201 وَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
Алардан бирөө айтат: “О Эгем, бизге дүйнөдө да жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер, бизди Тозок азабынан куткар!”
201 وَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
Алардан бирөө айтат: “О Эгем, бизге дүйнөдө да жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер, бизди Тозок азабынан куткар!”
202 أُولَئِكَ لَهُمْ نَصِيبٌ مِمَّا كَسَبُوا وَاللَّهُ سَرِيعُ الْحِسَابِ
Мына ошолор… алар үчүн өздөрү кылган нерседен насип (бар). Аллахтын эсеби өтө тез.
a. дуба кылып сураган нерселердин баары болот
203 وَاذْكُرُوا اللَّهَ فِي أَيَّامٍ مَعْدُودَاتٍ فَمَنْ تَعَجَّلَ فِي يَوْمَيْنِ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ وَمَنْ تَأَخَّرَ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ لِمَنِ اتَّقَى وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Белгилүү күндөрдө Аллахны эстегиле. Ким шашса – эки күндө, ага– күнөө жок. Ким кечиксе да күнөө жок. Бул (шарт) – (Аллахтан) корккон (мусулман) үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле: Ага жыйналасыңар!
a. Ташрик күндөрү b. ибадатын бүтүрсө болот c. үч күндөн көп кармалып калса да d. Такыба адамдар e. Кыяматта тирилип келип Аллахтын алдында жыйналып, сурак бересиңер
204 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُعْجِبُكَ قَوْلُهُ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيُشْهِدُ اللَّهَ عَلَى مَا فِي قَلْبِهِ وَهُوَ أَلَدُّ الْخِصَامِ
(Эй, Мухаммед!) Адамдардын айрымдардын сөзү бул дүйнө жашоосунда сени таң калтырат. Ал Аллахны өз дилиндеги нерсеге күбөгө тартат. Ал- катуу талашуучу.
a. Ахнас ибн Шарийктин сөзү b. Анткени алар мусулман болбой туруп «мусулман болдум!» деп кымындай да уялбастан Аллахтын аты менен касам ичет. Бирок дилинде мусулмандарды душманындай жек көрөт… Ахнас ибн Шарийк сыяктуу c. жок ыйманына d. Сага душман болгон
205 وَإِذَا تَوَلَّى سَعَى فِي الْأَرْضِ لِيُفْسِدَ فِيهَا وَيُهْلِكَ الْحَرْثَ وَالنَّسْلَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْفَسَادَ
Ал узаган соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү кыйратууга аракет кылат. Аллах бузукулукту жакшы көрбөйт.
a. Адамдарды жана айбанаттарды
206 وَإِذَا قِيلَ لَهُ اتَّقِ اللَّهَ أَخَذَتْهُ الْعِزَّةُ بِالْإِثْمِ فَحَسْبُهُ جَهَنَّمُ وَلَبِئْسَ الْمِهَادُ
Эгер, ага: «Аллахтан корк!» -деп айтылса, аны текеберлиги күнөө менен кармайт. Анын орду – Тозок. (Ал –) кандай жаман орун!
a. Б.а. анын текеберленип ого бетер күчөп, күнөөгө андан бетер батат
207 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَشْرِي نَفْسَهُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ
Адамдардын арасында Аллахтын ыраазылыктарына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар. Аллах пенделерине (абдан) Ырайымдуу.
a. Такыба мусулмандардын арасында b. өзгөчө мусулман адамдарга
208 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман.
209 فَإِنْ زَلَلْتُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْكُمُ الْبَيِّنَاتُ فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Силерге ачык-айкын далилдер келгенден кийин жолдон кайтсаңар, билип койгула: Аллах – Мартабалуу, Даанышман.
a. Курандагы аяттар
210 هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ يَأْتِيَهُمُ اللَّهُ فِي ظُلَلٍ مِنَ الْغَمَامِ وَالْمَلَائِكَةُ وَقُضِيَ الْأَمْرُ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Алар– булуттун саябанында өздөрүнө Аллах жана периштелер келип, иштер аткарыларын карап турушабы?! Бардык иштер Аллахка кайтарылат.
a. Исламга толук кирбегендер b. Бул жерде эки маани бар: 1) Кыйаматтын болушун күтүү, 2) өздөрү эмгек кылбай, алардын иштерин Аллах келип бүтүрүп беришин күтүү c. күтүп жатышабы?!
211 سَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ كَمْ آتَيْنَاهُمْ مِنْ آيَةٍ بَيِّنَةٍ وَمَنْ يُبَدِّلْ نِعْمَةَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
(Эй, Мухаммед!) Исраилдин урпактарынан сура: Биз аларга канчалаган ачык белгилерди (кереметтерди) жибердик! Ким Аллахтын жакшылыгын (китептерин) ага келгенден кийин өзгөртсө, албетте, Аллахтын азабы катуу!
a. пайгамбарга b. пайгамбарлардын көзү өткөн соң ыйык китептерди оңдошсо. Забур, Тоорот , Инжилди ошентип өзгөртүшкөн
212 زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَيَسْخَرُونَ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ اتَّقَوْا فَوْقَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Каапыр болгондорго (бул) дүйнө жашоосу кооз кылынды. Алар ыймандууларды келекелешет. Чындыгында, такыбалар Кыямат Күнү алардан өйдө болушат. Ошондой эле, Аллах (Өзү) каалаганын эсепсиз ырыскыга бөлөйт.
213 كَانَ النَّاسُ أُمَّةً وَاحِدَةً فَبَعَثَ اللَّهُ النَّبِيِّينَ مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ وَأَنْزَلَ مَعَهُمُ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِيَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ فِيمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ وَمَا اخْتَلَفَ فِيهِ إِلَّا الَّذِينَ أُوتُوهُ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ فَهَدَى اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا لِمَا اخْتَلَفُوا فِيهِ مِنَ الْحَقِّ بِإِذْنِهِ وَاللَّهُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
(Алгач) адамдар бир эл болушкан. Ошондо Аллах аларга кубандыруучу, эскертүүчү пайгамбарларды жиберди. Адамдардын ортосунда келишпеген нерселерде өкүм кылуу үчүн алар (пайгамбарлар) менен бирге Акыйкат Китебин жиберди. Ошол китеп берилгендер ачык далил келгенден кийин өз ара көралбастыктан улам бөлүнүштү. Ошондо Аллах Өз каалоосуна ылайык ыйман келтиргендерди, алар талашкан чындыкка жеткирди. Аллах (Өзү) каалаганын Түз Жолго багыттайт.
a. Дүйнө алгач жаратылган кездерде b. бүткүл адамзат бир эле динди (б.а. Аллахтын динин) карманышкан c. Бейиш кабары менен d. Тозок азабы менен e. Забур, Торат, Инжил, алар адам колу менен өзгөртүлгөн соң, өзгөрбөс кылып Куранды жиберген f. Карама-каршы тараптарга айланышты g. Христиандар жана иудейлер өздөрү да билбей эле талашышкан Чындыкка, Хидайат Жолго жеткирди
214 أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُمْ مَثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ مَسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللَّهِ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ
(Эй, Мусулмандар!) Силерден мурункулардын башынан өткөн сыяктуу (сыноолор) келбестен туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Аларды ачарчылык, оорулар баскан жана титирешкен; ошондуктан, элчи (Мухаммед ас) менен бирге ыйман келтиргендер: «Бизге Аллахтын жардамы качан (келээр экен?)» – деп, айтып жиберишти. Оо, чындыгында, Аллахтын жардамы жакын эмеспи!?
a. Бул жерде эки маани камтылган 1) жер титирөөнүн азабы; 2) каапырлар менен согуштагы өлүм коркунучунан титирөө b. Тез эле келет
215 يَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلْ مَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ خَيْرٍ فَلِلْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ
(Эй, Мухаммед!) Алар сенден (Аллах жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Жакшылыктардан кайрымдуулук кылган нерсеңер ата-энеңер, туугандар, жетимдер, кедейлер жана жолоочу үчүн. Жакшылыктан эмне кылсаңар Аллах аны Билүүчү» – дегин.
a. Мусулмандар b. Аллах силерге насип кылган ырыскылардан кайсынысын болсо да… c. Б.а. эң оболу ушу аталган адамдарга кайрымдуулук кылуу (жардам берүү) керек.
216 كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَكُمْ وَعَسَى أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَعَسَى أَنْ تُحِبُّوا شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
(Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр-бир нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Аллах билет. Силер билбейсиңер.
217 يَسْأَلُونَكَ عَنِ الشَّهْرِ الْحَرَامِ قِتَالٍ فِيهِ قُلْ قِتَالٌ فِيهِ كَبِيرٌ وَصَدٌّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَكُفْرٌ بِهِ وَالْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَإِخْرَاجُ أَهْلِهِ مِنْهُ أَكْبَرُ عِنْدَ اللَّهِ وَالْفِتْنَةُ أَكْبَرُ مِنَ الْقَتْلِ وَلَا يَزَالُونَ يُقَاتِلُونَكُمْ حَتَّى يَرُدُّوكُمْ عَنْ دِينِكُمْ إِنِ اسْتَطَاعُوا وَمَنْ يَرْتَدِدْ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَيَمُتْ وَهُوَ كَافِرٌ فَأُولَئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Алар сенден арам (Ыйык) ай жана андагы согуш тууралуу сурашат. Айткын: «Ал айда согушуу – чоң күнөө. Бирок Аллахтын жолунан тосуу, Ага каапырдык кылуу, Харам Мечитине жолотпоо, анын жашоочуларын ал жерден кууп чыгаруу – Аллахтын алдында (андан да) чоңураак күнөө». Анткени бузукулук – өлтүрүүдөн да чоңураак күнөө. Эгер алардын колунан келсе силерди диниңерден кайтармайынча согуша берет, эгер алардын мүмкүнчүлүктөрү жетсе. Силерден (кимдир) бирөө дининен кайтып, каапыр абалда көз жумса, ошолордун сооп-амалдары бул дүйнөдө да, Акыретте да текке кетет. Алар – Тозок ээлери. Алар анда түбөлүк!
a. Эй, Мухаммед! (а.с.) b. Б.а. алардын жайы -Тозокто c. Б.а. алар Тозокто түбөлүк калышат, эч качан чыгарылбайт
218 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أُولَئِكَ يَرْجُونَ رَحْمَتَ اللَّهِ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Чындыгында, ыйман келтиргендер, көчкөндөр, Аллах жолунда күрөшкөндөр – Аллахтын ырайымын үмүт кылышат. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер.
a. Меккеден Мединага Ислам динин сактап калуу үчүн Аллахтын буйругу менен жер которгондор
219 يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِنْ نَفْعِهِمَا وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ
Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак. (Эй, Мухаммед!) Алар сенден (Аллах жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Ашыкчасын!» – деп айткын. Аллах силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр.
a. Мусулмандар b. Б.а. өзүңөрдөн ашканын
220 فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْيَتَامَى قُلْ إِصْلَاحٌ لَهُمْ خَيْرٌ وَإِنْ تُخَالِطُوهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ الْمُفْسِدَ مِنَ الْمُصْلِحِ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَعْنَتَكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Дүйнөдө жана Акыретте да (тигил экөөнүн пайдалуурагын аласыңар). (Эй, Мухаммед!) сенден жетимдер тууралуу сурашат. Айткын: «Алар үчүн эң жакшысы – жакшы мамиле. Эгер аларга камкордук кылсаңар, анда алар силердин бир тууганыңар. Аллах бузукуну түзөөчүдөн (ажырата) билет. Эгер Аллах кааласа силерди сөзсүз чарчатмак». Чындыгында, Аллах – Мартабалуу, Даанышман.
a. Жетимдердин ата-энесинен калган мүлкүн кантип туура пайдалнгуу жана аларга кандай мамиле кылуу керектиги жөнүндө Аллах Тааладан кандай буйруктар бар экенин