бөлүм Шуара - الشعراء

141 كَذَّبَتْ ثَمُودُ الْمُرْسَلِينَ

Самуд эли да элчилерди жалганчыга чыгарышкан.

142 إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ صَالِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Ошондо алардын тууганы Салих: “(Аллахтын каарынан) коркпойсуңарбы?

143 إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.

144 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Эми Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.

145 وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى رَبِّ الْعَالَمِينَ

Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.

146 أَتُتْرَكُونَ فِي مَا هَاهُنَا آمِنِينَ

Силер деги деги ушул жерде аман-эсен кала аласыңарбы?

a. “Өлүмдү, Кыйаматты эстегиле. Бул жерде түбөлүк жашап калуу эч качан болбостугун унутпагыла. Түбөлүктүү жашоонун – акыреттин камын жегиле” деген мааниде

147 فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

Бакчаларда, булактарда,

148 وَزُرُوعٍ وَنَخْلٍ طَلْعُهَا هَضِيمٌ

эгиндерде, жумшак кабыктуу курма дарактарында (Аллахтын) улуу белгилери турганын көрбөй жатасыңарбы?!

149 وَتَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا فَارِهِينَ

Ошондуктан кыйынсынуу менен тоолорду ойуп үй кура бересиңерби?

150 فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахдан коркуп, мага мойун сунгула.

151 وَلَا تُطِيعُوا أَمْرَ الْمُسْرِفِينَ

Чектен чыгуучулардын буйругуна багынбагыла.

152 الَّذِينَ يُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

Алар жер бетинде бузукулукту таратып, жакшы иштерди жасашпайт”, –деди.

153 قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مِنَ الْمُسَحَّرِينَ

Алар Салихке: “Чындыгында, сен акылдан азгандардансың.

154 مَا أَنْتَ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا فَأْتِ بِآيَةٍ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

Сен биз сыйактуу эле бир адамсың. Эгер чын айтып жаткан болсоң, кана бир керемет көрсөтчү”,– дешти.

a. Пайгамбармын деп

155 قَالَ هَذِهِ نَاقَةٌ لَهَا شِرْبٌ وَلَكُمْ شِرْبُ يَوْمٍ مَعْلُومٍ

(Салих): “Мына, силерге керемет – ушул боз инген. Суу (алуу, же ичүү) кезеги – бир (күн) аныкы, белгилүү бир (күн) силердики.

a. Ботолуу каймал төө b. Булактан сууну кезектешип аласыңар, ичесиңер. Сууну кызганып төөнү өлтүрбөйсүңөр.

156 وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Ага (ингенге) кара ниеттенип жамандык кылбагыла. Андай кылсаңар, анда силерди улуу күндүн азабы алып кетет.

a. Аллах Таала силерге Өз керемети катары жок жерден дароо жаратып берген касиеттүү инген төөнү өлтүрсөңөр, анда Аллахтын каарына калып, жер бетинен жок кылынып, кыйратыласыңар

157 فَعَقَرُوهَا فَأَصْبَحُوا نَادِمِينَ

Алар аны өлтүрүп ташташты да, кайгыга кабылышты.

158 فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

Ошондо аларды (Аллах жиберген) апаат алып кетти. Чындыгында, мында үлгү бар. Алардын көбү (Аллахка) ишенбегендер эле.

a. Адамзатка сабак болуучу

159 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

Чындыгында, Аллах – Ызааттуу, Мээримдүү!

160 كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ الْمُرْسَلِينَ

Лут эли да элчилерди жалганчыга айландырышты.