181 أَوْفُوا الْكَيْلَ وَلَا تَكُونُوا مِنَ الْمُخْسِرِينَ
Өлчөөнү толук кылгыла да, кемитүүчүлөрдөн болбогула.
181 أَوْفُوا الْكَيْلَ وَلَا تَكُونُوا مِنَ الْمُخْسِرِينَ
Өлчөөнү толук кылгыла да, кемитүүчүлөрдөн болбогула.
182 وَزِنُوا بِالْقِسْطَاسِ الْمُسْتَقِيمِ
Туура тараза менен тарткыла.
183 وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ
Адамдардын нерселерин кемитпегиле да, жер бетинде бузукулук кылбагыла.
a. Соода-сатык кылган учуруңарда таразадан, же башка өлчөмдөрдөн өз пайдаңарга кымтып, бирөөнүн акысын жеп, оңой байууну көздөбөгүлө. Антип тапкан байлыгыңар баары бир силерге насип кылбай, же өрттөнүп кетет, же өзүңөр кайгыга учурайсыңар. Адамдарды алдоо болгону менен ар дайым көрүп, угуп турган Аллахны алдоо эч качан мүмкүн эмес! b. Мындай бузукулуктан тыйылгыла
184 وَاتَّقُوا الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالْجِبِلَّةَ الْأَوَّلِينَ
Силерди жана силерден мурдакы элдерди жараткан Аллахдан корккула”,– деди.
185 قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مِنَ الْمُسَحَّرِينَ
Алар: “Сен, албетте, акылдан азгандардансың.
186 وَمَا أَنْتَ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَإِنْ نَظُنُّكَ لَمِنَ الْكَاذِبِينَ
Сен биз кейиптүү эле бир адамсың. Анын үстүнө биз сени жалганчы деп ойлойбуз.
187 فَأَسْقِطْ عَلَيْنَا كِسَفًا مِنَ السَّمَاءِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
Эгер чын айтуучулардан болсоң, кана анда үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн таштап жиберчи”, – дешти.
188 قَالَ رَبِّي أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ
(Шуайп): “Эгем силердин эмне кылып жатканыңарды жакшы билет!”,–деди.
189 فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمْ عَذَابُ يَوْمِ الظُّلَّةِ إِنَّهُ كَانَ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Ошентип, алар аны (Шуайпты) жалганчыга чыгарышты да, аларды ошол түнү апаат алып кетти. Ырасында, ал оор күндүн апааты болчу.
190 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Чындыгында, мында да бир үлгү бар. Бирок, алардын көпчүлүгү (Аллахка) ишенбегендерден эле.
a. Бардык адамдарды ой жүгүртүүгө түртүп турган улуу
191 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Эгең, чындыгында, Ызааттуу, Мээримдүү!
a. Аллах Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
192 وَإِنَّهُ لَتَنْزِيلُ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Акыйкатта, бул Куран, албетте, ааламдардын Эгесинен түшүрүлдү.
193 نَزَلَ بِهِ الرُّوحُ الْأَمِينُ
Аны ишенимдүү Рух (Жебреил жерге) алып түштү.
194 عَلَى قَلْبِكَ لِتَكُونَ مِنَ الْمُنْذِرِينَ
(Ал) Эскертүүчүлөрдөн болушуң үчүн (Куранды) жүрөгүңө жайгаштырды,
a. Аллах Таала
195 بِلِسَانٍ عَرَبِيٍّ مُبِينٍ
ачык-айкын араб тилинде.
196 وَإِنَّهُ لَفِي زُبُرِ الْأَوَّلِينَ
Чындыгында, ал мурункулардын китептеринде да бар болчу.
a. Ыйык Куранда айтылган айрым байандар, эскертүүлөр, насааттар... b. Иудейлерге жана христиандарга түшүрүлгөн Забыр, Тоорат, Инжилдерде да
197 أَوَلَمْ يَكُنْ لَهُمْ آيَةً أَنْ يَعْلَمَهُ عُلَمَاءُ بَنِي إِسْرَائِيلَ
Исраил урпактарынын аалымдары муну билиши – алар үчүн бир далил эмес бекен?!
a. Курандын жана Мухаммед (а.с.) пайгамбардын келиши тууралуу алар өз китептери аркылуу билишкени...
198 وَلَوْ نَزَّلْنَاهُ عَلَى بَعْضِ الْأَعْجَمِينَ
Эгер Куранды арабдардан башка бир элге түшүрсөк жана
199 فَقَرَأَهُ عَلَيْهِمْ مَا كَانُوا بِهِ مُؤْمِنِينَ
муну аларга (иудейлерге, христиандарга) ал окуп берсе деле (баары бир) ишенишмек эмес.
200 كَذَلِكَ سَلَكْنَاهُ فِي قُلُوبِ الْمُجْرِمِينَ
Куранды каапырлардын жүрөктөрүнө ушундай түрдө киргиздик.
a. Аларды ыймандан алыстатуучу кылып