81 وَالَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحْيِينِ
Ал мени өлтүрөт, анан тирилтет.
a. Кыйамат Күнү кайра
81 وَالَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحْيِينِ
Ал мени өлтүрөт, анан тирилтет.
a. Кыйамат Күнү кайра
82 وَالَّذِي أَطْمَعُ أَنْ يَغْفِرَ لِي خَطِيئَتِي يَوْمَ الدِّينِ
Ал ошондой (абдан ырайымдуу) Кудай! Кыйамат күнү күнөөлөрүмдүн кечирилишин Андан үмүт кылам.
83 رَبِّ هَبْ لِي حُكْمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ
Оо, Эгем, мага дааналык (илим) берип, мени жакшыларга кошо көр!
a. такыбаларга
84 وَاجْعَلْ لِي لِسَانَ صِدْقٍ فِي الْآخِرِينَ
Мени кийинки жаратылуучу адамдардын тилинде да чыныгы үлгү кыла көр.
a. Адамдар ар дайым такыбалыгымды сөз кылган момундардан кыл
85 وَاجْعَلْنِي مِنْ وَرَثَةِ جَنَّةِ النَّعِيمِ
Мени берекелүү Бейиштин мураскорлорунан кыл.
86 وَاغْفِرْ لِأَبِي إِنَّهُ كَانَ مِنَ الضَّالِّينَ
Атамды кечир. Анткени ал адашуучулардан.
a. Атамдын мушриктик күнөөлөрүн b. Ибрахимдин (а.с.) атасы сөлөкөт-эстелик жасаган усталардан болгон жана ошол адатынан, буддарга сыйынуудан баш тартпай койгон
87 وَلَا تُخْزِنِي يَوْمَ يُبْعَثُونَ
Кабырдан турган күнү мени кайгыга сала көрбө.
a. мүрзөдөн, гөрдөн, көрүстөндөн
88 يَوْمَ لَا يَنْفَعُ مَالٌ وَلَا بَنُونَ
Ал Күнү мал-мүлк да, бала-чака да эч пайда бербейт.
89 إِلَّا مَنْ أَتَى اللَّهَ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ
Бирок, ким Аллахка таза жүрөгү менен келсе гана (ошол пайда берет) ”, – деди.
a. Ыйманы менен
90 وَأُزْلِفَتِ الْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ
Кудайдан корккондорго Бейиш жакындатылат.
a. такыбаларга
91 وَبُرِّزَتِ الْجَحِيمُ لِلْغَاوِينَ
Адашкандарга Тозок көрсөтүлөт.
92 وَقِيلَ لَهُمْ أَيْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْبُدُونَ
(Ошондо) аларга: “Сыйынгандарыңар кайда? – деп айтылат.
93 مِنْ دُونِ اللَّهِ هَلْ يَنْصُرُونَكُمْ أَوْ يَنْتَصِرُونَ
Аллахдан башкалар силерге жардам бере алабы? Же (жок дегенде) өздөрүнө жердам бере алышабы?” – делинет.
94 فَكُبْكِبُوا فِيهَا هُمْ وَالْغَاوُونَ
(Анан Аллахдан башка нерселерге) сыйынгандар да, адашкандар да Тозокко үстөмөн кылынып ыргытылат.
a. Бети ылдый каратылып, сүйрөлүп барып
95 وَجُنُودُ إِبْلِيسَ أَجْمَعُونَ
Ибилистин аскерлеринин баары толугу менен (Тозокко ташталат).
a. Шайтандардын баары
96 قَالُوا وَهُمْ فِيهَا يَخْتَصِمُونَ
Алар анда (Тозокто) мындай деп талашышат:
97 تَاللَّهِ إِنْ كُنَّا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Аллахтын ысмы менен ант болсун: “Адашканыбыз ак экен го!”
98 إِذْ نُسَوِّيكُمْ بِرَبِّ الْعَالَمِينَ
– “Силерди ааламдардын Эгесине теңечү элек.
99 وَمَا أَضَلَّنَا إِلَّا الْمُجْرِمُونَ
– “Бизди күнөөкөрлөр адаштырган экен.
100 فَمَا لَنَا مِنْ شَافِعِينَ
– “Эми биздин эч бир ортомчулук кылаарыбыз жок”.
a. шаатчыбыз