41 لَهُمْ مِنْ جَهَنَّمَ مِهَادٌ وَمِنْ فَوْقِهِمْ غَوَاشٍ وَكَذَلِكَ نَجْزِي الظَّالِمِينَ
Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот. Заалымдардын жазасын ушунтип беребиз.
41 لَهُمْ مِنْ جَهَنَّمَ مِهَادٌ وَمِنْ فَوْقِهِمْ غَوَاشٍ وَكَذَلِكَ نَجْزِي الظَّالِمِينَ
Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот. Заалымдардын жазасын ушунтип беребиз.
42 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар – Бейиш эли жана алар ал жерде түбөлүккө калышат. Биз ар бир жанга ал көтөрө албаганды жүктөбөйбүз.
a. Милдетти, сыноону, кыйынчылыкты
43 وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي هَدَانَا لِهَذَا وَمَا كُنَّا لِنَهْتَدِيَ لَوْلَا أَنْ هَدَانَا اللَّهُ لَقَدْ جَاءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِالْحَقِّ وَنُودُوا أَنْ تِلْكُمُ الْجَنَّةُ أُورِثْتُمُوهَا بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Алардын жүрөктөрүндөгү кайгыларды Биз алып салабыз. Алардын алдынан дарыялар агып турат жана алар: “Бардык мактоо бизди туура жолго салган Аллахка болсун! Эгер Аллах бизди туура жолго салбаганда, туура жолду таба албайт элек. Акыйкатта, Эгебиздин элчилери чындыкты айтышкан”, – дешет. Анан аларга: “Мына, Бейиш бактары! Силер өзүңөр жасаган иштериңер үчүн ушунун мураскору болдуңар”, – деген үн чыгат.
44 وَنَادَى أَصْحَابُ الْجَنَّةِ أَصْحَابَ النَّارِ أَنْ قَدْ وَجَدْنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقًّا فَهَلْ وَجَدْتُمْ مَا وَعَدَ رَبُّكُمْ حَقًّا قَالُوا نَعَمْ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنٌ بَيْنَهُمْ أَنْ لَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الظَّالِمِينَ
Бейиш эли Тозок элине кайрылып: “Эгебиз, бизге убада кылгандарын биз чындык деп, кабыл алдык. Силер да Эгеңердин убадасынын чындык экенине ишендиңерби?” – деп сурашат. Алар: “Ооба”, – дешет. Ошондо алардын арасынан бирөө: “Аллахтын каргышы – заалымдарга!” – деп, жар салат.
a. Тозоктогулар b. Өз бактысына өзү заалымдык, таш боордук кылып, өз жаратуучусуна ибадат кылбай, өмүрүн текке кетирген терсйактык, текеберлик кылгандарга
45 الَّذِينَ يَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا وَهُمْ بِالْآخِرَةِ كَافِرُونَ
Алар Аллахтын жолунан (адамдарды) тосуп, ал жолду бурмалагандар Акыретке да ишенишпейт.
46 وَبَيْنَهُمَا حِجَابٌ وَعَلَى الْأَعْرَافِ رِجَالٌ يَعْرِفُونَ كُلًّا بِسِيمَاهُمْ وَنَادَوْا أَصْحَابَ الْجَنَّةِ أَنْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ لَمْ يَدْخُلُوهَا وَهُمْ يَطْمَعُونَ
Алардын ортосунда тосмо дубал бар. “Арааф” –тосмонун өйдө жагында баарын белгилеринен тааныган адамдар бар. Алар бейиш ээлерине: “Силерге Аллахтын тынчтыгы болсун!” – деп үн салат. Алар – али Бейишке киришкен эмес. Бирок үмүт кылып тургандар.
a. Арааф – Бейиш менен Тозокту бөлүп турган бийик тосмо дубал b. Арьааф дубалынын үстүндө тургандар c. Арааф дубалынын үстүндө тургандар d. Бейишке кирүүнү
47 وَإِذَا صُرِفَتْ أَبْصَارُهُمْ تِلْقَاءَ أَصْحَابِ النَّارِ قَالُوا رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Качан алардын көздөрү Тозок жакка бурулган кезде: “Оо, Эгебиз! Бизди заалым-каапыр адамдар менен чогуу кыла көрбө!” – дешет.
48 وَنَادَى أَصْحَابُ الْأَعْرَافِ رِجَالًا يَعْرِفُونَهُمْ بِسِيمَاهُمْ قَالُوا مَا أَغْنَى عَنْكُمْ جَمْعُكُمْ وَمَا كُنْتُمْ تَسْتَكْبِرُونَ
Араафтагылар тозоктогуларды белгилеринен таанып: “Силердин текеберлигиңер жана жыйнагандарыңар пайда бербедиби?” – деп кыйкырып сурашат.
49 أَهَؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمْتُمْ لَا يَنَالُهُمُ اللَّهُ بِرَحْمَةٍ ادْخُلُوا الْجَنَّةَ لَا خَوْفٌ عَلَيْكُمْ وَلَا أَنْتُمْ تَحْزَنُونَ
(Аллах момундарга тозоктогуларды көрсөтүп) аларга: “Аллахтын ырайымы тийбейт”, – деп ант ичпедиңер беле? Бейишке киргиле! Силерге (эми) коркунуч да кайгы да жок,” – делинет.
a. момундарга b. деп момундарга айтылат
50 وَنَادَى أَصْحَابُ النَّارِ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ أَنْ أَفِيضُوا عَلَيْنَا مِنَ الْمَاءِ أَوْ مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى الْكَافِرِينَ
Тозоктогулар Бейиштегилерге: “Аллахтын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге да бергилечи” – деп кыйкырышат. Алар: “Ырасында, Аллах ал экөөсүн тең каапырларга арам кылган”, – дешет.
51 الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَهُمْ لَهْوًا وَلَعِبًا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا فَالْيَوْمَ نَنْسَاهُمْ كَمَا نَسُوا لِقَاءَ يَوْمِهِمْ هَذَا وَمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ
Алар – диндерин оюн-зоокко айландырышып, дүйнө жашоосу азгыргандар. Алар ушул күнгө жолугаарын унутуп, аяттарыбызды четке каккандай, эми Биз да аларды унутабыз.
a. Аларды азапка таштайбыз
52 وَلَقَدْ جِئْنَاهُمْ بِكِتَابٍ فَصَّلْنَاهُ عَلَى عِلْمٍ هُدًى وَرَحْمَةً لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Ырасында, Биз ыйман келтирген коом үчүн Туура Жол менен акыйкаттын ичинде бир Китеп (Куранды) түшүрдүк. Ал – айра таанытуучу (Китеп).
a. Ак-караны, адал-арамды, жакшы-жаманды ажыратып, таанытуучу
53 هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا تَأْوِيلَهُ يَوْمَ يَأْتِي تَأْوِيلُهُ يَقُولُ الَّذِينَ نَسُوهُ مِنْ قَبْلُ قَدْ جَاءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِالْحَقِّ فَهَلْ لَنَا مِنْ شُفَعَاءَ فَيَشْفَعُوا لَنَا أَوْ نُرَدُّ فَنَعْمَلَ غَيْرَ الَّذِي كُنَّا نَعْمَلُ قَدْ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Алар анын натыйжасын гана күтүп жатышат. Анын натыйжасы келген (Кыямат) Күнү, аны эстеринен чыгаргандар: “Эгебиздин элчилери чындыкты алып келишкен болчу. Эми бизди колдоочу бар бекен? Же дүйнөгө кайра кайтарылар бекенбиз? Ошондо кылган иштерибизден башкача (жакшы) иштерди жасамакпыз”, – дешет. Алар өз жандарына өздөрү кыянаттык кылышты. Аларды өздөрү ойлоп тапкандары адаштырып, кайгыга салды.
a. каапырлар b. өз кылмыштарынын c. Аллахка кошкон шериктери
54 إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Чындыгында, силердин Эгеңер – Аллах! Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, Аршка истиваа болду. Бирин-бири кубалап, күндүздү каптаган түндү, күн менен айды жана жылдыздарды Өз амирине багындырды. Акыйкатта, жаратуу жана бийлик жүргүзүү – Ага таандык. Ааламдардын Эгеси Аллахка улуктук!
55 ادْعُوا رَبَّكُمْ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ
Аллахка жалбаруу менен купуя кайрылгыла. Албетте, Ал чектен ашкан текеберлерди жакшы көрбөйт.
56 وَلَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَاحِهَا وَادْعُوهُ خَوْفًا وَطَمَعًا إِنَّ رَحْمَتَ اللَّهِ قَرِيبٌ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага коркунуч, үмүт менен кайрылгыла. Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Аллахтын ырайымы жакын.
a. Аллахка b. Тилек кылып, сурагыла
57 وَهُوَ الَّذِي يُرْسِلُ الرِّيَاحَ بُشْرًا بَيْنَ يَدَيْ رَحْمَتِهِ حَتَّى إِذَا أَقَلَّتْ سَحَابًا ثِقَالًا سُقْنَاهُ لِبَلَدٍ مَيِّتٍ فَأَنْزَلْنَا بِهِ الْمَاءَ فَأَخْرَجْنَا بِهِ مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ كَذَلِكَ نُخْرِجُ الْمَوْتَى لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Ал (Аллах) – Өз ырайымынын жарчысы катары шамалдарды жиберет. Чындыгында, оор булуттарды көтөргөн шамалдарды өлүү чөлкөмдөргө жиберип, ал аркылуу суу түшүрүп, тирилтип, түрлүү жемиштерди чыгарабыз. Мына ушундай эле өлүктөрдү да тирилтебиз. Балким, акылыңарга келээрсиңер!
a. Шамал, жамгырдын болоорун сүйүнчүлөйт b. Жамгыр жаадырып c. Өлгөн адамдарды да
58 وَالْبَلَدُ الطَّيِّبُ يَخْرُجُ نَبَاتُهُ بِإِذْنِ رَبِّهِ وَالَّذِي خَبُثَ لَا يَخْرُجُ إِلَّا نَكِدًا كَذَلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَشْكُرُونَ
Жакшы жердин өсүмдүктөрү Аллахтын каалоосу менен чыгат. Кунарсыз жерге болсо аз нерсе чыгат. Шүгүр кылуучу элге аяттарыбызды ушинтип баян кылабыз.
a. Б.а. Ар кимдин чын ыкластан жасаган жакшы ишине жараша сооп, сыйлык, бакыт…
59 لَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَى قَوْمِهِ فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Ырасында, Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ошондо ал: “ О элим! Аллахка ибадат кылгыла. Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Албетте, мен силерге келе турган Улуу Күндүн азабынан коркомун”, – деди.
a. Кыйаматтын
60 قَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِهِ إِنَّا لَنَرَاكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
(Нухтун) элинин башчылары: “Чындыгында, биз сенин катуу адашканыңды көрүп турабыз”, – дешти.