бөлүм Шуара - الشعراء

121 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

Чындыгында, ушунда да (адамдарга сабак болуучу) белгилер бар. Ошондо деле алардын көбү ишенишпейт.

122 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

Акыйкатта, Эгең – Ызааттуу, Мээримдүү!

123 كَذَّبَتْ عَادٌ الْمُرْسَلِينَ

Аад эли да элчилерди жалганчыга чыгарышты.

a. Аллахтын элчилерин –пайгамбарларды

124 إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Ошондо аларга туугандары Худ: “(Аллахдан) коркпойсуңарбы?!

125 إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Чындыгында, мен силер үчүн ишенимдүү элчимин.

126 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.

127 وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى رَبِّ الْعَالَمِينَ

Бул үчүн мен силерден акы сурабаймын. Акым – ааламдардын Эгесине таандык.

128 أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ آيَةً تَعْبَثُونَ

Ар кайсыл дөбөгө эле пайдасыз бийик курулушту ойноп жасай бересиңерби?

129 وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ

Же бул дүйнөдө түбөлүк калуу үмүтү менен кооз хансарайларды кура бересиңерби?.

a. Сарайларыңар баары бир түбөлүктүү эмес, эртең эле урап калат, андан көрө ыйман аркылуу өз рухуңарды оттон сактап калууга ашыкпайсыңарбы?

130 وَإِذَا بَطَشْتُمْ بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ

Кармасаңар таш боордук менен катуу кармайсыңар.

a. “Башка коомдорго, же адамдарга кол салсаңар, аңоосуз, таш боордук менен мамиле кыласыңар”, - деген мааниде

131 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Эми Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.

a. Аллахтын жазасынан

132 وَاتَّقُوا الَّذِي أَمَدَّكُمْ بِمَا تَعْلَمُونَ

Силерди өзүңөр билген нерселериңер менен камсыз кылып жаткан Аллахдан корккула.

a. түрлүү-түрлүү ырыскылар

133 أَمَدَّكُمْ بِأَنْعَامٍ وَبَنِينَ

Ал силерге мал-мүлк, бала-чака берди.

134 وَجَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

(Ал) силерге бакчаларды, булактарды берди.

a. Силер үчүн Ал жер үстүндөгү не деген гана таттуу ырыскыларды жаратып койду

135 إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Мен силерге келүүчү Улуу Күндүн азабынан коркомун”, – деди.

136 قَالُوا سَوَاءٌ عَلَيْنَا أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُنْ مِنَ الْوَاعِظِينَ

Алар: “Сен бизге эскертесиңби, же эскертпейсиңби – баары бир.

137 إِنْ هَذَا إِلَّا خُلُقُ الْأَوَّلِينَ

Бул – мурункулардын гана адаты.

138 وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

Биз азапка дуушар болбойбуз”, – дешип,

a. “Бизден мурдакыларга да ушунтип айтышкан. Бирок дагы эле Кыйамат Кайым болгон жери жок”, - деп текеберленишкен

139 فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَاهُمْ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

алар аны жалганчыга айландырышкандыктан, Биз аларды кыйратып жок кылдык. Мына ушунда да үлгү бар. Бирок алардын көпчүлүгү (Аллахка) ишенишкен эмес.

a. Адамзатка сабак болчу b. адамдардын

140 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

Албетте, Эгең – Ызааттуу, Ырайымдуу!

a. Аллах Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда