61 فَلَمَّا تَرَاءَى الْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَابُ مُوسَى إِنَّا لَمُدْرَكُونَ
Эки топ бири-бирин көргөн кезде, Мусанын жолдоштору: “Колго түшөөрүбүз шексиз”, – дешти.
61 فَلَمَّا تَرَاءَى الْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَابُ مُوسَى إِنَّا لَمُدْرَكُونَ
Эки топ бири-бирин көргөн кезде, Мусанын жолдоштору: “Колго түшөөрүбүз шексиз”, – дешти.
62 قَالَ كَلَّا إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهْدِينِ
(Муса): “Эч качан! Чындыгында, Эгебиз биз менен бирге. Ал мага жол көрсөтөт”, – деди.
63 فَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنِ اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْبَحْرَ فَانْفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍ كَالطَّوْدِ الْعَظِيمِ
(Биз) Мусага: “Тайагың менен деңизди чап!” – дедик. Ошондо деңиз (экиге тең бөлүнө) жарылып, ар бир бөлүгү аскар тоодой болду.
64 وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ الْآخَرِينَ
Арткыларды да ошол жерге жакындаттык.
a. Фараондун аскерлерин
65 وَأَنْجَيْنَا مُوسَى وَمَنْ مَعَهُ أَجْمَعِينَ
Мусаны жана аны менен чогуу болгон адамдардын баарын куткардык.
a. Деңиздин толкундарынын алдында калып, кырылып калуусунан аман алып чыктык
66 ثُمَّ أَغْرَقْنَا الْآخَرِينَ
Анан башкалардын баарын сууга чөктүрүп жибердик.
67 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Албетте, мында белги-эскертүү бар. (Бирок) ошондо да алардын көбү ишенген жок.
68 وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Акыйкатта, Эгең – Өкүмдар, Мээримдүү!
69 وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ إِبْرَاهِيمَ
Аларга Ибрахимдин байанын айтып бер:
a. Аллах Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
70 إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ مَا تَعْبُدُونَ
Ошондо ал атасына жана элине: “Эмнеге сыйынып жатасыңар?”,–деди.
71 قَالُوا نَعْبُدُ أَصْنَامًا فَنَظَلُّ لَهَا عَاكِفِينَ
Алар: “Буддарга чокунабыз жана аларга тынбастан сыйына беребиз”,–дешти.
72 قَالَ هَلْ يَسْمَعُونَكُمْ إِذْ تَدْعُونَ
(Ибрахим): “Алар чакырсаңар угуп жатабы?
a. сөлөкөттөр
73 أَوْ يَنْفَعُونَكُمْ أَوْ يَضُرُّونَ
Же болбосо алар силерге пайда, зыйан келтире алабы?”, – деди.
74 قَالُوا بَلْ وَجَدْنَا آبَاءَنَا كَذَلِكَ يَفْعَلُونَ
Алар: “Жок. Ата-бабаларыбыз ушундай кылганын көргөнбүз”, – дешти.
75 قَالَ أَفَرَأَيْتُمْ مَا كُنْتُمْ تَعْبُدُونَ
(Ибрахим): “Эмнеге сыйынып жатканыңарды көрбөй жатасыңарбы?”,– деди.
76 أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمُ الْأَقْدَمُونَ
Силер да, мурунку ата-бабаларыңар да (адашкандар).
77 فَإِنَّهُمْ عَدُوٌّ لِي إِلَّا رَبَّ الْعَالَمِينَ
Ааламдардын Эгесинен башка (кудай жок). Алар менин душмандарым.
a. сөлөкөттөр
78 الَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهْدِينِ
Ал мени жараткан, мага туура жол көрсөтөт.
a. Аллах Таала
79 وَالَّذِي هُوَ يُطْعِمُنِي وَيَسْقِينِ
Ал мени жедирет, ичирет.
a. Азыктандырат, тамактандырат, ырыскы берет b. Суусасам суусунумду кандырат
80 وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ
Мен оорусам, мага шыпаа берет.