бөлүм Бакара - البقرة

181 فَمَنْ بَدَّلَهُ بَعْدَمَا سَمِعَهُ فَإِنَّمَا إِثْمُهُ عَلَى الَّذِينَ يُبَدِّلُونَهُ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Ким осуятты уккандан кийин өзгөртсө, анда күнөө – өзгөртүүчүдө болот. Чындыгында Аллах – (баарын) Угуучу, (баарын) Билүүчү.

a. Өзүнүн напсине ылайыктап өзгөртүп, милдеттенмени аткаруудан качса

182 فَمَنْ خَافَ مِنْ مُوصٍ جَنَفًا أَوْ إِثْمًا فَأَصْلَحَ بَيْنَهُمْ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Ким осуят кылуучунун каталык, же күнөө ишинен коркуп, аны менен мурас алуучулардын ортосун оңдоп койсо, анын күнөөсү болбойт. Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!

a. Көзү өткөн адамдын мурастарын бөлүштүрүүдөгү катачылыктарды шарыйатка ылайыктап оңдоп койсо

183 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн.

184 أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы.

a. Б.а. орозодон кийин болсо да башка күндөрдө орозону сөзсүз тутуу буйрулду b. Маселен, катуу оорудан улам, же карылыктан c. Кайыр садаканы көбүрөөк берип

185 شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَى مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Аллахны улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.

a. Орозонун тутулбай калган күндөрүнүн санын

186 وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ

Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар,» (–дегин).

a. Мен аларга ар дайым b. Качан да болсо, ар дайым c. Тилек тилеп, бир нерсе сурап дуба кылышса d. Буйруктарымды аткарышсын!

187 أُحِلَّ لَكُمْ لَيْلَةَ الصِّيَامِ الرَّفَثُ إِلَى نِسَائِكُمْ هُنَّ لِبَاسٌ لَكُمْ وَأَنْتُمْ لِبَاسٌ لَهُنَّ عَلِمَ اللَّهُ أَنَّكُمْ كُنْتُمْ تَخْتَانُونَ أَنْفُسَكُمْ فَتَابَ عَلَيْكُمْ وَعَفَا عَنْكُمْ فَالْآنَ بَاشِرُوهُنَّ وَابْتَغُوا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الْأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الْأَسْوَدِ مِنَ الْفَجْرِ ثُمَّ أَتِمُّوا الصِّيَامَ إِلَى اللَّيْلِ وَلَا تُبَاشِرُوهُنَّ وَأَنْتُمْ عَاكِفُونَ فِي الْمَسَاجِدِ تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ فَلَا تَقْرَبُوهَا كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Силерге орозо түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Аллах силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тообоңорду кабыл кылып, кечирди. Эми аларга жакындай бергиле, Аллах силерге насип кылган нерсени тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Мечиттерде туруп калсаңар, олтурсаңар, алар (аялыңар) менен кошулбагыла! Булар – Аллахтын чектери. Ага жакындабагыла! Аллах Өз белгилерин ушундай баяндайт, балким алар такыба болушар.

a. Жакындоого уруксат берилди. b. Аялдарыңар c. Бири бириңе муктажсыңар d. Аялдарыңарга e. Уул-кызды f. Иьтикаф-өзүн чектеп олтуруп мечиттен чыкпай жасалуучу ибадат

188 وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ وَتُدْلُوا بِهَا إِلَى الْحُكَّامِ لِتَأْكُلُوا فَرِيقًا مِنْ أَمْوَالِ النَّاسِ بِالْإِثْمِ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жешиңер үчүн акимдерге алып барбагыла!

a. бири-бириңердин акыңарды пара берип, пара алып, арамдан жебегиле b. Пара берип, маселе чечиш үчүн c. сот, прокурор, чоңдор, башчылар, жетекчилер, акимдер, өкмөт мүчөлөрү, президент… сыяктууларга

189 يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَهِلَّةِ قُلْ هِيَ مَوَاقِيتُ لِلنَّاسِ وَالْحَجِّ وَلَيْسَ الْبِرُّ بِأَنْ تَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ ظُهُورِهَا وَلَكِنَّ الْبِرَّ مَنِ اتَّقَى وَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ أَبْوَابِهَا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Алар сенден жаңы туулган ай тууралуу сурашат. «Ал – адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөмү», – дегин. үйлөргө артынан кирүүңөр – жакшылык эмес. Ким такыба болсо ошол жакшылык. Ошондуктан үйлөрүңөргө эшигинен киргиле жана Аллахтан корккула. Балким кутулаарсыңар!

a. Эй, Мухаммед! b. Ислам келгенге чейинки караңгы (жаахилия) доордо кээ бир ажылар адылыктан келген соң үйлөрүнүн эшигинен эмес, артынан киришкен c. Тозоктон

190 وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ

Силер согуш ачкандар менен Аллах жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт.

a. Куранда белгиленген чектерден

191 وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ وَالْفِتْنَةُ أَشَدُّ مِنَ الْقَتْلِ وَلَا تُقَاتِلُوهُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ حَتَّى يُقَاتِلُوكُمْ فِيهِ فَإِنْ قَاتَلُوكُمْ فَاقْتُلُوهُمْ كَذَلِكَ جَزَاءُ الْكَافِرِينَ

Аларды кайсыл жерде тапсаңар, ошол жерде өлтүргүлө. Силерди алар жайдан (Меккеден) кандай чыгарган(болсо), силер да аларды кууп чыккыла. Бузукулук – адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар өздөрү баштап Харам Мечитинин жанында согуш ачмайынча силер да ал жерде алар менен согушпагыла! Эгер алар согушса, силер да аларды өлтүргүлө. Каапырлардын жазасы – мына ушундай.

a. Мусулмандарга, силерге каршы согушуп жаткан каапырларды b. көрсөңөр c. Мекениңерден d. Жалган айтып бүлгүн салуу, тополоң чыгаруу

192 فَإِنِ انْتَهَوْا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Эгер алар бузукулуктарын тыйышса, албетте, Аллах – Ырайымдуу, Боорукер.

193 وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّى لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ لِلَّهِ فَإِنِ انْتَهَوْا فَلَا عُدْوَانَ إِلَّا عَلَى الظَّالِمِينَ

Бузукулук токтоп, дин толугу менен Аллахка таандык болгонго чейин алар менен согуша бергиле! Эгер алар тыйылышса, анда душмандык жок. Душмандык – заалымдарга гана.

a. Ислам дини дүйнө жүзүнө толук орногонго чейин b. Заалымдар менен гана душмандашуу, согушуу туура.

194 الشَّهْرُ الْحَرَامُ بِالشَّهْرِ الْحَرَامِ وَالْحُرُمَاتُ قِصَاصٌ فَمَنِ اعْتَدَى عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُوا عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَى عَلَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ

Ыйык айга – Ыйык ай.Ыйыктарда деле өч алуу бар. Ким силерге кол салса, силер да сокку ургула, бирок Аллахтан корккула! Аллах –такыбалар менен бирге.

a. Шариатта согушууга тыйу салынган айлардын ортосунда бири-бирин өзгөчөлөгөн эч кандай айырма жок b. Алар ыйык айда согушса, силер да согуша бергиле. c. Согуш тыюу салынган Ыйык айлар. d. Аллахтан коркуучулар

195 وَأَنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا تُلْقُوا بِأَيْدِيكُمْ إِلَى التَّهْلُكَةِ وَأَحْسِنُوا إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

Аллах жолунда (мал-мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен Отко таштабагыла. Чындыгында, Аллах – жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт.

a. Берешендик, кол ачыктык, кең пейилдик

196 وَأَتِمُّوا الْحَجَّ وَالْعُمْرَةَ لِلَّهِ فَإِنْ أُحْصِرْتُمْ فَمَا اسْتَيْسَرَ مِنَ الْهَدْيِ وَلَا تَحْلِقُوا رُءُوسَكُمْ حَتَّى يَبْلُغَ الْهَدْيُ مَحِلَّهُ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ بِهِ أَذًى مِنْ رَأْسِهِ فَفِدْيَةٌ مِنْ صِيَامٍ أَوْ صَدَقَةٍ أَوْ نُسُكٍ فَإِذَا أَمِنْتُمْ فَمَنْ تَمَتَّعَ بِالْعُمْرَةِ إِلَى الْحَجِّ فَمَا اسْتَيْسَرَ مِنَ الْهَدْيِ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ فِي الْحَجِّ وَسَبْعَةٍ إِذَا رَجَعْتُمْ تِلْكَ عَشَرَةٌ كَامِلَةٌ ذَلِكَ لِمَنْ لَمْ يَكُنْ أَهْلُهُ حَاضِرِي الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Ажылыкты жана Умраны Аллах үчүн (толук) аткаргыла. Эгер жолдо тосулсаңар курмандыктын өзүңөргө жеңилин (кой) жөнөткүлө. (Ал) курмандык белгиленген жерге жеткенге чейин чачыңарды алдырбагыла. Эгер силерден бирөө оору болсо, же башында дарты болсо, анда (үч күн) орозо тутуу , же садака берүү, же курбандык чалуу (бир кой) менен акы төлөсүн. Качан коопсуз болгонуңарда, ким умраны ажылыкка чейин аткарган болсо, жеңил курмандык чалат. Ким (курмандык) таба албаса ажылыкта үч күн, эгер кайтсаңар жети күн – ошентип толук он (күн) болот. Бул (шарт) – үйү Харам Мечитинин жанында болбогондор үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле: Чындыгында, Аллахтын азабы катуу.

a. Кичи ажылык b. Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн c. Ажылыкка бараткан жолдо тоскоолдуктар пайда болсо d. Харам Мечитине e. башыңардагы чачыңарды f. алты кедейге g. Бараткан жолдогу тоскоолдук жойулуп коопсуз абал түзүлгөн соң, Меккеге келип h. Эгер умра-ажылыкты парз-ажылыктан мурда аткарып, ихрамдан чыгып, анан кайра парз-ажылыкка ихрам байланган болсо i. аман-эсен үйүңөргө келген соң j. орозо тутсун

197 الْحَجُّ أَشْهُرٌ مَعْلُومَاتٌ فَمَنْ فَرَضَ فِيهِنَّ الْحَجَّ فَلَا رَفَثَ وَلَا فُسُوقَ وَلَا جِدَالَ فِي الْحَجِّ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ يَعْلَمْهُ اللَّهُ وَتَزَوَّدُوا فَإِنَّ خَيْرَ الزَّادِ التَّقْوَى وَاتَّقُونِ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ

Ажылык (бул) – белгилүү айлар. Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу, күнөө кылуу, талашып-тартышуу(га болбойт). Эй, акыл ээлери! Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Аллах аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери!

a. Белгилүү айларда гана аткарылат b. ажылык учурунда никелүү аялына да кошулууга болбойт c. Сапарга аттанган ар бир адам күл азыгын камдагандай эле, силер да Акыретте сөзсүз кереги тийүүчү азык-соопторуңарды азыртан камдагыла!. Акыреттин азаптуу узак жолуна кур кол чыкпагыла!…

198 لَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَبْتَغُوا فَضْلًا مِنْ رَبِّكُمْ فَإِذَا أَفَضْتُمْ مِنْ عَرَفَاتٍ فَاذْكُرُوا اللَّهَ عِنْدَ الْمَشْعَرِ الْحَرَامِ وَاذْكُرُوهُ كَمَا هَدَاكُمْ وَإِنْ كُنْتُمْ مِنْ قَبْلِهِ لَمِنَ الضَّالِّينَ

Силер Эгеңдин ырайымын көздөгөн болсоңор, силерге күнөө болбойт. Качан Арафаттан кайтсаңар Машар-ьул-Харамда Аллахны эстегиле. (Анткени) Ал силерди туура жолго чыгарды. Силер андан мурда адашкандардан болчусуңар.

a. Күндөлүк зарылдыктарыңарды канааттандыруу үчүн бираз соода-сатык кылсаңар b. Мекке шаарына жакын өрөөн. Ал жерде туруу ажылыктын бир парзы. c. Муздалифанын аяк жагында жайгашкан тоо. d. зикир кылгыла, алкагыла, даңктагыла

199 ثُمَّ أَفِيضُوا مِنْ حَيْثُ أَفَاضَ النَّاسُ وَاسْتَغْفِرُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Андан кийин элдер (ажылар) кайткан жерден (Арафаттан) кайткыла да, Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында, Аллах – Боорукер, Мээримдүү.

200 فَإِذَا قَضَيْتُمْ مَنَاسِكَكُمْ فَاذْكُرُوا اللَّهَ كَذِكْرِكُمْ آبَاءَكُمْ أَوْ أَشَدَّ ذِكْرًا فَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا وَمَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ

Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөр Аллахны атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын арасынан кээ бирөө: “О Эгем, бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!” - деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат.

a. ажылардан b. гана жакшылык