221 وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ حَتَّى يُؤْمِنَّ وَلَأَمَةٌ مُؤْمِنَةٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكَةٍ وَلَوْ أَعْجَبَتْكُمْ وَلَا تُنْكِحُوا الْمُشْرِكِينَ حَتَّى يُؤْمِنُوا وَلَعَبْدٌ مُؤْمِنٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكٍ وَلَوْ أَعْجَبَكُمْ أُولَئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَى الْجَنَّةِ وَالْمَغْفِرَةِ بِإِذْنِهِ وَيُبَيِّنُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте ыймандуу күң, (азат) мушрик аялдан жакшы, эгер ал силерге жакса дагы. Мушрик эркектерге алар ыйман келтирмейинче турмушка бербегиле. Албетте ыймандуу кул – (азат) мушриктен жакшраак ал силерге жакса да. Алар Тозокко чакырышат. Аллах – Бейишке, кечиримине Өз уруксаты менен чакырат. Ал адамдар (Жаратуучусун) эстөөсү үчүн Өз аяттарын баян кылат.
a. азат мушрик аял b. кызыңарды, карындашыңарды, ж.б. аял жакындарыңарды c. азат мушрик эркек d. Б.а. Бейиш кекирүү, Аллахтын кечиримине ээ болуу – адамдын акылдуулугунан эмес, Аллахтын каалоосу менен гана болуучу нерсе