден (келген) Акыйкат. Аллах силердин амалыңардан кабарсыз эмес.

a. Кайдыгер эмес

150 وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيْكُمْ حُجَّةٌ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي وَلِأُتِمَّ نِعْمَتِي عَلَيْكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

Сен кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Адамдардын арасындагы заалымдардан башкалары силерге каршы далил келтире албашы үчүн кайсыл тарапта болсоңор да, жүзүңөрдү ал тарапка бургула. Силерге жакшылыктарымды толук берүүм жана туура жолдо болууңар үчүн алардан коркпогула, Менден (гана) корккула! Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.

151 كَمَا أَرْسَلْنَا فِيكُمْ رَسُولًا مِنْكُمْ يَتْلُو عَلَيْكُمْ آيَاتِنَا وَيُزَكِّيكُمْ وَيُعَلِّمُكُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُعَلِّمُكُمْ مَا لَمْ تَكُونُوا تَعْلَمُونَ

Биздин аяттарыбызды окуп, силерди (күнөөдөн) тазалай турган, Китеп менен даанышмандыкты, силер мурда билбеген нерселерди үйрөтө турган бир элчини силердин араңардан жибердик.

a. Куран b. Мухаммедди (а.с.)

152 فَاذْكُرُونِي أَذْكُرْكُمْ وَاشْكُرُوا لِي وَلَا تَكْفُرُونِ

Мени эстегиле, (ошондо) Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла. Мага каапырдык кылбагыла.

a. Ибадат кылгыла b. Кыйын күндөрдө жардам берем, оор абалдан абийирдүү алып чыгам… c. Менин жакшылыктарымды чанбай, ибадатыңар аркылуу ыраазылык билдиргиле d. Менин аяттарымды чанбагыла, Менин жакшылыктарымды танбагыла, Мага шүгүр келтиргиле.

153 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ

Эй, Ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге.

a. Менден б.а. Аллах Тааладан

154 وَلَا تَقُولُوا لِمَنْ يُقْتَلُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمْوَاتٌ بَلْ أَحْيَاءٌ وَلَكِنْ لَا تَشْعُرُونَ

Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдү «өлүктөр» деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер.

a. Шейит кеткендерди

155 وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنْفُسِ وَالثَّمَرَاتِ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ

Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!

a. кыйынчылык, балээ, кырсык ж.б.у.с. b. Мис. жакындардын жанын алуу менен c. Жогоруда аталган Аллахтын сыноолорун сабыр менен жеңгендерге

156 الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Аларга кайгы-балээ келгенде алар: «Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» - деп айтышат.

157 أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ

Аларга Эгесинен ырайым, ыраазылык (бар) жана алар туура жолдогулар.

158 إِنَّ الصَّفَا وَالْمَرْوَةَ مِنْ شَعَائِرِ اللَّهِ فَمَنْ حَجَّ الْبَيْتَ أَوِ اعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَنْ يَطَّوَّفَ بِهِمَا وَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ اللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ

Сафа менен Марва – Аллахтын белгилеринен. Кимде-ким үйгө ажылыкка келип, же зыярат кылса, ага экөөнү (тең) айланууда күнөө жок. Кимде-ким напилди кошсо, бул да жакшы. Анткени Аллах – шүгүрчүлүктү кабыл кылуучу, Билүүчү.

a. Сафа менен Марва – Ажар эне чуркаган Меккедеги эки дөңсөөнүн аты. (Пайгамбарлар тарыхын караңыз) b. Меккедеги Аллахтын үйүнө c. Бул жерде парз ажылык тууралуу сөз болууда d. Бул жерде кичи ажылык, тагыраак айтканда умра тууралуу сөз болууда e. Сафаны жана Марваны

159 إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُولَئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ

Чындыгында, Биз ачык-айкын өкүмдөрдү жана туура жолду Китепте адамдарга баян кылынгандан кийин, аны жашыргандарга Аллах наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да аларды каргашат.

a. Куранда b. периштелер

160 إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَبَيَّنُوا فَأُولَئِكَ أَتُوبُ عَلَيْهِمْ وَأَنَا التَّوَّابُ الرَّحِيمُ

Бирок тообо кылып, абалдарын оңдогондордун жана (Чындыкты) баян кылгандардын күнөөлөрүн кечиремин. Жана Мен – Тооболорду кабыл кылуучу Мээримдүүмүн.

a. Курандагы чындыкты