161 إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Ошондо алардын тууганы Лут: “(Аллахтын каарынан) коркпойсуңарбы?
161 إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Ошондо алардын тууганы Лут: “(Аллахтын каарынан) коркпойсуңарбы?
162 إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
163 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.
164 وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
165 أَتَأْتُونَ الذُّكْرَانَ مِنَ الْعَالَمِينَ
Дүйнөдө (көптөгөн айалдар туруп) эркектер менен кошуласыңарбы?
166 وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمْ رَبُّكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ عَادُونَ
Эгеңер силер үчүн жараткан айалдарыңарды карабай койосуңарбы? Силер бузуку элсиңер.
167 قَالُوا لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ يَا لُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ الْمُخْرَجِينَ
Алар: “Эй, Лут! Эгер тыйылбасаң, албетте, журтуңдан куулуп кетесиң”,–дешти.
a. Бизди туура жолго чакыруудан
168 قَالَ إِنِّي لِعَمَلِكُمْ مِنَ الْقَالِينَ
Лут: “Албетте, мен силердин кылыктарыңардан жийиркенемин.
169 رَبِّ نَجِّنِي وَأَهْلِي مِمَّا يَعْمَلُونَ
“Оо, Эгем! Мени жана менин үй бүлөмдү булардын кылыктарынан куткар”,– деди.
170 فَنَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ أَجْمَعِينَ
Ошондо биз аны – үй бүлөсү менен толук куткардык.
171 إِلَّا عَجُوزًا فِي الْغَابِرِينَ
Жок боло тургандардын ичиндеги кемпирден башкаларын.
172 ثُمَّ دَمَّرْنَا الْآخَرِينَ
Анан, калгандарын да кыйратып жок кылдык:
a. Луттун бузулган коомун толугу менен
173 وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ مَطَرًا فَسَاءَ مَطَرُ الْمُنْذَرِينَ
Аларга жамгыр жаадырдык. Эскертүү берилгендердин жамгыры кандай жаман!
a. Аллах тараптан эскертүү берилгенден кийин жаза катары кылмышкер коомго жиберилген жамгыр
174 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Ырасында, мында да бир үлгү бар. Бирок, алардын көбү ыйман келтиришкен жок.
a. Жалпы адамзатка сабак боло турган
175 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Эгең, чындыгында, Ызааттуу, Мээримдүү!
176 كَذَّبَ أَصْحَابُ الْأَيْكَةِ الْمُرْسَلِينَ
Айка эли да элчилерди жалганчыга чыгарышты.
177 إِذْ قَالَ لَهُمْ شُعَيْبٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Ошол убакта аларга Шуайп: “(Аллахтын каарынан) коркпойсуңарбы?
178 إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
179 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Эми Аллдан коркуп, мага мойун сунгула.
180 وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.