1 طسم
Та, Син, Мим.
a. Шуара - Акындар
1 طسم
Та, Син, Мим.
a. Шуара - Акындар
2 تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْمُبِينِ
Бул айкын Курандын айаттары.
3 لَعَلَّكَ بَاخِعٌ نَفْسَكَ أَلَّا يَكُونُوا مُؤْمِنِينَ
«Алар ыйман келтиришкен жок», – деп, өзүңдү өзүң жок кыла жаздадың.
a. Аллах Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
4 إِنْ نَشَأْ نُنَزِّلْ عَلَيْهِمْ مِنَ السَّمَاءِ آيَةً فَظَلَّتْ أَعْنَاقُهُمْ لَهَا خَاضِعِينَ
Эгер (Биз) кааласак асмандан бир керемет түшүрүп, аларды ага мойун сунуучуларга (дароо) айлантмакпыз.
5 وَمَا يَأْتِيهِمْ مِنْ ذِكْرٍ مِنَ الرَّحْمَنِ مُحْدَثٍ إِلَّا كَانُوا عَنْهُ مُعْرِضِينَ
Аларга Мээримдүүдөн бир насыйат келсе, андан жүз үйрүшөт.
6 فَقَدْ كَذَّبُوا فَسَيَأْتِيهِمْ أَنْبَاءُ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Алардын жалганга чыгарып, мазактаган нерселеринин түшүнүгү өздөрүнө жармаштырылат.
a. Өздөрү жалганчыга айланып, шерменде болушат да, отко ыргытылат
7 أَوَلَمْ يَرَوْا إِلَى الْأَرْضِ كَمْ أَنْبَتْنَا فِيهَا مِنْ كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ
Алар жер жүзүнө карашпайбы? Анда ар түрлүү көркөм өсүмдүктөрдү өстүрүп койдук.
8 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Чындыгында мында белгилер болгону менен, алардын көбү ыйман келтиришпейт.
a. Ошол өсүмдүктөрдө b. Аллахтын Жалгыздыгын жана Түбөлүктүүлүгүн тастыктап турган
9 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Чындыгында, Эгең – Ызааттуу, Ырайымдуу!
10 وَإِذْ نَادَى رَبُّكَ مُوسَى أَنِ ائْتِ الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Ошол убакта Эгең Мусага: «Заалым элге бар»,– деп буйруду:
a. ? Аллах Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда b. Мусанын доорунда c. Көп кудайга сыйынган Мисирлик каапырларга
11 قَوْمَ فِرْعَوْنَ أَلَا يَتَّقُونَ
– «Фараондун элине. Алар коркпойт бекен (көрөлү)?»
12 قَالَ رَبِّ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُكَذِّبُونِ
– Оо, Эгем! чындыгында, мени алар жалганчыга чыгарышынан корком.
13 وَيَضِيقُ صَدْرِي وَلَا يَنْطَلِقُ لِسَانِي فَأَرْسِلْ إِلَى هَارُونَ
Көөдөнүм кысылуу, тилим байлануу. Ошондуктан (бир тууганым) Харунга да пайгамбарлык бер.
a. Илимим жок b. Сөзгө да чечен эмесмин
14 وَلَهُمْ عَلَيَّ ذَنْبٌ فَأَخَافُ أَنْ يَقْتُلُونِ
Мен аларга күнөөкөрмүн. Ошондуктан, алардын мени өлтүрүп салуусунан корком
a. Мисирде жүргөн кезимде жердеш-уруулашыма жардам деп жатып бир гректи өлтүрүп койгом.
15 قَالَ كَلَّا فَاذْهَبَا بِآيَاتِنَا إِنَّا مَعَكُمْ مُسْتَمِعُونَ
(Аллах Таала): «Эч качан андай болбойт! Экөөң тең (Биз берген) кереметтер менен баргыла. Чындыгында, Биз силер менен бирге (болуп), баарын угуп турабыз.
16 فَأْتِيَا فِرْعَوْنَ فَقُولَا إِنَّا رَسُولُ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Дароо экөөң Фараонго барып: «Биз бүткүл ааламдардын Эгесинин элчилерибиз.
a. Аллах Тааланын
17 أَنْ أَرْسِلْ مَعَنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ
Исраил урпактарын биз менен бирге койо бергиле» – деп айт.
18 قَالَ أَلَمْ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدًا وَلَبِثْتَ فِينَا مِنْ عُمُرِكَ سِنِينَ
Фараон: «Сени биз бала кылып асырабадык беле? Өмүр бойу канча жыл арабызда жүрдүң.
a. Муса (а.с.) менен Харун (а.с.) Фараонго келген кезде
19 وَفَعَلْتَ فَعْلَتَكَ الَّتِي فَعَلْتَ وَأَنْتَ مِنَ الْكَافِرِينَ
Сен кыларыңды кылдың. Сен жакшылыкка жамандык жасадың», –деди.
20 قَالَ فَعَلْتُهَا إِذًا وَأَنَا مِنَ الضَّالِّينَ
(Муса): «Мен ал ишти жасаган кезде адашкандардан болчумун.