бөлүм Арааф - الأعراف

81 إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ شَهْوَةً مِنْ دُونِ النِّسَاءِ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ

Чындыгында, силер аялдардын ордуна эркектерге кумардануу менен келесиңер. Силер, чындыгында, чектен ашкан коомсуңар”,– деди.

82 وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا أَخْرِجُوهُمْ مِنْ قَرْيَتِكُمْ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ

Бирок анын элинин жообу төмөнкүчө болду: “Аларды шаардан кууп чыккыла. Булар – өздөрүн тазасынган адамдар”.

83 فَأَنْجَيْنَاهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ

Биз аны, үммөттөрүн – анын аялынан башкаларын – сактап калдык. Ал (аялы) калгандар менен чогуу эле.

a. бузулган коомдун жактоочусу болчу

84 وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ مَطَرًا فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُجْرِمِينَ

Биз алардын үстүнө таштарды (жамгырдай) жаадырдык. Кара: Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай бүттү!

85 وَإِلَى مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ قَدْ جَاءَتْكُمْ بَيِّنَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ فَأَوْفُوا الْكَيْلَ وَالْمِيزَانَ وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَاحِهَا ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Мадиян элине алардын тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллахка (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден ачык белги түштү” – деди. Таразаны жана өлчөмдү толук сактагыла, адамдардын нерселерине зыйан кылбагыла, жерде, ал түзөлгөн соң, бузукулук жасабагыла. Эгер ыймандуу болсоңор, бул – силер үчүн жакшы.

a. Таразадан жана өлчөп саткан кезиңерде кардарларыңарды алдабагыла. Арам жол менен байлык топтобогула b. Акысын, мүлкүн акчасын…

86 وَلَا تَقْعُدُوا بِكُلِّ صِرَاطٍ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِهِ وَتَبْغُونَهَا عِوَجًا وَاذْكُرُوا إِذْ كُنْتُمْ قَلِيلًا فَكَثَّرَكُمْ وَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ

Аллахка ыйман келтиргендерди коркутуп, Аллах жолун тосуп, аны (динди) бурмалоо үчүн баардык жолдордо олтурбагыла! Эстегиле: Силердин аз кезиңерде (Аллах) көбөйттү жана бузукулардын акыбети кандай болгонун карагыла.

a. 1) эл өтчү жолдо олтуруп алып, мечиттерге өткөн мусулмандардын үстүнөн күлбөгүлө; 2) Аллахтын Туура Жолунда бараткан мусулман адамдарды азгырып, адаштырып, күнөө кылуучу жолдорго салууга далалат кылбагыла b. Сан жагынан

87 وَإِنْ كَانَ طَائِفَةٌ مِنْكُمْ آمَنُوا بِالَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ وَطَائِفَةٌ لَمْ يُؤْمِنُوا فَاصْبِرُوا حَتَّى يَحْكُمَ اللَّهُ بَيْنَنَا وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ

Эгерде силерден бир тайпа Мен жиберген нерсеге ишенсе жана дагы бир тайпа ишенбесе, Аллах биздин ортобузда өкүм кылганга чейин ага сабыр кылгыла. Ал – өкүм чыгаруучулардын эң Мыктысы!

a. Куранга b. Аллах

88 قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لَنُخْرِجَنَّكَ يَا شُعَيْبُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَكَ مِنْ قَرْيَتِنَا أَوْ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَا قَالَ أَوَلَوْ كُنَّا كَارِهِينَ

Аны коомунун текеберлери: “ Эй, Шуайб, чындыгында сени же сени менен ыйман келтиргендерди айылыбыздан чыгарабыз, же силер биздин динге кайтасыңар”, – деп айтышты. (Шуайб:) “Эгер (силердин диниңерди биз) жаман көрсөк дагыбы?!

89 قَدِ افْتَرَيْنَا عَلَى اللَّهِ كَذِبًا إِنْ عُدْنَا فِي مِلَّتِكُمْ بَعْدَ إِذْ نَجَّانَا اللَّهُ مِنْهَا وَمَا يَكُونُ لَنَا أَنْ نَعُودَ فِيهَا إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ رَبُّنَا وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا عَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْنَا رَبَّنَا افْتَحْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ قَوْمِنَا بِالْحَقِّ وَأَنْتَ خَيْرُ الْفَاتِحِينَ

Эгерде силердин диниңерге Аллах бизди андан куткарган соң кайтсак, анда , чындыгында, Аллах тууралуу жалган айтып, Ага жалаа жапкан болобуз. Биздин Эгебиз Аллахтын каалоосу болмоюнча биз үчүн артка кайтуу болбойт! Биздин Эгебиз Өз илими менен баардык нерселерди камтыйт. Аллахка тобокел кылдык. Оо, Эгебиз! Биздин ортобузду жана коомубуздун ортосун акыйкат менен ачкын. Сен ачуучулардын эң Мыктысысың!” – деди.

a. “Биздин ортобуздагы мамилелерде чындык ким тарабында экенин ачыкка чыгар” деген мааниде b. “Жалган-чынды ачыкка чыгаруучулардын эң Мыктысы” деген мааниде

90 وَقَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لَئِنِ اتَّبَعْتُمْ شُعَيْبًا إِنَّكُمْ إِذًا لَخَاسِرُونَ

Анын коомунан каапыр болгондор: “Эгер силер Шуайбды ээрчисеңер, анда силер зыянга учурайсыңар!” – дешти.

91 فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ

Аларды жер титирөө талкалады. Алар өз журттарында жер астында, бүк түшкөн абалда таңды тосушту.

a. “Аларды күнөөлөрү үчүн жазалап, жерди титиретип кыйратып салдык” деген мааниде b. Баштары менен жерге сайылган абалдарында өлүп, ошол бойунча жер алдында калышты

92 الَّذِينَ كَذَّبُوا شُعَيْبًا كَأَنْ لَمْ يَغْنَوْا فِيهَا الَّذِينَ كَذَّبُوا شُعَيْبًا كَانُوا هُمُ الْخَاسِرِينَ

Шуайбды жалганга чыгаргандар, ал жерде (эч качан) болбогондой... (абалга келишти). Шуайбды жалганга чыгаргандар зыянга учурашты.

a. Жер тептегиз болуп түздөлүп, кечээки элдүү шаар ээн талаа, эрмен чөлгө айланды да калды.

93 فَتَوَلَّى عَنْهُمْ وَقَالَ يَا قَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَنَصَحْتُ لَكُمْ فَكَيْفَ آسَى عَلَى قَوْمٍ كَافِرِينَ

Алардан жүз буруп: “Эй, элим! Чындыгында, Эгемдин байанын силерге жеткиздим, силерге насаат кылдым. Каапыр журт үчүн эмнеге кайгырмак элем?” – деди

a. Аллахтын каргышы уруп, жер жутуп кеткен каапыр коом үчүн...

94 وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا أَخَذْنَا أَهْلَهَا بِالْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ لَعَلَّهُمْ يَضَّرَّعُونَ

Эгер кайсыл бир айылга пайгамбар жиберсек, ал жердин тургундарын каатчылык, оорууга кириптер кылдык. Мүмкүн алар жалбарышаар.

a. Аллахка

95 ثُمَّ بَدَّلْنَا مَكَانَ السَّيِّئَةِ الْحَسَنَةَ حَتَّى عَفَوْا وَقَالُوا قَدْ مَسَّ آبَاءَنَا الضَّرَّاءُ وَالسَّرَّاءُ فَأَخَذْنَاهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Андан соң алардын көңүлдөрү жайланышы үчүн жамандыктын ордун жакшылык менен алмаштырдык. Алар: “Ата-бабаларыбыздын башына да тарчылык жана кеңчилик түшкөн”, – дешти. Анан Биз капилет алганыбызда алар (кырсыктын келгенин) сезбей да калышты.

a. Жер титирөө … ж.б.у.с. кырсыктар аларга капилет: түнкү уйкуда, же түшкү тыныгуу учурунда келген

96 وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ وَلَكِنْ كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришкенде, такыба болушканда Биз аларга берекелерди асмандан жана жерден да ачмакпыз (жибермекчибиз). Бирок (аяттарды) жалганга чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам алдык.

a. жазаладык

97 أَفَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا بَيَاتًا وَهُمْ نَائِمُونَ

Чындыгында, шаар-кыштактардын тургундары уктап жатышканда Бизден балээ келишинен коопсуз болушканбы?

98 أَوَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا ضُحًى وَهُمْ يَلْعَبُونَ

Же шаар-кыштактардын тургундары алар ойноп жаткан шашкеде Биз тараптан кырсык келишинен бейкапар беле?

99 أَفَأَمِنُوا مَكْرَ اللَّهِ فَلَا يَأْمَنُ مَكْرَ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْخَاسِرُونَ

Эмне, Алар Аллахтын (аларды жазалоо тууралуу) амалынан өздөрүн тынч сезиштиби? Кыйратылган коомдон башкалары эч кимиси өзүн Аллахтын амалынан тынчмын деп санай албайт!

100 أَوَلَمْ يَهْدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ أَهْلِهَا أَنْ لَوْ نَشَاءُ أَصَبْنَاهُمْ بِذُنُوبِهِمْ وَنَطْبَعُ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

Жерди мурдагы ээлеринен мурас кылып алгандарды качан кааласак жазалаарыбыз, укпай турган кылып алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койорубуз аларга маалым эмеспи?!

a. Куранды угушпай, угушса да түшүнбөй, тескерисинче андан качыша турган кылып