181 وَمِمَّنْ خَلَقْنَا أُمَّةٌ يَهْدُونَ بِالْحَقِّ وَبِهِ يَعْدِلُونَ
Биз жараткан адамдардан адилеттүүлүккө чакырып, өздөрү да адилеттүүлүк менен иш жасай турган бир тайпа бар.
a. Мухаммед (а.с.)дын үммөттөрү
181 وَمِمَّنْ خَلَقْنَا أُمَّةٌ يَهْدُونَ بِالْحَقِّ وَبِهِ يَعْدِلُونَ
Биз жараткан адамдардан адилеттүүлүккө чакырып, өздөрү да адилеттүүлүк менен иш жасай турган бир тайпа бар.
a. Мухаммед (а.с.)дын үммөттөрү
182 وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا سَنَسْتَدْرِجُهُمْ مِنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ
Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды алар күтпөгөн жактан (балээ жиберип) акырындап алабыз.
a. жок кылабыз
183 وَأُمْلِي لَهُمْ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ
Мен алардын (өлүмү келүүчү) мөөнөтүн узартып койом. Чындыгында, Менин айлакерлигим күчтүү!
184 أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا مَا بِصَاحِبِهِمْ مِنْ جِنَّةٍ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Алар ойлонушпадыбы?! Алардын жолдошу акылсыздардан эмес! Ал – даана эскертүүчү!
a. Мухаммед (а.с.)
185 أَوَلَمْ يَنْظُرُوا فِي مَلَكُوتِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ وَأَنْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَدِ اقْتَرَبَ أَجَلُهُمْ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَهُ يُؤْمِنُونَ
Алар асмандар менен жердеги чыныгы Өкүмдарлык Аллахтыкы экенин, анткени мунун баарын Аллах жаратканын жана алар өздөрүнүн ажалдары жакын экендигин ойлошпойбу?! Алар эми мындан кийин дагы кайсыл сөзгө ишенишет?!
186 مَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَا هَادِيَ لَهُ وَيَذَرُهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
Аллах кимди адаштырса, ага Туура Жолду көрсөтүүчү жок. (Аллах) аларды өздөрүнүн адашуусуна айран кылган абалда калытрат.
187 يَسْأَلُونَكَ عَنِ السَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَاهَا قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ رَبِّي لَا يُجَلِّيهَا لِوَقْتِهَا إِلَّا هُوَ ثَقُلَتْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَا تَأْتِيكُمْ إِلَّا بَغْتَةً يَسْأَلُونَكَ كَأَنَّكَ حَفِيٌّ عَنْهَا قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ اللَّهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. (Сен аларга:) “Чындыгында, анын маалыматы Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана ачыкка чыгарат”, – дегин. Ал (Кыямат) асмандар жана жер үчүн да оор болот. Ал капилет келет. Алар сенден сен аны билип тургансып сурашат. Сен айт: “Чындыгында, анын маалыматы Эгемдин алдында. Бирок көптөгөн адамдар аны билишпейт”.
a. Мухаммед (а.с.) b. Кыйаматтын сөзсүз болоорун, анын жалган эмес, чындык экенин.
188 قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي نَفْعًا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ وَلَوْ كُنْتُ أَعْلَمُ الْغَيْبَ لَاسْتَكْثَرْتُ مِنَ الْخَيْرِ وَمَا مَسَّنِيَ السُّوءُ إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Мен өзүмө, Аллахтын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, өзүмө жакшылыктан көбөйтмөкмүн. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер үчүн (Тозокту) эскертүүчү жана (Бейишти) сүйүнчүлөөчүмүн.
189 هُوَ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا فَلَمَّا تَغَشَّاهَا حَمَلَتْ حَمْلًا خَفِيفًا فَمَرَّتْ بِهِ فَلَمَّا أَثْقَلَتْ دَعَوَا اللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنْ آتَيْتَنَا صَالِحًا لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ
Ал силерди бир жандан жаратып, үйүр алуусу үчүн андан жубайын жаратты. Жубайына кошулганда анын боюна жеңил түрдө (бала) бүттү. Ошондо аны менен жүрүп оорлошкон кезде, экөөнүн Эгеси болгон Аллахка жалбарышты: “Эгерде бизге жакшы перзент берсең чындыгында биз шүгүр кылуучулардан болот элек”.
a. Адам Атадан b. Адам-Атанын кабыргасынан c. Обо Энени d. Бойундагы бала менен e. Курсагындагы түйүлдүк чоңойгон кезде f. Бойундагы бала чоңойуп, денеси оорлогон кезде
190 فَلَمَّا آتَاهُمَا صَالِحًا جَعَلَا لَهُ شُرَكَاءَ فِيمَا آتَاهُمَا فَتَعَالَى اللَّهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Ал экөөнө жакшы бала берген соң, алар (Аллахка) шериктерди кошушту. Аллах алардын шерик туткан нерселеринен өйдө.
a. Бийик жана таза
191 أَيُشْرِكُونَ مَا لَا يَخْلُقُ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ
Эч нерсени жаратпаган, (тескерисинче) өздөрү жаратылган нерсени (Аллахка) шерик кылышабы?!
192 وَلَا يَسْتَطِيعُونَ لَهُمْ نَصْرًا وَلَا أَنْفُسَهُمْ يَنْصُرُونَ
Өздөрүнө да, башкаларга да жардам кыла албайт!
a. Аллахка шерик кылынган жансыз нерселер
193 وَإِنْ تَدْعُوهُمْ إِلَى الْهُدَى لَا يَتَّبِعُوكُمْ سَوَاءٌ عَلَيْكُمْ أَدَعَوْتُمُوهُمْ أَمْ أَنْتُمْ صَامِتُونَ
Эгер аларды түз жолго чакырсаңар силерди ээрчибейт. Аларды чакырасыңарбы же унчукпай койосуңарбы, силерге баары бир.
194 إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ عِبَادٌ أَمْثَالُكُمْ فَادْعُوهُمْ فَلْيَسْتَجِيبُوا لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Чындыгында Аллахка кошулган шериктер – өздөрү силер сыяктуу эле пенделер. Болбосо, эгер силер чынчыл болсоңор, аларды чакырып көргүлөчү, алар силерге жооп берээр бекен?
a. Аларгы сыйынып, жардам сурап, силерге жардамга келсин үчүн дуба кылып
195 أَلَهُمْ أَرْجُلٌ يَمْشُونَ بِهَا أَمْ لَهُمْ أَيْدٍ يَبْطِشُونَ بِهَا أَمْ لَهُمْ أَعْيُنٌ يُبْصِرُونَ بِهَا أَمْ لَهُمْ آذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا قُلِ ادْعُوا شُرَكَاءَكُمْ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنْظِرُونِ
Алардын (буддардын) баса турган буттары кармай турган колдору, көрө турган көздөрү, уга турган кулактары барбы? (Аларга:) “Колдоочуларыңарды чакыргыла да, бир да көз ирмем убакыт бербестен, мага каршы амалкөйлүк жасагыла!” – деп айткын.
196 إِنَّ وَلِيِّيَ اللَّهُ الَّذِي نَزَّلَ الْكِتَابَ وَهُوَ يَتَوَلَّى الصَّالِحِينَ
Чындыгында, менин кожоюнум – Куранды түшүргөн Аллах. Ал жакшы адамдарга да кожоюндук кылат.
197 وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَكُمْ وَلَا أَنْفُسَهُمْ يَنْصُرُونَ
Аллахтан башкага сыйынган нерселериңер силерге да, өздөрүнө да жардам бере алышпайт.
198 وَإِنْ تَدْعُوهُمْ إِلَى الْهُدَى لَا يَسْمَعُوا وَتَرَاهُمْ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ وَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ
Эгер аларды түз жолго чакырсаң угушпайт. Алардын сага карап турганын көрөсүң, бирок алар көрүшпөйт.
a. Анткени алардын дили сокур, көөдөнү көр…Себеби ыйманы жок
199 خُذِ الْعَفْوَ وَأْمُرْ بِالْعُرْفِ وَأَعْرِضْ عَنِ الْجَاهِلِينَ
Кечиримдүүлүктү ал, аларды тууралыкка буйур! Наадандардан жүз үйүр.
a. Бирөөнү кечирүү, же кечирбей койуу мүмкүнчүүлүгү туулса, кечиримдүү болуу жолун танда
200 وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ إِنَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Эгер шайтандан келген азгырык сени азгырмакчы болсо, Аллах менен сактан. Чындыгында Ал –Угуучу, Билүүчү!
a. «Аузу биллахи минаш-шайтаанир-ражиим» деп