бөлүм Бакара - البقرة

61 وَإِذْ قُلْتُمْ يَا مُوسَى لَنْ نَصْبِرَ عَلَى طَعَامٍ وَاحِدٍ فَادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُخْرِجْ لَنَا مِمَّا تُنْبِتُ الْأَرْضُ مِنْ بَقْلِهَا وَقِثَّائِهَا وَفُومِهَا وَعَدَسِهَا وَبَصَلِهَا قَالَ أَتَسْتَبْدِلُونَ الَّذِي هُوَ أَدْنَى بِالَّذِي هُوَ خَيْرٌ اهْبِطُوا مِصْرًا فَإِنَّ لَكُمْ مَا سَأَلْتُمْ وَضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ وَالْمَسْكَنَةُ وَبَاءُوا بِغَضَبٍ مِنَ اللَّهِ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانُوا يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَيَقْتُلُونَ النَّبِيِّينَ بِغَيْرِ الْحَقِّ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ

Силер айттыңар: “Ээ, Муса! Биз бир түрдүү тамакка чыдабайбыз. Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, жерге өскөн жашылча өсүмдүктөрдөн: бадыраң, сарымсак, буурчак жана пияз берсин”. Ал (Муса) айтты: “Силер чындап эле жакшыны төмөн нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы? Шаарга түшкүлө, ал жерден сураганыңарды табасыңар.” Ошентип, аларга кордук, кедейлик ташталды жана алар Аллахтын каарына калышты. Бул алардын Аллахтын аят-кабарларына ишенбегендиги жана пайгамбарларды адилетсиз өлтүргөндүктөрүнөн. Бул алардын баш ийбегендиги жана чектен ашкандыктарынан болду.

62 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالنَّصَارَى وَالصَّابِئِينَ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَعَمِلَ صَالِحًا فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Акыйкатта, ыйманга келгендер, иудийлер, христиандар, сабилер Аллахка жана Кыямат Күнүнө ишенишсе жана жакшылык иш кылышса, аларга Эгеси тарабынан сыйлык бар, аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт.

a. Иудейлердин, же христиандардын бир тайпасы

63 وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ وَرَفَعْنَا فَوْقَكُمُ الطُّورَ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاذْكُرُوا مَا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Биз силер менен келишим түздүк жана силердин үстүңөргө тоону көтөрдүк. Биз силерге тартуулаганды бекем кармагыла. Андагы нерселерди бекем эске туткула, мүмкүн силер такыба болорсуңар.

a. Бул келишим боюнча алар өздөрүнүн Эгесинин бардык эреже, буйруктарын аткарууга тийиш болушкан. b. Тур тоосу, б. а. Синай тоосу. Азирети Муса пайгамбар Аллахтан кабар-буйруктарды ошол Тур тоосунда туруп элине алып келген, ал эми Мусанын коому ошол тоонун түбүндө жашап турушкан.

64 ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ فَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَكُنْتُمْ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Андан соң силер баш тарттыңар, эгер Аллахтын жакшылыгы жана мээримдүүлүгү болбогондо силер зыян тартуучулардан болмоксуңар.

65 وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ الَّذِينَ اعْتَدَوْا مِنْكُمْ فِي السَّبْتِ فَقُلْنَا لَهُمْ كُونُوا قِرَدَةً خَاسِئِينَ

Силердин араңардагы ишемби күндү бузгандарды билесиңер; Биз аларды: “Кор болгон маймылдарга айлангыла!”, – дедик

a. Иудейлердин мыйзамы боюнча ал күнү эч кандай жумуш кылбай, аң улоого да барбай, күндү жалаң гана Кудайга сыйынуу менен өткөрүүгө тийиш болушкан. Тигилер аны бузушкан. b. Алар маймылдарга айлантылып салынган.

66 فَجَعَلْنَاهَا نَكَالًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهَا وَمَا خَلْفَهَا وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ

жана Биз муну ошол убакыттагы адамдар үчүн, келечек муундар үчүн жана такыбаларга үлгү-насаат (болсун үчүн) кылдык.

67 وَإِذْ قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تَذْبَحُوا بَقَرَةً قَالُوا أَتَتَّخِذُنَا هُزُوًا قَالَ أَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْجَاهِلِينَ

Муса өзүнүн элине: “Аллах силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар: “Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”, – дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоону Аллахтан сурайм”, – деди.

68 قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا هِيَ قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ لَا فَارِضٌ وَلَا بِكْرٌ عَوَانٌ بَيْنَ ذَلِكَ فَافْعَلُوا مَا تُؤْمَرُونَ

Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе кайрыл (Жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”. Ал айтты: “Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! –деди (Муса).

a. Алардын Эгеси эмес, жеке гана Мусаныкы өңдүү кайрылышканы байкалууда.

69 قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا لَوْنُهَا قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ صَفْرَاءُ فَاقِعٌ لَوْنُهَا تَسُرُّ النَّاظِرِينَ

Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”,- дешти. (Муса) айтты: ”Аллахтын айтканына карганда: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун”.

70 قَالُوا ادْعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّنْ لَنَا مَا هِيَ إِنَّ الْبَقَرَ تَشَابَهَ عَلَيْنَا وَإِنَّا إِنْ شَاءَ اللَّهُ لَمُهْتَدُونَ

Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Аллах кааласа биз туура жолдо болобуз”,- дешти.

71 قَالَ إِنَّهُ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٌ لَا ذَلُولٌ تُثِيرُ الْأَرْضَ وَلَا تَسْقِي الْحَرْثَ مُسَلَّمَةٌ لَا شِيَةَ فِيهَا قَالُوا الْآنَ جِئْتَ بِالْحَقِّ فَذَبَحُوهَا وَمَا كَادُوا يَفْعَلُونَ

(Муса) айтты: “Аллахтын буйругунда: Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган, айыбы жок, өз өңүнөн башка өңү болбогон болсун!” Алар: “Мына азыр сен чындыкты айттың”,- дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту.

a. Аны менен суу ташылбаган. Ошол доордо уйга артып суу ташып келип жер сугарган учурлар болгон b. Кемчилиги жок (мисалы:кулагы кесилбеген, таноосу жырылбаган, жоору жок ж.б. айыбы жок уй). c. Буга чейин Муса калп айтып жаткан өңдүү мамиле кылгандары байкалууда. d. Эгерде алар буйрук келер менен белгилерин сураштырып отурбай эле бир уйду сойгондо мынчалык убара болушпас эле.

72 وَإِذْ قَتَلْتُمْ نَفْسًا فَادَّارَأْتُمْ فِيهَا وَاللَّهُ مُخْرِجٌ مَا كُنْتُمْ تَكْتُمُونَ

Бирөөнү өлтүрүп коюп, ал тууралуу өз ара талаш-тартышка түштүңөр, Аллах силер жашырганды ачыкка чыгарат.

73 فَقُلْنَا اضْرِبُوهُ بِبَعْضِهَا كَذَلِكَ يُحْيِي اللَّهُ الْمَوْتَى وَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

Биз аларга: “Аны союлган уйдун бир бөлүгү менен ургула!” – дедик. Ошол сыяктуу эле Аллах өлүктөрдү тирилтет, силер акылыңарга келүүңөр үчүн силерге өз кереметтерин көргөзөт.

74 ثُمَّ قَسَتْ قُلُوبُكُمْ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ فَهِيَ كَالْحِجَارَةِ أَوْ أَشَدُّ قَسْوَةً وَإِنَّ مِنَ الْحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنْهُ الْأَنْهَارُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخْرُجُ مِنْهُ الْمَاءُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَهْبِطُ مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп калды. Анткени таштардын арасынан сызылып агып чыккан булактар бар, алардын арасында ташты жарып агып чыккандары да бар жана алардын арасында Аллахтан корккондугунан төмөн аккандары да бар. Аллах силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт!

75 أَفَتَطْمَعُونَ أَنْ يُؤْمِنُوا لَكُمْ وَقَدْ كَانَ فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَسْمَعُونَ كَلَامَ اللَّهِ ثُمَّ يُحَرِّفُونَهُ مِنْ بَعْدِ مَا عَقَلُوهُ وَهُمْ يَعْلَمُونَ

Чындап эле силер аларды ыйман келтирет деп үмүттөнүп-каалап турасыңарбы? Акыйкатта, алардын арасында бир бөлүгү Аллахтын сөзүн угуп турушуп, качан акыл калчагандан кийин аны өздөрү билип эле өзгөртүп ийишкен.

a. Мусулмандар. b. Иудейлер c. Акылдары жетип туруп деле

76 وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعْضُهُمْ إِلَى بَعْضٍ قَالُوا أَتُحَدِّثُونَهُمْ بِمَا فَتَحَ اللَّهُ عَلَيْكُمْ لِيُحَاجُّوكُمْ بِهِ عِنْدَ رَبِّكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Алар качан ыймандууларга жолуккан кезде: “Биз ишенебиз”, – дейт. А качан (өздөрү) бир-бири менен өзүнчө жолуккан кезде: “Аллах силерге ачкан нерселер жөнүндө өз зыяныңарга Эгеңдин алдында далил кылуулары үчүн аларгаайтып берип жатасыңарбы? Акылыңарга келбейсиңерби?”-дешет.

a. Аллах Таалага, Анын пайгамбарына жана Куранга b. Торатта айтылгандарды.Мисалы, Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)дын сыпаттарын c. мусулмандарга

77 أَوَلَا يَعْلَمُونَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ

Ырасында, Аллах алардын жашырып жаткандарын жана алардын ашкере кылгандарын да билип турарын алар билишпейби?!

a. иудейлердин

78 وَمِنْهُمْ أُمِّيُّونَ لَا يَعْلَمُونَ الْكِتَابَ إِلَّا أَمَانِيَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ

Алардын арасында өз Китебин билбеген, сабатсыздар өздөрүнүн курулай кыйалдарын гана билишет. Алар тек гана божомолдошот.

a. Торатты b. Алардын дин кызматкерлери алардын көзүн будамайлап, жалган үмүт каалоолорун козутушкан.

79 فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ يَكْتُبُونَ الْكِتَابَ بِأَيْدِيهِمْ ثُمَّ يَقُولُونَ هَذَا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ لِيَشْتَرُوا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا فَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا كَتَبَتْ أَيْدِيهِمْ وَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا يَكْسِبُونَ

Арзыбаган акчага сатуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: “Бул Аллахтан келген” – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун! Алар кылган кесиптери үчүн азап болсун!

a. Китебин сатып.

80 وَقَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَةً قُلْ أَتَّخَذْتُمْ عِنْدَ اللَّهِ عَهْدًا فَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ عَهْدَهُ أَمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

Алар: “Бизди тозок оту бир нече күн гана күйгүзөт” - дешет. Аларга (минтип) айт: “Чын эле силер Аллахтан убада алдыңарбы? А Аллах убадасын такыр өзгөртпөйт. Же силер Аллахка карата билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы?”