бөлүм Арааф - الأعراف

141 وَإِذْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ يُقَتِّلُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ وَفِي ذَلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ

Силерди катуу азап менен кыйнаган, балдарыңарды мууздап, аялыңарды тирүү калтырган фараондун коомунан куткардык. Ушунда силер үчүн Эгеңердин улуу сыноосу бар.

142 وَوَاعَدْنَا مُوسَى ثَلَاثِينَ لَيْلَةً وَأَتْمَمْنَاهَا بِعَشْرٍ فَتَمَّ مِيقَاتُ رَبِّهِ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً وَقَالَ مُوسَى لِأَخِيهِ هَارُونَ اخْلُفْنِي فِي قَوْمِي وَأَصْلِحْ وَلَا تَتَّبِعْ سَبِيلَ الْمُفْسِدِينَ

Мусага отуз түн убада кылып, ага он күн менен толуктадык, ошентип Эгесинин белгилүү мөөнөтү кырк түн менен толукталды. Муса агасы Харунга: “Элимдин арасында орун басарым бол. (Аларды) түзөп, бузукулардын жолун жолдобо”, – деди.

143 وَلَمَّا جَاءَ مُوسَى لِمِيقَاتِنَا وَكَلَّمَهُ رَبُّهُ قَالَ رَبِّ أَرِنِي أَنْظُرْ إِلَيْكَ قَالَ لَنْ تَرَانِي وَلَكِنِ انْظُرْ إِلَى الْجَبَلِ فَإِنِ اسْتَقَرَّ مَكَانَهُ فَسَوْفَ تَرَانِي فَلَمَّا تَجَلَّى رَبُّهُ لِلْجَبَلِ جَعَلَهُ دَكًّا وَخَرَّ مُوسَى صَعِقًا فَلَمَّا أَفَاقَ قَالَ سُبْحَانَكَ تُبْتُ إِلَيْكَ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُؤْمِنِينَ

Муса белгилүү чегибизге келип, Эгеси ага сүйлөгөндө: “Эгем, мага Өзүңдү көрсөт, Сени көрөйүн”, – деди. (Аллах:) “Мени эч качан көрө албайсың. Бирок, тоого кара. Эгер ал ордунда тура алса, сен да Мени көрөсүң”, – деди. Ошентип Эгеси тоого Нурун көрсөткөн убакта ал талкаланып кетти. (Аны көрүп), Муса эстен танып жыгылды. Эсине келээр замат: “Сен Аруусуң! Сага тообо кылдым! Мен ыймандуулардын алгачкысымын”, – деди.

a. Тоо Аллахтын жамалын көрүүнү көтөрө албай чаң-топонго айланып, бырын-чырын болду

144 قَالَ يَا مُوسَى إِنِّي اصْطَفَيْتُكَ عَلَى النَّاسِ بِرِسَالَاتِي وَبِكَلَامِي فَخُذْ مَا آتَيْتُكَ وَكُنْ مِنَ الشَّاكِرِينَ

(Аллах:) “Эй, Муса! Чындыгында сени адамдардан элчилигиме жана сүйлөшүүмө тандап алдым. Сага бергендеримди ал да, шүгүр кылуучулардан бол”, – деди.

a. Аллахтын буйругу менен Муса Тур тоосунда кырк күн орозо кармаган соң, Аллах менен сүйлөшүп, Тоорат түшүрүлөт.

145 وَكَتَبْنَا لَهُ فِي الْأَلْوَاحِ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ مَوْعِظَةً وَتَفْصِيلًا لِكُلِّ شَيْءٍ فَخُذْهَا بِقُوَّةٍ وَأْمُرْ قَوْمَكَ يَأْخُذُوا بِأَحْسَنِهَا سَأُرِيكُمْ دَارَ الْفَاسِقِينَ

Биз ага (Мусага) тактайларда баардык нерселерден насаат жана түшүндүрмө жаздык. Аны бекемдик карманып, элиңе анын көркөм нускаларын алуусун буйрук кыл. Сага бузукулардын журтун көрсөтөбүз.

146 سَأَصْرِفُ عَنْ آيَاتِيَ الَّذِينَ يَتَكَبَّرُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَإِنْ يَرَوْا كُلَّ آيَةٍ لَا يُؤْمِنُوا بِهَا وَإِنْ يَرَوْا سَبِيلَ الرُّشْدِ لَا يَتَّخِذُوهُ سَبِيلًا وَإِنْ يَرَوْا سَبِيلَ الْغَيِّ يَتَّخِذُوهُ سَبِيلًا ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَكَانُوا عَنْهَا غَافِلِينَ

Жерде орунсуз текеберленгендерди Өз кереметтеримден четте калтырам. Эгер алар Биздин бардык аяттарды көрүшсө да, ага ишенишмек эмес. Эгер алар Туура Жолду көрүшсө да, ага түшүшпөйт. Ал эми адашма жолду көрүшсө, аны жол кылып алышат. Бул – алардын белгилерибизди жалганга чыгарып, (акыйкаттан) кайдыгер калгандыгы.

147 وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَلِقَاءِ الْآخِرَةِ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ هَلْ يُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Белгилерибизди жана Акыретте жолугушууну жалганга чыгаргандардын амалдары жоюлуп, жасаган иштери үчүн жазаланышат.

a. Жакшы амалдары текке кетип

148 وَاتَّخَذَ قَوْمُ مُوسَى مِنْ بَعْدِهِ مِنْ حُلِيِّهِمْ عِجْلًا جَسَدًا لَهُ خُوَارٌ أَلَمْ يَرَوْا أَنَّهُ لَا يُكَلِّمُهُمْ وَلَا يَهْدِيهِمْ سَبِيلًا اتَّخَذُوهُ وَكَانُوا ظَالِمِينَ

Ошентип Мусанын коому Муса кеткенден кийин жасалгалардан үн чыгуучу музоо айкелин жасап алышты. Музоо аларга сүйлөбөсүн жана Туура Жолго баштай албашын билишпейби?! Алар аны (кудай) тутушуп, заалымдардан болушту.

a. Алтын, күмүш сыйактуу асыл металлдан куйулган зер буйумдарын кайра ээритип, Саамирий алтын зергерчиге букача-музоо жасатышып, ошого сыйына башташат b. Жебреилдин атынын изинен калган топуракты анын ичине салгандыктан, шамал аркылуу кунажындын үнү чыкчу.

149 وَلَمَّا سُقِطَ فِي أَيْدِيهِمْ وَرَأَوْا أَنَّهُمْ قَدْ ضَلُّوا قَالُوا لَئِنْ لَمْ يَرْحَمْنَا رَبُّنَا وَيَغْفِرْ لَنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Качан алардын колдорундагы түшүп, анык адашкандыктарын көрүшүп: “Эгебиз бизди ырайым кылып, кечирбесе, зыян тартуучулардан болобуз!” – деп айтышты.

a. Катуу өкүнүшүп

150 وَلَمَّا رَجَعَ مُوسَى إِلَى قَوْمِهِ غَضْبَانَ أَسِفًا قَالَ بِئْسَمَا خَلَفْتُمُونِي مِنْ بَعْدِي أَعَجِلْتُمْ أَمْرَ رَبِّكُمْ وَأَلْقَى الْأَلْوَاحَ وَأَخَذَ بِرَأْسِ أَخِيهِ يَجُرُّهُ إِلَيْهِ قَالَ ابْنَ أُمَّ إِنَّ الْقَوْمَ اسْتَضْعَفُونِي وَكَادُوا يَقْتُلُونَنِي فَلَا تُشْمِتْ بِيَ الْأَعْدَاءَ وَلَا تَجْعَلْنِي مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Муса өз коомуна ачууланып, кейиген абалда кайтып келип: “Менден кийин, кандай жаман иш кылдыңар. Эгеңердин буйругуна шаштыңарбы?” – деп, (колундагы) жазуусу бар тактайларды таштап, агасынын башынан чапчып, өзүнө карай тарткылады. (Харун:) “Эй, энемдин уулу! Чындыгында бул коом мени басынтып, өлтүрмөкчү болду. Мени душмандарга мыскыл кылба жана мени заалым коом менен бирге санаба”, – деди.

151 قَالَ رَبِّ اغْفِرْ لِي وَلِأَخِي وَأَدْخِلْنَا فِي رَحْمَتِكَ وَأَنْتَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ

(Муса:) “О Эгем, мени жана агамды кечир! Бизди ырайымыңа бөлө! Сен, ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң!

152 إِنَّ الَّذِينَ اتَّخَذُوا الْعِجْلَ سَيَنَالُهُمْ غَضَبٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَذِلَّةٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَكَذَلِكَ نَجْزِي الْمُفْتَرِينَ

Албетте, музоону кудай катары тутунгандарга Эгеси тарабынан каар жана дүнүйө жашоосунда жакында кордук жетет. Ойлоп табуучуларды мына ушунтип жазалайбыз.

a. Аллахтын белгилерин жалганга чыгаруучуларды

153 وَالَّذِينَ عَمِلُوا السَّيِّئَاتِ ثُمَّ تَابُوا مِنْ بَعْدِهَا وَآمَنُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

Жаман иштерди жасагандар, андан кийин тообо кылып, ыйман келтиришсе, чындыгында, Эгең – аларга Кечиримдүү, Боорукер!

154 وَلَمَّا سَكَتَ عَنْ مُوسَى الْغَضَبُ أَخَذَ الْأَلْوَاحَ وَفِي نُسْخَتِهَا هُدًى وَرَحْمَةٌ لِلَّذِينَ هُمْ لِرَبِّهِمْ يَرْهَبُونَ

Мусанын ачуусу басылып, тактайларды алды. Анын бир нускасында; Эгесинен корккондор үчүн Туура Жол жана ырайымдуулук (бар болчу).

155 وَاخْتَارَ مُوسَى قَوْمَهُ سَبْعِينَ رَجُلًا لِمِيقَاتِنَا فَلَمَّا أَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ قَالَ رَبِّ لَوْ شِئْتَ أَهْلَكْتَهُمْ مِنْ قَبْلُ وَإِيَّايَ أَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ السُّفَهَاءُ مِنَّا إِنْ هِيَ إِلَّا فِتْنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَنْ تَشَاءُ وَتَهْدِي مَنْ تَشَاءُ أَنْتَ وَلِيُّنَا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الْغَافِرِينَ

Муса Биз белгилеген убакытка өз коомунан жетимиш киши тандады. Аларды Жер силкинүү каптаганда, (Муса:) “Эгем! Эгер Сен кааласаң аларды да, мени да мындан мурда жок кылмаксың. Арабыздагы наадандардын кылыктарынан улам бизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынооң гана. Аны менен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды Туура Жолго баштайсың. Сен – биздин Кожоюнубузсуң. Бизди кечирип, ырайым кыла көр. Сен – кечирүүчүлөрдүн эң мыктысысың!

a. Чогуу келүү үчүн b. Жаратуучусун таануудан баш тарткан келесоо чалыш

156 وَاكْتُبْ لَنَا فِي هَذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ إِنَّا هُدْنَا إِلَيْكَ قَالَ عَذَابِي أُصِيبُ بِهِ مَنْ أَشَاءُ وَرَحْمَتِي وَسِعَتْ كُلَّ شَيْءٍ فَسَأَكْتُبُهَا لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَالَّذِينَ هُمْ بِآيَاتِنَا يُؤْمِنُونَ

Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаза көр. Чындыгында биз сага жүз бурдук», – деп айтты. (Аллах:) «Каалаганымды азабыма кабылтамын. Ырайымым (болсо) бардык нерсени камтыйт. Аны такыбаларга, зекет бергендерге жана аяттарыбызга ишенгендерге жакында бекемдеймин”,– деди.

a. ырайымды

157 الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الرَّسُولَ النَّبِيَّ الْأُمِّيَّ الَّذِي يَجِدُونَهُ مَكْتُوبًا عِنْدَهُمْ فِي التَّوْرَاةِ وَالْإِنْجِيلِ يَأْمُرُهُمْ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَاهُمْ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ الْخَبَائِثَ وَيَضَعُ عَنْهُمْ إِصْرَهُمْ وَالْأَغْلَالَ الَّتِي كَانَتْ عَلَيْهِمْ فَالَّذِينَ آمَنُوا بِهِ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَاتَّبَعُوا النُّورَ الَّذِي أُنْزِلَ مَعَهُ أُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылганды табышып, сабатсыз пайгамбар-элчини ээрчишет. Ал – аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Алардын үстүндөгү оор жүктөрдү жеңилдетип, чиеленген нерселерди чечет. Ага ишенгендер аны урмат кылып, жардам беришкендер жана ага түшүрүлгөн нурду ээрчигендер, мына ошолор – (Тозоктон) кутулуучулар!

a. Пайгамбарыбыздын сыпатын b. Куранды

158 قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ النَّبِيِّ الْأُمِّيِّ الَّذِي يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَكَلِمَاتِهِ وَاتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

“Эй, Адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Аллахтын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллахка (гана) таандык! Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллахка жана Аллахтын сөздөрүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз пайгамбар-элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким, Туура Жолду табаарсыңар.

a. Эй, Мухаммед! Коомуңа:

159 وَمِنْ قَوْمِ مُوسَى أُمَّةٌ يَهْدُونَ بِالْحَقِّ وَبِهِ يَعْدِلُونَ

Мусанын коомунан да Туура Жолго баштоочу жана аны менен адилеттүү иш жасоочу бир тайпа болгон.

160 وَقَطَّعْنَاهُمُ اثْنَتَيْ عَشْرَةَ أَسْبَاطًا أُمَمًا وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى إِذِ اسْتَسْقَاهُ قَوْمُهُ أَنِ اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْحَجَرَ فَانْبَجَسَتْ مِنْهُ اثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًا قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍ مَشْرَبَهُمْ وَظَلَّلْنَا عَلَيْهِمُ الْغَمَامَ وَأَنْزَلْنَا عَلَيْهِمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَى كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Биз Исраил урпактарын он эки топ-урууга бөлдүк. Мусадан анын коому суу сураган кезде ага: “Таягың менен ташты ур!” – деген аян бердик. Ошондо таштан он эки булак чыгып, ар ким өз булагын таанып алышты. Аларга булутту көлөкө кылып, өздөрүнө “манна, салваа” түшүрдүк: “Силерге Биз берген ырыскылардын тазасынан жегиле”, – (дедик). Алар Бизге зулумдук кылышкан жок. Өздөрүнө гана зулумдук кылышты.

a. «Манн» деп аталган суйук тамакты b. бөдөнө