201 لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ حَتَّى يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ
Оорутуучу азапты көргөнгө чейин алар ишенишпейт.
a. Аллахка да, Куранга да, Мухаммед алейхи саламга да, кыйамат күнүнүн болоруна да....
201 لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ حَتَّى يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ
Оорутуучу азапты көргөнгө чейин алар ишенишпейт.
a. Аллахка да, Куранга да, Мухаммед алейхи саламга да, кыйамат күнүнүн болоруна да....
202 فَيَأْتِيَهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Азап алар туйбаган жактан, капилеттен келет.
203 فَيَقُولُوا هَلْ نَحْنُ مُنْظَرُونَ
Ошондо алар: “Бизге бир мөөнөт берилээр бекен”, –дешет.
204 أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ
Эмне алар, Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?
205 أَفَرَأَيْتَ إِنْ مَتَّعْنَاهُمْ سِنِينَ
Көрдүңбү: Аларды нечендеген жылдар бойу жыргал турмушта жашатып койсок да, (Аллахка ыраазы болушпайт).
206 ثُمَّ جَاءَهُمْ مَا كَانُوا يُوعَدُونَ
Анан аларга сөзсүз убада кылынган апаат келген кезде,
207 مَا أَغْنَى عَنْهُمْ مَا كَانُوا يُمَتَّعُونَ
алардын пайдаланган нерселери коргоп кала албайт.
208 وَمَا أَهْلَكْنَا مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنْذِرُونَ
Эгер Биз кайсыл-бир шаарды жок кылган болсок, албетте, (жок кылуудан мурда) аларга эскертүүчү жибергенбиз.
209 ذِكْرَى وَمَا كُنَّا ظَالِمِينَ
(Аларга) эскертүүлөрүбүз (толук) жеткирилген. Биз зулумдук кылуучу эмеспиз.
210 وَمَا تَنَزَّلَتْ بِهِ الشَّيَاطِينُ
Бул Куранды шайтандар түшүргөн жок.
a. Куран жаңы түшүрүлгөн кезде, айрым каапырлар: “Муну ага шайтандар үйрөтүп жатса керек», - деген кара ниеттүү ойлорду эл ичинде таратып, бузукулук кылууга чейин жетишкен. Мында улуу Китепти, Улуу Жаратуучу Аллах гана жарата алат! Шайтандардын колунан бузукулуктан, адаштыруудан башка эч нерсе келбейт. Алар өздөрү жаратылган макулуктар.
211 وَمَا يَنْبَغِي لَهُمْ وَمَا يَسْتَطِيعُونَ
Бул аларга ылайык иш эмес, колдорунан да келбейт!
212 إِنَّهُمْ عَنِ السَّمْعِ لَمَعْزُولُونَ
Чындыгында, алар (тымызын) тыңшоодон толук куулду.
a. Шайтандар мурдакы Курандан китептерди тымызын тыңшап, билип алышып, ошол уурдап алган билими менен адамдар арасында бузукулук кылышкан. Курандын түшүрүлүшү менен алардын андай кылуусуна Аллах тарабынан бөгөт койулган
213 فَلَا تَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ فَتَكُونَ مِنَ الْمُعَذَّبِينَ
Аллахка шерик кошпо! Андай кылсаң сен азапка учуроочулардан болуп каласың.
214 وَأَنْذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ
Жакын туугандарыңа да эскерт.
a. Аллахка шерик кошушпасын
215 وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Момундардан сени ээрчигендерге канатыңды жай.
a. Калкала, корго, кам көр, аларга күй
216 فَإِنْ عَصَوْكَ فَقُلْ إِنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ
Анан эгер алар сага каршы чыкса, анда: “Мен силердин кылганыңардан жүз бурдум!”,–дегин.
217 وَتَوَكَّلْ عَلَى الْعَزِيزِ الرَّحِيمِ
Ызааттуу, Мээримдүү Аллахка гана тобокел кыл.
a. тайан
218 الَّذِي يَرَاكَ حِينَ تَقُومُ
Ал сени, сен тике турган учуруңда көрүп турат.
219 وَتَقَلُّبَكَ فِي السَّاجِدِينَ
Сежде кылуучулардын арасында айланып турганыңды да, түнкү (тахажжут намаздары) учурунда да көрүп турат.
220 إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Чындыгында, Аллах – бардык нерсени Угуучу, Билүүчү!