101 وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٍ
– “Жан күйөөр досубуз да жок”.
101 وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٍ
– “Жан күйөөр досубуз да жок”.
102 فَلَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
– “Аттиң! (Эгер дүйнө жашоосуна кайра) кайтарыла турган болсокчу, ыйман келтиргендерден болоор элек”.
103 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Чындыгында, ушунда да белгилер бар. Бирок, алардын көбү ыйман келтиришпейт.
a. Адам баласына сабак болуучу b. адамдардын
104 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Акыйкатта, Эгең – Улуу Өкүмдар, Ырайымдуу!
105 كَذَّبَتْ قَوْمُ نُوحٍ الْمُرْسَلِينَ
Нухтун эли да пайгамбарларды жалганчыга чыгарышкан.
106 إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Ошондо алардын туугандары Нух: “(Аллахтын каарынан) коркпойсуңарбы?
107 إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
108 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Эми Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.
109 وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
110 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула”,– деди.
111 قَالُوا أَنُؤْمِنُ لَكَ وَاتَّبَعَكَ الْأَرْذَلُونَ
Алар: “Сага кор болгон адамдар баш ийишти деп мойун суналыбы?”,–дешти.
112 قَالَ وَمَا عِلْمِي بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Нух: “Алардын эмне иштегенин билбеймин.
113 إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَى رَبِّي لَوْ تَشْعُرُونَ
Эгер түшүнсөңөр, алардын эсептери Аллахка таандык.
a. Сооптору, сыйлыктарын Аллах гана берет…
114 وَمَا أَنَا بِطَارِدِ الْمُؤْمِنِينَ
(Аллахка) ыйман келтиргендерди кубалабаймын.
115 إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Анткени мен болгону эскертүүчү ганамын”,– деди.
a. Тозок менен Бейиш тууралуу
116 قَالُوا لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ يَا نُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ الْمَرْجُومِينَ
Алар: “Эй, Нух! Эгер тыйылбасаң, албетте, таш бараңга алынуучулардан болосуң”,– дешти.
117 قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوْمِي كَذَّبُونِ
(Нух): “О Эгем! Чындыгында, элим мени жалганчыга чыгарууда.
118 فَافْتَحْ بَيْنِي وَبَيْنَهُمْ فَتْحًا وَنَجِّنِي وَمَنْ مَعِيَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Эми алар менен менин ортомдо акыйкат бир өкүм чыгар да, мени жана мени менен бирге момундарды куткар”,– деди.
a. Тигилерге менин жалганчы эмес экенимди бир кереметиң менен көрсөтүп койчу
119 فَأَنْجَيْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ
Ошондо (Биз) аны да, аны менен бирге болгондорду да куткардык.
a. Момундарды b. Бүткүл дүйнөлүк Топон суудан
120 ثُمَّ أَغْرَقْنَا بَعْدُ الْبَاقِينَ
Анан, калгандарды (топон) суу алдына чөктүрдүк.