1 المص
Алиф, лам, мим, сад.
a. Мааниси Аллахка гана маалым
1 المص
Алиф, лам, мим, сад.
a. Мааниси Аллахка гана маалым
2 كِتَابٌ أُنْزِلَ إِلَيْكَ فَلَا يَكُنْ فِي صَدْرِكَ حَرَجٌ مِنْهُ لِتُنْذِرَ بِهِ وَذِكْرَى لِلْمُؤْمِنِينَ
Бул – сага түшүрүлгөн Китеп, андыктан көңүлүңдө кысылуу болбосун. Бул аркылуу эскертүүң жана момундарга насаат үчүн (түшүрүлдү).
a. Куран b. Каапырларга
3 اتَّبِعُوا مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ وَلَا تَتَّبِعُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ
Эгеңерден силерге түшүрүлгөнгө моюн сунгула да, Андан өзгөнү дос тутуп, ээрчибегиле! Силер аз гана насаат аласыңар.
a. Б.а. пенденин табийаты ошондой: унутчаак, чыдамсыз, ишенбес, терсайак...
4 وَكَمْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا فَجَاءَهَا بَأْسُنَا بَيَاتًا أَوْ هُمْ قَائِلُونَ
Канчалаган кыштактарды жок кылдык, аларга азабыбыз түндөсү жана түшкү тыныгуу учурунда келди.
5 فَمَا كَانَ دَعْوَاهُمْ إِذْ جَاءَهُمْ بَأْسُنَا إِلَّا أَنْ قَالُوا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ
Аларга азабыбыз келген кезде: “Биз чындыгында заалымдардан болдук”, – деген гана сөздү айтышты.
6 فَلَنَسْأَلَنَّ الَّذِينَ أُرْسِلَ إِلَيْهِمْ وَلَنَسْأَلَنَّ الْمُرْسَلِينَ
Өздөрүнө элчи жиберилгендерди суракка тартабыз жана элчилерди да суракка алабыз.
7 فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيْهِمْ بِعِلْمٍ وَمَا كُنَّا غَائِبِينَ
Аларга толук билим менен баян кылабыз. Биз аларга жашыруун эмеспиз.
a. Б.а. Биз алардын жанында ар дайым болобуз
8 وَالْوَزْنُ يَوْمَئِذٍ الْحَقُّ فَمَنْ ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Ал Күнкү таразалоо – чындык. Кимдин таразасы оор болсо, мына ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
a. Жакшылык иштер менен
9 وَمَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ بِمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَظْلِمُونَ
Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо, демек, алар – өздөрүнө зыян алып келишти. Анткени, алар Биздин аяттарды ар дайым жокко чыгарышчу.
10 وَلَقَدْ مَكَّنَّاكُمْ فِي الْأَرْضِ وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَايِشَ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ
Биз силерге жердеги бийликти, кадыр-барк жана (жашоо үчүн зарыл болгон) каражаттарды бердик. Силер өтө эле аз шүгүр кыласыңар.
11 وَلَقَدْ خَلَقْنَاكُمْ ثُمَّ صَوَّرْنَاكُمْ ثُمَّ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ لَمْ يَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ
Биз силерди жаратып, жакшы келбет берип, периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.
12 قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسْجُدَ إِذْ أَمَرْتُكَ قَالَ أَنَا خَيْرٌ مِنْهُ خَلَقْتَنِي مِنْ نَارٍ وَخَلَقْتَهُ مِنْ طِينٍ
(Аллах:) “Сага Мен буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту”, – деди. Ал: “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” – деди.
a. «Эй Иблис!” b. Аллах c. Адамдан (б.а. Адам Атадан)
13 قَالَ فَاهْبِطْ مِنْهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَنْ تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَاخْرُجْ إِنَّكَ مِنَ الصَّاغِرِينَ
(Аллах:) “Анда, андан түш! Сенин текеберленгениң дурус эмес. Чык (Бейиштен)! Сен кор болуучулардансың”, – деди.
a. Бейиштен Жерге
14 قَالَ أَنْظِرْنِي إِلَى يَوْمِ يُبْعَثُونَ
(Иблис:) “Кайра тирилүүчү Күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
15 قَالَ إِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ
(Аллах:) “Ырасында мөөнөт берилгендерденсиң”, – деди.
16 قَالَ فَبِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأَقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ
(Иблис:) “Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.
a. Бейиштен b. Адамдарга
17 ثُمَّ لَآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَائِلِهِمْ وَلَا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَاكِرِينَ
Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”, – деди.
18 قَالَ اخْرُجْ مِنْهَا مَذْءُومًا مَدْحُورًا لَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنْكُمْ أَجْمَعِينَ
(Аллах:) “Кордолуп, куулган абалда ал жерден чык! Алардан ким сени ээрчисе, силердин баарыңар менен Тозокту толтурамын”,-деди.
19 وَيَا آدَمُ اسْكُنْ أَنْتَ وَزَوْجُكَ الْجَنَّةَ فَكُلَا مِنْ حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَذِهِ الشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ الظَّالِمِينَ
Эй, Адам! Сен жубайың менен Бейиштен орун алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, ушул даракка гана жолобогула, (эгер жолосоңор) – заалымдардан болосуңар”,–дедик.
a. “жебегиле” b. Өзүнө-өзү, өз бактысына кыйанаттык кылгандардан
20 فَوَسْوَسَ لَهُمَا الشَّيْطَانُ لِيُبْدِيَ لَهُمَا مَا وُورِيَ عَنْهُمَا مِنْ سَوْآتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَاكُمَا رَبُّكُمَا عَنْ هَذِهِ الشَّجَرَةِ إِلَّا أَنْ تَكُونَا مَلَكَيْنِ أَوْ تَكُونَا مِنَ الْخَالِدِينَ
Ошондо Шайтан ал экөөнүн уяттуу жерлерин ачуу үчүн азгырды да: “Эгеңер силерди ушул дарактан, экөөң периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетишет деп, тыюу салган.
a. жесеңер b. Жешке тыйуу салган