бөлүм Шуара - الشعراء

221 هَلْ أُنَبِّئُكُمْ عَلَى مَنْ تَنَزَّلُ الشَّيَاطِينُ

Шайтандар кимге түшөрүн силерди маалымдар кылайынбы?

222 تَنَزَّلُ عَلَى كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ

Алар ар бир жалганчыга жана күнөөкөрлөргө түшөт.

223 يُلْقُونَ السَّمْعَ وَأَكْثَرُهُمْ كَاذِبُونَ

Алар (ага) кулак салышат. Анткени алардын көбү жалганчылар.

a. каапырлар b. шайтанга

224 وَالشُّعَرَاءُ يَتَّبِعُهُمُ الْغَاوُونَ

Акындарды адашкандар (гана) ээрчишет.

225 أَلَمْ تَرَ أَنَّهُمْ فِي كُلِّ وَادٍ يَهِيمُونَ

Чындыгында алардын өрөөндөрдө каңгып жүргөндөрүн көрбөдүңбү?

226 وَأَنَّهُمْ يَقُولُونَ مَا لَا يَفْعَلُونَ

Чындыгында, алар өздөрү жасабаган иштери (жасагандай кылып көркөмдөп жалган) айтышат.

227 إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَذَكَرُوا اللَّهَ كَثِيرًا وَانْتَصَرُوا مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ

Бирок, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар, Аллахны көп эстегендер, зулумдукка кабылганы үчүн, кийин кегин алгандардан башкалар (тууралу сөз башка). Ал эми зулумдук кылгандар кандай (оор) абалга кабыларын жакында билишет.

a. Маселен, оболу таш боор адамдардын катаал мамилесине кабылып, кийин алар тууралу сатираларды жазып, Бирок чектен ашпай, аны токтоткон акындардан абалы башка.…Ушулар Аллах жолунда. Аларга Аллахтын алдында сый бар. Андай акындар: Абдулла ибн Раваха, Хасан ибн Сабит, Кахаб ибн Захир, Кахаб ибн Малик ж.б.у.с. b. Аллах Таала, Куран, пайгамбарлар тууралуу жалган ырларды чыгарып, өзүнө өзү зулумдук кылгандар