121 قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ
Алар (сыйкырчылар): “Ааламдардын Эгесине ыйман келтирдик
121 قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ
Алар (сыйкырчылар): “Ааламдардын Эгесине ыйман келтирдик
122 رَبِّ مُوسَى وَهَارُونَ
Муса менен Харундун Эгесине!” – дешти.
123 قَالَ فِرْعَوْنُ آمَنْتُمْ بِهِ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ إِنَّ هَذَا لَمَكْرٌ مَكَرْتُمُوهُ فِي الْمَدِينَةِ لِتُخْرِجُوا مِنْهَا أَهْلَهَا فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Фараон: “Мен силерге уруксат бере электе эле Ага (Аллахка) ыйман келтирдиңерби?!” – деди. Чындыгында бул – шаардын тургундарын чыгарып (эзүүдөн) куткарып жиберүүңөр үчүн жасалган амалкөйлүк. Бирок жакында силер эмне болоорун көрөсүңөр,
a. Исраил урпактары
124 لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ
Сөзсүз, колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, баарыңарды асамын”, – деди.
125 قَالُوا إِنَّا إِلَى رَبِّنَا مُنْقَلِبُونَ
(Сыйкырчылар:) “Биз сөзсүз Эгебизге кайтуучуларданбыз.
126 وَمَا تَنْقِمُ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِآيَاتِ رَبِّنَا لَمَّا جَاءَتْنَا رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَتَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ
Сен бизден Эгебиздин аяттарына ыйман келтиргенибиз үчүн өч аласыңбы?! Эгебиз, бизге сабырдуулук берип, мусулман абалда өлтүр!” – деп айтышты.
a. Сыйкырчылар
127 وَقَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِ فِرْعَوْنَ أَتَذَرُ مُوسَى وَقَوْمَهُ لِيُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ وَيَذَرَكَ وَآلِهَتَكَ قَالَ سَنُقَتِّلُ أَبْنَاءَهُمْ وَنَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ وَإِنَّا فَوْقَهُمْ قَاهِرُونَ
Фараон коомунун башчылары: “Мусаны жана анын элин жер жүзүндө бузукулук кылуусуна, сени да, кудайларыңды да таштоосуна жол бересиңби?” –дешти. Фараон: “Балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырабыз. Биз алардын үстүнөн өкүмдарбыз”, –деп айтты.
128 قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللَّهِ وَاصْبِرُوا إِنَّ الْأَرْضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ
Муса элине: “Аллахтан жардам тилеп, сабыр кылгыла! Чындыгында Жер Аллахка таандык. Ал, аны пенделеринен каалаганына мураска берет. Акыбети такыбалар үчүн (жакшы).
129 قَالُوا أُوذِينَا مِنْ قَبْلِ أَنْ تَأْتِيَنَا وَمِنْ بَعْدِ مَا جِئْتَنَا قَالَ عَسَى رَبُّكُمْ أَنْ يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ
“Бизге сен келээриңден мурда да, сен келгенден кийин деле кыйналдык”, –деп айтышты. “Эгеңер душманыңарды өлтүрүп, силерди жерге орноштурсун! Анан силердин да кандай иштээриңерди көрөт”, –деп айтты.
a. Мусанын эли, Мусага b. Муса (а.с.)
130 وَلَقَدْ أَخَذْنَا آلَ فِرْعَوْنَ بِالسِّنِينَ وَنَقْصٍ مِنَ الثَّمَرَاتِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ
Чындыгында, Фараондун элин каатчылык жылдар жана жемиштерди кемитип, колго алдык. Мүмкүн насаат алышаар.
a. кургакчылык
131 فَإِذَا جَاءَتْهُمُ الْحَسَنَةُ قَالُوا لَنَا هَذِهِ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَطَّيَّرُوا بِمُوسَى وَمَنْ مَعَهُ أَلَا إِنَّمَا طَائِرُهُمْ عِنْدَ اللَّهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Аларга бир жакшылык келсе: “Бул биздин (акыбыз)”, –деп, ал эми бир жамандык келсе, Муса жана аны менен бирге болгондорго жоромолдошту. Билип койгула: Алардын бактысыздыгы Аллахка таандык. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.
132 وَقَالُوا مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِ مِنْ آيَةٍ لِتَسْحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ
Алар: “Бизди сыйкырлоо үчүн канча керемет келтирсең деле, сага ишенбейбиз”, –деп айтышты.
133 فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ الطُّوفَانَ وَالْجَرَادَ وَالْقُمَّلَ وَالضَّفَادِعَ وَالدَّمَ آيَاتٍ مُفَصَّلَاتٍ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ
(Ошондуктан) аларга топон суу, чегиртке, бит, бака жана канды айкын белги-керемет түрүндө жибердик. Ошондо деле алар текебер, күнөөкөр коом боюнча калышты.
a. Фараон калкына b. Кабарларда байандалгандай; Бир жума караңгылык каптап, нөшөрлөгөн жамгыр сели алардын үйлөрүн каптайт. Муса Аллах Таалага жалбарып, Аллахтын буйругу менен күн ачылып, мол өсүмдүктөр чыгат. Ошондо да алар ыйман келтирбегендиктен Аллах аларга балээ жиберип, сууларын канга айландырат.
134 وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيْهِمُ الرِّجْزُ قَالُوا يَا مُوسَى ادْعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِنْدَكَ لَئِنْ كَشَفْتَ عَنَّا الرِّجْزَ لَنُؤْمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرْسِلَنَّ مَعَكَ بَنِي إِسْرَائِيلَ
Аларга азап келген кезде (гана): “Эй, Муса! Эгеңе сага берген убадасы боюнча жалбарып сура. Эгер бизди азаптан куткарсаң, сага ишенебиз да, Исраил урпактарын сени менен (кошо) бошотобуз”, – дешти.
135 فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُمُ الرِّجْزَ إِلَى أَجَلٍ هُمْ بَالِغُوهُ إِذَا هُمْ يَنْكُثُونَ
Белгилүү мөөнөткө чейин жете турган кылып алардан азапты алганыбызда алар убадаларын (кайра) бузушту.
136 فَانْتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَكَانُوا عَنْهَا غَافِلِينَ
Аяттарыбызды жалганга чыгарып, ага кайдыгер мамиле кылгандыктан аларды деңизге чөктүрүп өч алдык.
a. Жазасын бердик
137 وَأَوْرَثْنَا الْقَوْمَ الَّذِينَ كَانُوا يُسْتَضْعَفُونَ مَشَارِقَ الْأَرْضِ وَمَغَارِبَهَا الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ الْحُسْنَى عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ بِمَا صَبَرُوا وَدَمَّرْنَا مَا كَانَ يَصْنَعُ فِرْعَوْنُ وَقَوْمُهُ وَمَا كَانُوا يَعْرِشُونَ
Кыйналган коомду биз жердин чыгыш тарабына да, батыш тарабына да мураскор кылдык да анда береке бердик. Алардын сабыр кылуусунан улам Эгеңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөздөрү орундалды. Фараон менен анын элин, бийиктетип жасап жаткандарын талкаладык.
a. Исраил урпактарын b. имараттарын
138 وَجَاوَزْنَا بِبَنِي إِسْرَائِيلَ الْبَحْرَ فَأَتَوْا عَلَى قَوْمٍ يَعْكُفُونَ عَلَى أَصْنَامٍ لَهُمْ قَالُوا يَا مُوسَى اجْعَلْ لَنَا إِلَهًا كَمَا لَهُمْ آلِهَةٌ قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ
Исраил урпактарын деңизден (аман) өткөрдүк. Анда алар буддарына чокунган коомго келип: “Эй, Муса! Булардын кудайлары сыяктуу бизге да кудай жасап берчи”, – дешти. (Муса:) “Чындыгында силер наадан коомсуңар”, –деди.
139 إِنَّ هَؤُلَاءِ مُتَبَّرٌ مَا هُمْ فِيهِ وَبَاطِلٌ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Сөзсүз алардын диндери жокко чыгарылып, алардын жасаган иштери текке кетет.
140 قَالَ أَغَيْرَ اللَّهِ أَبْغِيكُمْ إِلَهًا وَهُوَ فَضَّلَكُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ
Бүткүл ааламдан силерди артык кылган Аллахтан башка Кудайды издейинби?!