бөлүм Арааф - الأعراف

161 وَإِذْ قِيلَ لَهُمُ اسْكُنُوا هَذِهِ الْقَرْيَةَ وَكُلُوا مِنْهَا حَيْثُ شِئْتُمْ وَقُولُوا حِطَّةٌ وَادْخُلُوا الْبَابَ سُجَّدًا نَغْفِرْ لَكُمْ خَطِيئَاتِكُمْ سَنَزِيدُ الْمُحْسِنِينَ

Ошондо аларга: “Ушул кыштакта жашап, каалаганыңарча жегиле жана (Аллахтан) кечирим сурап, эшиктен сежде кылып киргиле! Күнөөңөрдү кечирип, жакшылык кылуучулардан артыкча (сыйлык) беребиз”, – деп айтылды.

162 فَبَدَّلَ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ قَوْلًا غَيْرَ الَّذِي قِيلَ لَهُمْ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِجْزًا مِنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَظْلِمُونَ

Алардын заалымдары өздөрүнө айтылган сөздү башкага алмаштырышты. Алар зулумдук кылгандыктан үстүлөрүнө балээ жибердик.

a. Иудейлердин жана христиандардын айрым диний аалымдары өз колдорундагы Тораттагы жана Инжилдеги Аллахтын сөздөрүн өз сөздөрү менен алмаштырып койушкан.

163 وَاسْأَلْهُمْ عَنِ الْقَرْيَةِ الَّتِي كَانَتْ حَاضِرَةَ الْبَحْرِ إِذْ يَعْدُونَ فِي السَّبْتِ إِذْ تَأْتِيهِمْ حِيتَانُهُمْ يَوْمَ سَبْتِهِمْ شُرَّعًا وَيَوْمَ لَا يَسْبِتُونَ لَا تَأْتِيهِمْ كَذَلِكَ نَبْلُوهُمْ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ

Алардан деңиз жээгинде жайгашкан кыштак тууралуу сура. Алар ишемби күнү чектен чыгышчу. Аларга ишемби күнү балыктар көрүнүп көп келип, башка күндөрү келчү эмес. Аларды бузукулук кылгандыгы себептүү ушундай сынадык.

a. Эй, Мухаммед! b. Аллахтын буйругу менен c. Алардын калпычылыгын дагы бир ирет

164 وَإِذْ قَالَتْ أُمَّةٌ مِنْهُمْ لِمَ تَعِظُونَ قَوْمًا اللَّهُ مُهْلِكُهُمْ أَوْ مُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا قَالُوا مَعْذِرَةً إِلَى رَبِّكُمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Алардан бир тайпа: “Аллах катуу азаптап, (акыры) жок кыла турган коомго эскертүүнүн эмне кажети бар?!” – дешти. “Эгеңерден кечиримин тилейли, мүмкүн алар такыба болуп калышаар”, – деп айтышты.

a. Аллахтын динине чакыруучулар

165 فَلَمَّا نَسُوا مَا ذُكِّرُوا بِهِ أَنْجَيْنَا الَّذِينَ يَنْهَوْنَ عَنِ السُّوءِ وَأَخَذْنَا الَّذِينَ ظَلَمُوا بِعَذَابٍ بَئِيسٍ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ

Өздөрүнө берилген эскертүүнү унуткан кезде жамандыктан тоскондорду (азаптан) куткардык. Андыктан заалымдарды бузукулук кылгандыгы себептүү катуу азапка кабылттык.

a. Ыпластыкка белчесинен толук баткан b. Зулумдарды

166 فَلَمَّا عَتَوْا عَنْ مَا نُهُوا عَنْهُ قُلْنَا لَهُمْ كُونُوا قِرَدَةً خَاسِئِينَ

Аларды тыюу салынган нерселерде чектен чыккандыгы үчүн “маймыл болуп, кор болгула!” – деп буйрудук.

167 وَإِذْ تَأَذَّنَ رَبُّكَ لَيَبْعَثَنَّ عَلَيْهِمْ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ يَسُومُهُمْ سُوءَ الْعَذَابِ إِنَّ رَبَّكَ لَسَرِيعُ الْعِقَابِ وَإِنَّهُ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

Эгең аларды кыямат Күнүнө чейин жаман азап менен кыйнай турган бирөөлөрдү, албетте, жибере турганын аларга билдирди. Чындыгында, Эгең – тез Жазалоочу жана Кечиримдүү, Боорукер!

a. Иудейлерди, Исраил урпактарын b. Зулум, зөөкүр, адилетсиз падышаларды аларга үстөмдүк кылуучулардан кылып

168 وَقَطَّعْنَاهُمْ فِي الْأَرْضِ أُمَمًا مِنْهُمُ الصَّالِحُونَ وَمِنْهُمْ دُونَ ذَلِكَ وَبَلَوْنَاهُمْ بِالْحَسَنَاتِ وَالسَّيِّئَاتِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Аларды жер бетинде (ыдыратып) тайпаларга бөлүп салдык. Алардын жакшылары да, жамандары да бар. Аларды жакшылык менен да, жамандык менен да сынайбыз. Мүмкүн (каапырлыктан) кайтышаар.

a. Иудейлердин b. Маселен бай-бардарчылык, ден соолук, тынчтык... c. Куугунтук, кедейчилик, ооруу, кырсык.... d. Бул дүйнөдөгү өмүрлөрү түгөнгөнгө чейин, эстерине келишип, Аллахтын динине, жолуна

169 فَخَلَفَ مِنْ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ وَرِثُوا الْكِتَابَ يَأْخُذُونَ عَرَضَ هَذَا الْأَدْنَى وَيَقُولُونَ سَيُغْفَرُ لَنَا وَإِنْ يَأْتِهِمْ عَرَضٌ مِثْلُهُ يَأْخُذُوهُ أَلَمْ يُؤْخَذْ عَلَيْهِمْ مِيثَاقُ الْكِتَابِ أَنْ لَا يَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ وَدَرَسُوا مَا فِيهِ وَالدَّارُ الْآخِرَةُ خَيْرٌ لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Алардан кийин Китепке мураскор болууга да жана ушул сапатсыз дүйнөнүн буюмун (сугалактык менен) басып алууга да умтулган коом келет жана алар: “Балким биз кечирилебиз, –дешет. Ушул байлык аларга берилгенде, алар деле алышмак”, – дешет. Аллахка байланыштуу чындыкты гана айтуу боюнча Тооратта алардан убада алынган болчу. Алар андагы нерселерди (аяттарды) окушпадыбы? Чындыгында акырет журту – такыбалар үчүн жакшы. Акылга келбейсиңерби?

a. Аллах тарабынан b. мусулмандарга

170 وَالَّذِينَ يُمَسِّكُونَ بِالْكِتَابِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجْرَ الْمُصْلِحِينَ

Китепти карманып, намазды толук аткарышат. Чындыгында биз жакшы иштерди жасоочулардын сообун текке кетирбейбиз.

a. Курандагы буйруктарды бузбай аткарып b. окушат

171 وَإِذْ نَتَقْنَا الْجَبَلَ فَوْقَهُمْ كَأَنَّهُ ظُلَّةٌ وَظَنُّوا أَنَّهُ وَاقِعٌ بِهِمْ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاذْكُرُوا مَا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Тоону көлөкө түрүндө алардын (Исраил урпактарынын) үстүнө көтөрдүк. Алар аны түшүп кетет деп ойлошту. (Аларга:) “Силерге бергенди бекем кармап, анын ичиндегилерди түшүнгүлө, мүмкүн такыба болорсуңар”, (– дедик).

a. Китепти

172 وَإِذْ أَخَذَ رَبُّكَ مِنْ بَنِي آدَمَ مِنْ ظُهُورِهِمْ ذُرِّيَّتَهُمْ وَأَشْهَدَهُمْ عَلَى أَنْفُسِهِمْ أَلَسْتُ بِرَبِّكُمْ قَالُوا بَلَى شَهِدْنَا أَنْ تَقُولُوا يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّا كُنَّا عَنْ هَذَا غَافِلِينَ

Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” –деп, айтпооңор үчүн Эгең Адамдын перзенттеринин жонунан (белинен) өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: “Мен силердин Эгеңер эмесминби?” (–деди). Алар: “Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк бердик” – дешти.

173 أَوْ تَقُولُوا إِنَّمَا أَشْرَكَ آبَاؤُنَا مِنْ قَبْلُ وَكُنَّا ذُرِّيَّةً مِنْ بَعْدِهِمْ أَفَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ الْمُبْطِلُونَ

Же: “Мурунку ата-бабабыз (Аллахка) шерик тутушкан, биз да алардын урпагыбыз. Бузукулардын жасаган жамандыгын себеп кылып бизди жок кыласыңбы?” (– деп айтпашыңар үчүн).

174 وَكَذَلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ وَلَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Аларга аяттарыбызды (ушундай) ачык баяндайбыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтышаар?

175 وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ الَّذِي آتَيْنَاهُ آيَاتِنَا فَانْسَلَخَ مِنْهَا فَأَتْبَعَهُ الشَّيْطَانُ فَكَانَ مِنَ الْغَاوِينَ

Аларга Биз түшүргөн аяттар кыйгап өткөндүктөн шайтан ээрчип алып, адашуучулардан болгон адам тууралуу айтып бер.

a. Иудейлерге

176 وَلَوْ شِئْنَا لَرَفَعْنَاهُ بِهَا وَلَكِنَّهُ أَخْلَدَ إِلَى الْأَرْضِ وَاتَّبَعَ هَوَاهُ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ الْكَلْبِ إِنْ تَحْمِلْ عَلَيْهِ يَلْهَثْ أَوْ تَتْرُكْهُ يَلْهَثْ ذَلِكَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَاقْصُصِ الْقَصَصَ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

Эгер Биз кааласак муну менен анын даражасын жогорулатып койор элек. Бирок ал ушул (убактылуу) дүйнөгө абдан берилип, өз каалоосун эрчиди. Ал итке окшош: Эгер куусаң тилин салаңдатат, жөн койсоң да тилин салаңдата берет. Аллахтын аяттарын четке каккан адамдардын мисалы дал ушундай. Ушул баянды айт, алар ойлонушсун.

a. Курандагы даанышмандык менен b. Айаттар кыйгап өткөн адам c. Сезимдеринин кулуна айланды d. Жанынын болушунча качат e. Ага эмне гана кылба, ал баары бир оозунан тынымсыз аккан ыплас шилекейи менен баарын булгайт.

177 سَاءَ مَثَلًا الْقَوْمُ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَأَنْفُسَهُمْ كَانُوا يَظْلِمُونَ

Аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын мисалы кандай жаман!

178 مَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَ الْمُهْتَدِي وَمَنْ يُضْلِلْ فَأُولَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

Аллах кимди Туура Жолго салса, ал Туура Жолго түшүүчү. А, кимди адаштырса, алар – кыйроочулар.

179 وَلَقَدْ ذَرَأْنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرًا مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ لَهُمْ قُلُوبٌ لَا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌ لَا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ آذَانٌ لَا يَسْمَعُونَ بِهَا أُولَئِكَ كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ أُولَئِكَ هُمُ الْغَافِلُونَ

Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык: Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу, же андан да жаман (адашуучу). Ошолор кайдыгер калгандар.

180 وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى فَادْعُوهُ بِهَا وَذَرُوا الَّذِينَ يُلْحِدُونَ فِي أَسْمَائِهِ سَيُجْزَوْنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Аллахтын керемет ысымдары бар, Ага ошол ысымдар менен жалбаргыла. Аллахтын ысымдарын булгагандардан узак болгула. Алар өздөрү кылгандарынын азабын тартышат.