бөлүм Шуара - الشعراء

21 فَفَرَرْتُ مِنْكُمْ لَمَّا خِفْتُكُمْ فَوَهَبَ لِي رَبِّي حُكْمًا وَجَعَلَنِي مِنَ الْمُرْسَلِينَ

Ошондуктан силерден коркуп, качып кеткем. Акыры Эгем мага даанышмандык берип, пайгамбарлардан кылды.

22 وَتِلْكَ نِعْمَةٌ تَمُنُّهَا عَلَيَّ أَنْ عَبَّدْتَ بَنِي إِسْرَائِيلَ

Сен Исраил урпактарын кул кылдың, мага милдет кылган жакшылыгың ошол»,– деди.

23 قَالَ فِرْعَوْنُ وَمَا رَبُّ الْعَالَمِينَ

(Фараон): «Ааламдардын Эгеси дегениң эмне?»,–деди.

24 قَالَ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا إِنْ كُنْتُمْ مُوقِنِينَ

(Муса): «Эгер чындан ишене турган болсоңор, анда, Ал – асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Эгеси».

a. Аллахка b. Аллах Таала

25 قَالَ لِمَنْ حَوْلَهُ أَلَا تَسْتَمِعُونَ

(Фараон) тегеректеп тургандарга: «Укпай жатасыңарбы?» – деди.

a. жандоочуларына

26 قَالَ رَبُّكُمْ وَرَبُّ آبَائِكُمُ الْأَوَّلِينَ

(Муса): «Ал – силердин Эгеңер, (силерден) мурда өткөн ата-бабаларыңардын да Эгеси», – деди.

27 قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ الَّذِي أُرْسِلَ إِلَيْكُمْ لَمَجْنُونٌ

(Фараон): «Так ушул силерге жиберилген пайгамбар – анык жинди», – деди.

a. Мусаны (а.с.) айтып жатат

28 قَالَ رَبُّ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَمَا بَيْنَهُمَا إِنْ كُنْتُمْ تَعْقِلُونَ

(Муса): «Эгер акыл калчай турган болсоңор, Ал – Чыгыштын да, Батыштын да жана ал экөөнүн ортосундагылардын да Эгеси».

29 قَالَ لَئِنِ اتَّخَذْتَ إِلَهًا غَيْرِي لَأَجْعَلَنَّكَ مِنَ الْمَسْجُونِينَ

(Фараон): «Эгер менден башканы кудай тутуна турган болсоң, албетте, сени зынданга саламын»,–деди.

30 قَالَ أَوَلَوْ جِئْتُكَ بِشَيْءٍ مُبِينٍ

(Муса): «Эгер сага анык далил келтирсем дагыбы?» – деди.

31 قَالَ فَأْتِ بِهِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

(Фараон): «Эгер чын айтуучулардан болсоң – келтир», –деди.

32 فَأَلْقَى عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعْبَانٌ مُبِينٌ

Ошондо ал тайагын таштады эле, ал даана жыланга айланды.

33 وَنَزَعَ يَدَهُ فَإِذَا هِيَ بَيْضَاءُ لِلنَّاظِرِينَ

Анан колун (чөнтөгүнөн) чыгарды. Ал (колу) карап тургандарга аппак болуп көрүндү.

34 قَالَ لِلْمَلَإِ حَوْلَهُ إِنَّ هَذَا لَسَاحِرٌ عَلِيمٌ

(Фараон) айлансындагы төбөлдөргө: «Чындыгында, мына бул абдан билерман сыйкырчы экен.

35 يُرِيدُ أَنْ يُخْرِجَكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ بِسِحْرِهِ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ

Ал сыйкыр менен силерди журтуңардын чыгаргысы келүүдө. Эми буга эмне (жаза) буйрасыңар?», – деди.

36 قَالُوا أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَابْعَثْ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ

Алар: «Муну да, мунун бир тууганын да токтото туруп, калааларга жыйноочуларды жибер.

a. Мусаны b. Харунда c. Сыйкырчыларды чакыруучу чабармандарды

37 يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٍ

Бардык билерман сыйкырчыларды сага жыйнап келишсин», – дешти.

38 فَجُمِعَ السَّحَرَةُ لِمِيقَاتِ يَوْمٍ مَعْلُومٍ

Ошондо белгилүү күнгү бир жерге сыйкырчылар жыйналышты.

a. Фараон менен Муса келишим кылганда белгиленген жерге жана белгиленген күнү

39 وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنْتُمْ مُجْتَمِعُونَ

Адамдарга да: «Силер жыйналдыңарбы?» – делип суралды.

a. Фараон тарабынан

40 لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَةَ إِنْ كَانُوا هُمُ الْغَالِبِينَ

(Эл): «Эгер жеңишке жетсе, албетте, сыйкырчыларды ээрчийбиз» , – (дешти).