бөлүм Бакара - البقرة

1 الم

Алиф, лам, мим.

a. Бул аяттын мааниси жалгыз Жаратканга гана маалым.

2 ذَلِكَ الْكِتَابُ لَا رَيْبَ فِيهِ هُدًى لِلْمُتَّقِينَ

Бул эч шексиз китеп. Ал такыбалар үчүн туура жолду көргөзүүчү.

a. Куран. b. Такыбалар – Кудайдан коркон, тили, колу же жүрөгү менен жамандык кылбагандар .

3 الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ

Алар кайыпка ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарп кылышат.

a. Такыбалар. b. Кайра тирилүү, Бейиш. c. Аллах жолуна.

4 وَالَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ وَبِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

Алар сага түшүрүлгөнгө да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө да, Акырет күнүнө да ишенишет.

a. Ыйык Куранга. b. Сенден мурун Торат менен Инжилде убадаланган, пайгамбарлардын тилинде байандалган Куран (Тафсир Ал-Багавий). c. Кыямат күнү.

5 أُولَئِكَ عَلَى هُدًى مِنْ رَبِّهِمْ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Алар өздөрүнүн Эгесинин туура жолунда. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр!

a. Алардын сыйлыгы Бейиш болот.

6 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَأَنْذَرْتَهُمْ أَمْ لَمْ تُنْذِرْهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Чындыгында, каапырларга эскертесиңби, же эскертпейсиңби, баары бир – алар ишенишпейт.

a. Динге чакыруу.

7 خَتَمَ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ وَعَلَى سَمْعِهِمْ وَعَلَى أَبْصَارِهِمْ غِشَاوَةٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Аллах алардын жүрөгүн жана кулагын мөөрлөп бекитип салган, көздөрүнө парда тарткан. Аларга улуу азап бар.

8 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ

Элдердин арасында кээ бирөөлөр: “Биз Аллахка жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт.

a. Эки жүздүүлөр - мунафыктар.

9 يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

Алар Аллахны жана ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок алар өздөрүн гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт.

10 فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمُ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ

Алардын жүрөгүндө оору (бар). Аллах алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга оорутуучу азап бар.

a. Шек, рия - мактаныч, эки жүздүүлүк.

11 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ

Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузуктукту жайылтпагыла”,- деп айтылса, алар: “Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз”, – дешет.

12 أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لَا يَشْعُرُونَ

Оо, дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок аны алар сезишпейт.

13 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ السُّفَهَاءُ وَلَكِنْ لَا يَعْلَمُونَ

Аларга: “Башкалар ишенгендей эле ишенгиле!” – деп айтылса, “Биз эмне, кем акылдар ишенгендей ишенебизби?”, – дешет. Аныгында алар өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт.

14 وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَى شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ

Алар ыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”, – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда: “Биз силер мененбиз, тиякта болгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет.

a. Аллахка.

15 اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ

Аллах аларды шылдыңдайт. Алардын адашууларын андан бетер арбытат.

a. Алардын шылдыңынын жазасын берет.

16 أُولَئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَى فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ

Булар адашууну туура жолго сатып алгандар. Алардын соодасы кирешесиз болду жана алар туура жолдо болбоочулар.

a. Туура жолду берип, адашууну алгандар.

17 مَثَلُهُمْ كَمَثَلِ الَّذِي اسْتَوْقَدَ نَارًا فَلَمَّا أَضَاءَتْ مَا حَوْلَهُ ذَهَبَ اللَّهُ بِنُورِهِمْ وَتَرَكَهُمْ فِي ظُلُمَاتٍ لَا يُبْصِرُونَ

Алар от жаккан бирөөнө окшойт: Качан (от) айлананы жарык кылган кезде Аллах анын нурун алып салды жана ал көөдөй караңгылыкта көрө албай калды.

18 صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَرْجِعُونَ

(Булар) дүлөй, дудук, сокур жана алар туура жолго кайтышпайт.

19 أَوْ كَصَيِّبٍ مِنَ السَّمَاءِ فِيهِ ظُلُمَاتٌ وَرَعْدٌ وَبَرْقٌ يَجْعَلُونَ أَصَابِعَهُمْ فِي آذَانِهِمْ مِنَ الصَّوَاعِقِ حَذَرَ الْمَوْتِ وَاللَّهُ مُحِيطٌ بِالْكَافِرِينَ

(Алар) же асмандагы жамгырлуу булут өңдүү: Анда түнөргөн караңгылык, күн күркүрөө жана чагылган (бар), алар өлүмдөн коркуп манжаларын кулактарына тыгып алышат. Бирок, Аллах каапырларды курчап алган!

a. Кудайга жана Анын жазасына ишенбегендердин ал-абалы да дал ушундай.

20 يَكَادُ الْبَرْقُ يَخْطَفُ أَبْصَارَهُمْ كُلَّمَا أَضَاءَ لَهُمْ مَشَوْا فِيهِ وَإِذَا أَظْلَمَ عَلَيْهِمْ قَامُوا وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَذَهَبَ بِسَمْعِهِمْ وَأَبْصَارِهِمْ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Чагылган алардын көрүүсүн (көзүн) алып кетүүгө дапдаяр: Качан “жарк” дей түшкөндө алар басып жөнөшөт, караңгыласа туруп калышат. Эгерде Аллах кааласа аларды дүлөй жана сокур кылып коймок. Акыйкатта, Аллах бардыгына кудурети жетүүчү!