241 وَلِلْمُطَلَّقَاتِ مَتَاعٌ بِالْمَعْرُوفِ حَقًّا عَلَى الْمُتَّقِينَ
Ажырашкан аялдардын тийиштүү (деңгээлде) (күйөөлөрү тараптан) камсыздалышы – такыбалар үчүн милдет.
241 وَلِلْمُطَلَّقَاتِ مَتَاعٌ بِالْمَعْرُوفِ حَقًّا عَلَى الْمُتَّقِينَ
Ажырашкан аялдардын тийиштүү (деңгээлде) (күйөөлөрү тараптан) камсыздалышы – такыбалар үчүн милдет.
242 كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Аллах – акыл жүгүртүшүңөр үчүн силерге аяттарын ушундай кылып баяндайт.
a. Пенделерине түшүнүктүү болсун үчүн
243 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ خَرَجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَهُمْ أُلُوفٌ حَذَرَ الْمَوْتِ فَقَالَ لَهُمُ اللَّهُ مُوتُوا ثُمَّ أَحْيَاهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
Өлүмдөн коркуп өз үйлөрүнөн чыккан миңдеген адамдарды көрдүңбү? Аллах аларга: «Өлгүлө!» -деди. Андан кийин аларды (кайра) тирилтти. Чындыгында, Аллах – адамдарга жакшылык кылуунун Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү (Аллахка) шүгүр кылышпайт.
a. Өткөн замандарда
244 وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Аллахтын жолунда согушкула жана Аллах Угуучу, Билүүчү экенин билгиле!
245 مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ أَضْعَافًا كَثِيرَةً وَاللَّهُ يَقْبِضُ وَيَبْسُطُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ким Аллахка жакшы карыз берсе, Аллах ага көптөгөн кошумчасын кошуп берет. Аллах тар кылат жана мол кылат. Ага кайтарыласыңар!
a. Аллах жолунда сарптаса b. Аллах Өзү каалаганынын ырыскысын, же кең, же тар кылат c. Аллах Таалага
246 أَلَمْ تَرَ إِلَى الْمَلَإِ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَى إِذْ قَالُوا لِنَبِيٍّ لَهُمُ ابْعَثْ لَنَا مَلِكًا نُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ قَالَ هَلْ عَسَيْتُمْ إِنْ كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ أَلَّا تُقَاتِلُوا قَالُوا وَمَا لَنَا أَلَّا نُقَاتِلَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَدْ أُخْرِجْنَا مِنْ دِيَارِنَا وَأَبْنَائِنَا فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ تَوَلَّوْا إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ
Мусадан кийинки Исраил урпактарынын башчыларын билбейсиңби? Алар өз пайгамбарларына: «Бизге падыша шайлап бер. Аллах жолунда согушабыз», – дешти. Ал: «Мүмкүн силерге согуш парз кылынса да, (баары бир) согушпайсыңар!» – деп айтты. Алар: «Биз бала-чакабыз менен журтубуздан куулуп чыгылган болсок, эмне үчүн Аллах жолунда согушпайт экенбиз?! – дешти. Анан согушуу тууралуу (Аллахтан) өкүм келгенде, алардын аз бөлүгүнөн башкалары (согуштан) баш тартышты. Аллах заалымдарды Билүүчү!
a. Пайгамбар b. Жаалуттун адамдары аларды кууп чыккан болчу
247 وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ اللَّهَ قَدْ بَعَثَ لَكُمْ طَالُوتَ مَلِكًا قَالُوا أَنَّى يَكُونُ لَهُ الْمُلْكُ عَلَيْنَا وَنَحْنُ أَحَقُّ بِالْمُلْكِ مِنْهُ وَلَمْ يُؤْتَ سَعَةً مِنَ الْمَالِ قَالَ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاهُ عَلَيْكُمْ وَزَادَهُ بَسْطَةً فِي الْعِلْمِ وَالْجِسْمِ وَاللَّهُ يُؤْتِي مُلْكَهُ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Аларга пайгамбары: «Аллах силерге Таалутту падыша кылып жиберди», – деп айтты. «Биз ага караганда падышалыкка татыктуураак болсок, анан кантип ал бизге падыша болсун?! Ага байлык мол берилген эмес», - дешти. Ал: «Аны силерге Аллах тандап, ага дене күчүн жана илимди мол берди» -деди. Аллах өкүмдарлыкты (Өзү) каалаган адамга берет. Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү.
a. Израил урпактарына b. Талут, кедей жана карапайым адам болгон. Аны тоотпогондор бай болушкан.
248 وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ آيَةَ مُلْكِهِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ التَّابُوتُ فِيهِ سَكِينَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَبَقِيَّةٌ مِمَّا تَرَكَ آلُ مُوسَى وَآلُ هَارُونَ تَحْمِلُهُ الْمَلَائِكَةُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Аларга пайгамбары: «Анын падышалыгынын белгиси – Эгеңер тараптан көңүлгө бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган калдыктар (буйумдар) бар периштелер алып жүргөн сандыктын силерге келүүсү». Чындыгында, эгер силер ыймандуу болсоңор, ушунда – силерге белги бар.
249 فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِالْجُنُودِ قَالَ إِنَّ اللَّهَ مُبْتَلِيكُمْ بِنَهَرٍ فَمَنْ شَرِبَ مِنْهُ فَلَيْسَ مِنِّي وَمَنْ لَمْ يَطْعَمْهُ فَإِنَّهُ مِنِّي إِلَّا مَنِ اغْتَرَفَ غُرْفَةً بِيَدِهِ فَشَرِبُوا مِنْهُ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ فَلَمَّا جَاوَزَهُ هُوَ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ قَالُوا لَا طَاقَةَ لَنَا الْيَوْمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ قَالَ الَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُمْ مُلَاقُو اللَّهِ كَمْ مِنْ فِئَةٍ قَلِيلَةٍ غَلَبَتْ فِئَةً كَثِيرَةً بِإِذْنِ اللَّهِ وَاللَّهُ مَعَ الصَّابِرِينَ
Талут аскери менен чыккан кезде: «Чындыгында, Аллах силерди дарыя аркылуу сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес. Ал эми кимде-ким андан ичпесе (же) колу менен кочуштап алып, аз гана алып ичсе – ал менден» -деди. «Алардын өтө азынан башкасы андан ичишти. Таалут жана аны менен (кошо) ыйман келтиргендер дарыядан өткөн соң: «Биз Жаалут жана анын аскерлерине тең келүүгө кудуретибиз жетпейт», - дешти. Алардын (ичинен) Аллахка сөзсүз жолугарына ишенгендери: «Аллахтын каалоосу менен аз топ канчалган көп топту жеңген. Аллах – сабырдуулар менен бирге» - дешти.
a. Өзү жашаган шаардан b. менин аскериме таандык эмес, аскериме кошула албайт.
250 وَلَمَّا بَرَزُوا لِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ قَالُوا رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Алар Жаалут жана анын аскерлери менен бетме-бет келген кезде: «Эгебиз бизге сабыр бер, кадамдарыбызды бекем кыл, бизге каапыр элдин үстүнөн (жеңишке жетүүгө) жардам бер!» –деп айтышты.
251 فَهَزَمُوهُمْ بِإِذْنِ اللَّهِ وَقَتَلَ دَاوُودُ جَالُوتَ وَآتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَهُ مِمَّا يَشَاءُ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَفَسَدَتِ الْأَرْضُ وَلَكِنَّ اللَّهَ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْعَالَمِينَ
Ошондо аларды Аллахтын жардамы менен жеңилүүгө дуушар кылышты. Даут Жаалутту өлтүрдү. Аллах Даутка падышалык, даанышмандык жана (Аллах Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү. Аллах адам баласынын бирин башкасы аркылуу коргобосо – жер жүзү бузулуп кетмек. Чындыгында Аллах – бүткүл ааламдар үчүн (берилүүчү) жакшылыктын Ээси!
a. Жалутту жана анын аскерлерин b. Темирден соот жасоону, куштардын тилин түшүнүүнү c. Жердеги жашоо ырааты жана тиричилик өткөрүү ирээти кыйрап, зулумдук гана гүлдөп өнүгүп, жакшы адамдарга жерде жашоо мүмкүн болбой калмак
252 تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Ушулар – Аллахтын белгилери. Биз аларды сага чындык менен окуп беребиз. Акыйкатта, сен – элчилерденсиң!
a. Эй, Мухаммед!
253 تِلْكَ الرُّسُلُ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ مِنْهُمْ مَنْ كَلَّمَ اللَّهُ وَرَفَعَ بَعْضَهُمْ دَرَجَاتٍ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلَ الَّذِينَ مِنْ بَعْدِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَلَكِنِ اخْتَلَفُوا فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ وَمِنْهُمْ مَنْ كَفَرَ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا اقْتَتَلُوا وَلَكِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Аллах элчилердин кээ бирин башкасынан артыгыраак жаратып, алардын айрымдары менен сүйлөштү. Кээ бирөөсүнүн даражасын (башкасынан) жогорураак кылды. Марйам уулу Исага кереметтерди берип, аны Жебреил аркылуу күчтөндүрдүк. Эгер Аллах кааласа аларга далилдер (китептер) келген соң, пайгамбарлардан кийин алар согушпайт болчу. Бирок алар бири-бирине каршы чыгышты. Анан алардын кээ бирлери ыйман келтирип, калган бөлүгү (ыймандан) баш тартышты. Эгер Аллах кааласа алар бири-бири менен согушпайт эле. Бирок Аллах (Өзү) каалаганын жасайт!
a. Аллахтын элчилери Жана пайгамбарлары тууралуу сөз болууда b. Муса, Иса…ж.б. пайгамбарлардын үммөттөрү өз пайгамбарларынын көзү өткөн соң диндеринен кайтышып, же өзгөртүшүп, карама-каршылыкка барышмак эмес c. Кээ бир пайгамбарлардын үммөттөрү
254 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خُلَّةٌ وَلَا شَفَاعَةٌ وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган Күн келгенге чейин Аллах жолунда сарптагыла. Каапырлар – алар заалымдар.
255 اللَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ لَا تَأْخُذُهُ سِنَةٌ وَلَا نَوْمٌ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ مَنْ ذَا الَّذِي يَشْفَعُ عِنْدَهُ إِلَّا بِإِذْنِهِ يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيْءٍ مِنْ عِلْمِهِ إِلَّا بِمَا شَاءَ وَسِعَ كُرْسِيُّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَلَا يَئُودُهُ حِفْظُهُمَا وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ
Аллах! Андан башка кудай жок. Ал – Тирүү, Түбөлүк! Аны уйкусуроо да, уктоо албайт. Асмандардагы жана жердеги нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким колдоочулук кыла алат?! Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Алар Анын каалоосунан башка эч нерсе билишпейт. Анын күрсүсү (билими) асмандар менен жерди камтыйт. Ага ал экөөсүн сактоо – кыйын эмес. Ал – абдан Бийик, өтө Улуу!
a. планеталардын, ай-ааламдардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ж.б. баарынын b. алардын алды жаккы келечегинде боло турган окуяларды да c. өткөн тарыхын да d. Пенделер, жан-жаныбарлар, планеталар….ж.б.у.с. баары
256 لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ فَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَى لَا انْفِصَامَ لَهَا وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде-ким будпарастыктан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот. Аллах – Угуучу, Билүүчү!
257 اللَّهُ وَلِيُّ الَّذِينَ آمَنُوا يُخْرِجُهُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَوْلِيَاؤُهُمُ الطَّاغُوتُ يُخْرِجُونَهُمْ مِنَ النُّورِ إِلَى الظُّلُمَاتِ أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Аллах – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар. Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат.
a. Тагуттар – Аллахтан башка сыйынылган нерселер. М: шайтандар, буддар ж.б.у.с.
258 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِي حَاجَّ إِبْرَاهِيمَ فِي رَبِّهِ أَنْ آتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ إِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّيَ الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا أُحْيِي وَأُمِيتُ قَالَ إِبْرَاهِيمُ فَإِنَّ اللَّهَ يَأْتِي بِالشَّمْسِ مِنَ الْمَشْرِقِ فَأْتِ بِهَا مِنَ الْمَغْرِبِ فَبُهِتَ الَّذِي كَفَرَ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Аллах падышалык (ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө талашкан (адам) тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим: «Эгем өлтүрөт жана тирилтирет», -деди. Ал: «Мен да тирилте да, өлтүрө да алам», -деп айтты. Ибрахим: «Чындыгында, Аллах күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!» –деди. Ошондо каапыр (Намрут) осол болду. Аллах заалым элди Туура Жолго түшүрбөйт,
a. Аллах бийлик берген караңгы падыша Намрут: «Мен кудаймын» - деп, Ибрахим пайгамбар аны «сен кудай эмессиң, боло да албайсың!» – деп талашканы тууралуу кеп болууда b. Өзүн Кудайга теңеген Бабыл (Вавилон) падышасы Намрутту c. Намрут өзүнүн бул сөзүн далилдөө үчүн, өлүмгө өкүм кылынган бирөөнү бошотуп жиберип, анын ордуна башка бирөөнү өлтүртөт. d. Өзүн уят болгонун сезип, ыңгайсыз абалда калды
259 أَوْ كَالَّذِي مَرَّ عَلَى قَرْيَةٍ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَى عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّى يُحْيِي هَذِهِ اللَّهُ بَعْدَ مَوْتِهَا فَأَمَاتَهُ اللَّهُ مِائَةَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَهُ قَالَ كَمْ لَبِثْتَ قَالَ لَبِثْتُ يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ قَالَ بَلْ لَبِثْتَ مِائَةَ عَامٍ فَانْظُرْ إِلَى طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمْ يَتَسَنَّهْ وَانْظُرْ إِلَى حِمَارِكَ وَلِنَجْعَلَكَ آيَةً لِلنَّاسِ وَانْظُرْ إِلَى الْعِظَامِ كَيْفَ نُنْشِزُهَا ثُمَّ نَكْسُوهَا لَحْمًا فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ قَالَ أَعْلَمُ أَنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды) билесиңби? «Буларды өлгөн соң Аллах кантип тирилтет?!» – деп ойлоду. Аллах аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип: «Канча (убакыт) жаттың?!» - деп сурады. Ал: «Бир күн же жарым күн (гана жаттым)» – деди. (Аллах): «Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес. Эшегиңди кара... Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн. Сөөккө кара, анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып, эт менен каптадык»,–деди. Качан ага айкын болгондо ал: «Билем, чындыгында, Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү», – деди.
a. Узайр алейхи салам тууралуу b. Жер титирөөдө өлгөн адамдарды c. Сөөктөрү да чирип кеткен d. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө e. Эшегиңдин сөөгүн f. Аллах Таала Узайрдын көз алдында анын эшегин тирилтип берет g. Аллахтын өлүктү тирилтүү кудурети
260 وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ أَرِنِي كَيْفَ تُحْيِي الْمَوْتَى قَالَ أَوَلَمْ تُؤْمِنْ قَالَ بَلَى وَلَكِنْ لِيَطْمَئِنَّ قَلْبِي قَالَ فَخُذْ أَرْبَعَةً مِنَ الطَّيْرِ فَصُرْهُنَّ إِلَيْكَ ثُمَّ اجْعَلْ عَلَى كُلِّ جَبَلٍ مِنْهُنَّ جُزْءًا ثُمَّ ادْعُهُنَّ يَأْتِينَكَ سَعْيًا وَاعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Ибрахим: «Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү» - деген учурда, (Аллах) айтты: «Ишенбейсиңби?». (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Аллах) айтты: «Канаттуулардан төрттү алып, (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен) бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Аллах – Мартабалуу, Даанышман».