бөлүм Арааф - الأعراف

101 تِلْكَ الْقُرَى نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنْبَائِهَا وَلَقَدْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا بِمَا كَذَّبُوا مِنْ قَبْلُ كَذَلِكَ يَطْبَعُ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِ الْكَافِرِينَ

Булар – Биз сага кабарлаган шаар-кыштактар. Ал жерлерге ачык белгилер менен элчилер келишкен. Бирок алар мурда жалганга чыгарып келген нерсеге ыйман келтиришпеди. Аллах каапырлардын жүрөктөрүн ушундай кылып мөөрлөйт.

102 وَمَا وَجَدْنَا لِأَكْثَرِهِمْ مِنْ عَهْدٍ وَإِنْ وَجَدْنَا أَكْثَرَهُمْ لَفَاسِقِينَ

Алардын көбү убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында, бузукулар.

103 ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ مُوسَى بِآيَاتِنَا إِلَى فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَظَلَمُوا بِهَا فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ

Андан кийин Мусаны Фараонго жана анын тобуна кереметтер менен жибердик. Ошондо алар кереметтерге зулумдук кылышты. Бузукулардын акыбети кандай болгонун көр!

a. Адилетсиз мамиле кылышты

104 وَقَالَ مُوسَى يَا فِرْعَوْنُ إِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Муса: “Эй, Фараон! Чындыгында мен ааламдардын Ээсинен (келген) элчимин.

105 حَقِيقٌ عَلَى أَنْ لَا أَقُولَ عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ قَدْ جِئْتُكُمْ بِبَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ فَأَرْسِلْ مَعِيَ بَنِي إِسْرَائِيلَ

Аллахка акыйкатты гана айтууга милдеттүүмүн. Силердин Эгеңерден ачык белгилер менен келдим. Мени менен кошо (кетүүсү үчүн) Исраил коомун жөнөт,-деди.

a. Еврейлер 300 жылга жакын Мисирде эзүүдө болушкан. Муса (а.с.) ошол кулчулуктун акыркы доорунда жарык дүйнөгө келип, Исраил элин Фараондун эзүүсүнөн Аллахтын амири менен куткарган.

106 قَالَ إِنْ كُنْتَ جِئْتَ بِآيَةٍ فَأْتِ بِهَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

Ал (Фараон): “Эгер сен ачык белги менен келсең, чынчылдардан болсоң аны көрсөт!” – деди.

107 فَأَلْقَى عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعْبَانٌ مُبِينٌ

Муса таягын ыргытты. Ал даана ажыдаарга айланды.

108 وَنَزَعَ يَدَهُ فَإِذَا هِيَ بَيْضَاءُ لِلنَّاظِرِينَ

(Муса) колун (койнунан) чыгарды эле, ал карап тургандарга аппак болуп көрүндү.

109 قَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِ فِرْعَوْنَ إِنَّ هَذَا لَسَاحِرٌ عَلِيمٌ

Фараондун коомунан бир тайпа: “Бул , чындыгында, билимдүү сыйкырчы,

110 يُرِيدُ أَنْ يُخْرِجَكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ

ал силерди жериңерден чыгарууну каалайт. Эмнеге буйурасыңар?” – деди.

111 قَالُوا أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَأَرْسِلْ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ

Алар: “Аны, анын агасын кармагыла жана шаарларга жыйноочуларды жибер,

112 يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَاحِرٍ عَلِيمٍ

алар бардык билимдүү сыйкырчыларды сага алып келишсин!” – дешти.

113 وَجَاءَ السَّحَرَةُ فِرْعَوْنَ قَالُوا إِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ

Сыйкырчылар келишип, Фараонго; “Чындыгында эгер биз жеңсек, бизге сыйлыктар барбы?” – дешти.

114 قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ لَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ

(Фараон) айтты: “Ооба. Чындыгында, (жеңсеңер мага) силер жакындардан болосуңар.

a. Менин хансарайымдагы даражалуу кызматкерлерден болуп каласыңар

115 قَالُوا يَا مُوسَى إِمَّا أَنْ تُلْقِيَ وَإِمَّا أَنْ نَكُونَ نَحْنُ الْمُلْقِينَ

(Сыйкырчылар) айтышты: “Эй, Муса! (оболу) сен ыргытасыңбы же биз ыргыталыбы?”.

116 قَالَ أَلْقُوا فَلَمَّا أَلْقَوْا سَحَرُوا أَعْيُنَ النَّاسِ وَاسْتَرْهَبُوهُمْ وَجَاءُوا بِسِحْرٍ عَظِيمٍ

(Муса): “Ыргыткыла!”, –деди. Алар ыргыткан кезде адамдардын көздөрүн сыйкырлап, чоң сыйкыр менен келишип, адамдарды коркунучка кабылтышты.

117 وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنْ أَلْقِ عَصَاكَ فَإِذَا هِيَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

Мусага: “Таягыңды ыргыт!” – деп аян бердик. Ошондо (Мусанын) таягы алардын кылган жалганын жута баштады.

a. сыйкырлуу жыландарын

118 فَوَقَعَ الْحَقُّ وَبَطَلَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Ошондо чындык аткарылып, алардын жасаган (сыйкырлары) текке кетти.

119 فَغُلِبُوا هُنَالِكَ وَانْقَلَبُوا صَاغِرِينَ

Ошентип, алар жеңилип, кор болуп кайтышты да,

120 وَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سَاجِدِينَ

анан сыйкырчылар сеждеге дароо жыгылышты.