бөлүм Шуара - الشعراء

41 فَلَمَّا جَاءَ السَّحَرَةُ قَالُوا لِفِرْعَوْنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ

Сыйкырчылар (белгиленген жерге) келишип Фараонго: «Эгер биз жеңсек, албетте, бизге сыйлык бар да?», – дешти.

42 قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ إِذًا لَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ

(Фараон): «Ооба, чындыгында, андай болсо силер мага жакындардан болуп каласыңар», – деди.

a. Хансарай кызматчыларынан

43 قَالَ لَهُمْ مُوسَى أَلْقُوا مَا أَنْتُمْ مُلْقُونَ

Муса сыйкырчыларга: «Эмне таштасаңар, кана таштагыла!»,–деди.

44 فَأَلْقَوْا حِبَالَهُمْ وَعِصِيَّهُمْ وَقَالُوا بِعِزَّةِ فِرْعَوْنَ إِنَّا لَنَحْنُ الْغَالِبُونَ

Ошондо алар аркандары менен тайактарын ташташып: «Фараондун абройу үчүн биз жеңишке жетебиз»,–дешти.

45 فَأَلْقَى مُوسَى عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

Ошондо Муса да тайагын таштады. Дароо ал алардын жасалма нерселерин жалмап кирди.

a. Мусанын ажыдаарга айланган тайагы b. сыйкырчылардын c. Сыйкырчылардын жыланга айланган тайактарын жана аркандарын

46 فَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سَاجِدِينَ

Ошондо сыйкырчылар сеждеге жыгылышты да:

a. Алага тообо кылышты

47 قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ

«Ааламдардын Эгесине ыйман келтирдик,

48 رَبِّ مُوسَى وَهَارُونَ

Муса менен Харундун Эгесине», – дешти.

49 قَالَ آمَنْتُمْ لَهُ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ إِنَّهُ لَكَبِيرُكُمُ الَّذِي عَلَّمَكُمُ السِّحْرَ فَلَسَوْفَ تَعْلَمُونَ لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ

(Фараон) аларга: «Мен силерге уруксат берүүдөн мурун ага ыйман келтирдиңерби? Чындыгында, ал – силерге сыйкырчылыкты үйрөткөн чоңуңар экен. Эми (менден) көрөсүңөр: колу-бутуңарды кайчылаштыра кесип, баарыңарды (дарга) астырамын»,–деди.

a. Мусага

50 قَالُوا لَا ضَيْرَ إِنَّا إِلَى رَبِّنَا مُنْقَلِبُونَ

(Сыйкырчылар): «Анын кайгысы жок! Чындыгында, Эгебизге кайтабыз.

a. Асып өлтүрсөң да, кесип өлтүрсөң да, баары бир эртедир-кечтир Аллах Тааланын алдына барабыз

51 إِنَّا نَطْمَعُ أَنْ يَغْفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَايَانَا أَنْ كُنَّا أَوَّلَ الْمُؤْمِنِينَ

Чындыгында, биз (Аллахка) ыйман келтиргендердин алдынкыларынанбыз. Эгебизден биздин күнөөлөрдүн кечирилишин үмүт кылабыз»,– дешти.

52 وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِي إِنَّكُمْ مُتَّبَعُونَ

Мусага: «Пенделеримди түн катырып алып кет. Албетте куугунтукка учурайсыңар», – деп вахи-кабар жибердик.

a. Исраил урпактарын b. Аллахка тобокел кылып, Мисирден алып чыгып кет

53 فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ

Ошондо Фараон шаарларга (аскер) жыйноочуларды жиберди да:

54 إِنَّ هَؤُلَاءِ لَشِرْذِمَةٌ قَلِيلُونَ

«Чындыгында, булар аз топ.

a. Исраил урпактары

55 وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَائِظُونَ

Ошентсе да алар бизди ачууландырууда.

56 وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَاذِرُونَ

Чындыгында биз күчтүү тайпабыз»,–деди.

57 فَأَخْرَجْنَاهُمْ مِنْ جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

Ошентип, (Фараон тарапты) бакчаларынан, булактарынан чыгардык.

a. Мекенсиз калтырдык

58 وَكُنُوزٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ

(Аларды) казыналарынан да, салтанаттуу мекендеринен да (кууп чыктык).

a. Деңизге чөктүрүп жок кылдык

59 كَذَلِكَ وَأَوْرَثْنَاهَا بَنِي إِسْرَائِيلَ

Аларга Исраил урпактарын мураскер кылдык.

60 فَأَتْبَعُوهُمْ مُشْرِقِينَ

Ошондо алар Исраил урпактарын күн чыккан кезде кууп жөнөштү.

a. Фараондун күчтүү куралданган аскерлери артынан түштү. Анткени Муса а.с. Исраил урпактарын ээрчитип, түн жамынып Мисир шаарынан чыгып, Палестина тарапка бет алып, Кызыл Деңизге жетээрине аз калган болчу