бөлүм Арааф - الأعراف

61 قَالَ يَا قَوْمِ لَيْسَ بِي ضَلَالَةٌ وَلَكِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

“Эй, элим! Менде эч кандай адашуучулук жок. Мен – ааламдардын Эгеси тараптан (жиберилген) бир элчимин”, – деди.

62 أُبَلِّغُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَأَنْصَحُ لَكُمْ وَأَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

“Силерге Эгеңер жибергендерди жеткирип, силерди (жакшылыкка) үгүттөймүн. Ошондой эле, Аллахтын сыпаттарынан силер билбегендерди билем.

a. Аллахтын жардамы жана каалоосу менен Ал өзү жиберүүчү жана келечекте болуучу (Топон суу сыйактуу) айрым окуйаларды

63 أَوَعَجِبْتُمْ أَنْ جَاءَكُمْ ذِكْرٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَلَى رَجُلٍ مِنْكُمْ لِيُنْذِرَكُمْ وَلِتَتَّقُوا وَلَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Такыба болуп, ырайым кылынууңар үчүн Эгеңер тараптан өз ичиңерден (тандалып) бир эскертүүчү келип, силерге насаат айтса, ошого таңыркап жатасыңарбы?”

a. Пайгамбар. Бул жерде Нух (а.с.) тууралуу айтылууда

64 فَكَذَّبُوهُ فَأَنْجَيْنَاهُ وَالَّذِينَ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ وَأَغْرَقْنَا الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا عَمِينَ

Ошондо алар аны жалганчыга чыгарышты. Биз (Нухту) жана анын кемесинде болгондорду куткарып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды сууга чөктүрүп жибердик.

65 وَإِلَى عَادٍ أَخَاهُمْ هُودًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Аад элине өз тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллахка (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Коркпойсуңарбы?!” – деди.

a. Тозок отунан, азабынан, Кыйаматтын сурагынан

66 قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ إِنَّا لَنَرَاكَ فِي سَفَاهَةٍ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ الْكَاذِبِينَ

Элинин каапырлары: “Сенин акылдан адашканыңды көрүп турабыз. Биз сени жалганчы катары билебиз”, – дешти.

67 قَالَ يَا قَوْمِ لَيْسَ بِي سَفَاهَةٌ وَلَكِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Ал: “Эй, элим! Менде акылдан адашуу жок. Мен – ааламдардын Эгесинен (келген) элчимин.

a. Пайгамбармын

68 أُبَلِّغُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَأَنَا لَكُمْ نَاصِحٌ أَمِينٌ

Мен силерге Эгемден (келген) кабарларды жеткиремин. Мен силер үчүн ишеничтүү насаатчымын.

69 أَوَعَجِبْتُمْ أَنْ جَاءَكُمْ ذِكْرٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَلَى رَجُلٍ مِنْكُمْ لِيُنْذِرَكُمْ وَاذْكُرُوا إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَاءَ مِنْ بَعْدِ قَوْمِ نُوحٍ وَزَادَكُمْ فِي الْخَلْقِ بَسْطَةً فَاذْكُرُوا آلَاءَ اللَّهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Силер эмнеге өз Эгеңерден өзүңөрдөн чыгарылган эскертүүчү аркылуу кабар келсе таң каласыңар? Эсиңерде болсун: Ал силерди Нухтун коомунан кийин (жердеги) өз орун басары кылды жана силерди күч тарабынан артык кылдык. Аллахтын жакшылыктарын эстегиле! Мүмкүн кутулаарсыңар!

a. Нухтун эли кыйратылгандан кийин

70 قَالُوا أَجِئْتَنَا لِنَعْبُدَ اللَّهَ وَحْدَهُ وَنَذَرَ مَا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

Алар: “Сен бизди жалгыз гана Аллахка ибадат кылып, ата-бабаларыбыз табынгандарды ташташыбыз үчүн келдиңби? Эгер чындыкты айтып жаткан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи, (көрөлү)?!” – дешти.

71 قَالَ قَدْ وَقَعَ عَلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ رِجْسٌ وَغَضَبٌ أَتُجَادِلُونَنِي فِي أَسْمَاءٍ سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا نَزَّلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ فَانْتَظِرُوا إِنِّي مَعَكُمْ مِنَ الْمُنْتَظِرِينَ

(Худ:) “Эгеңердин каары жана азабы силерге жакында түшөт!” Силер жана ата-бабаңар атаган, Аллах эч кандай далил жибербеген ысымдар (буддар) тууралуу мени менен талашасыңарбы?! Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн”, – деди.

a. Андай болсо, Аллахтан келе жаткан азап-кайгыны

72 فَأَنْجَيْنَاهُ وَالَّذِينَ مَعَهُ بِرَحْمَةٍ مِنَّا وَقَطَعْنَا دَابِرَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَمَا كَانُوا مُؤْمِنِينَ

Биз аны жана аны менен болгондорду Өзүбүздүн мээрим менен куткарып калдык. Биздин аяттарды жалганга чыгарып, ыйман келтирбегендердин баарын жок кылдык.

73 وَإِلَى ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ قَدْ جَاءَتْكُمْ بَيِّنَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ هَذِهِ نَاقَةُ اللَّهِ لَكُمْ آيَةً فَذَرُوهَا تَأْكُلْ فِي أَرْضِ اللَّهِ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Ал эми Самуд элине алардын тууганы Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллахка (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден өзгөчө керемет келди. Мына, Аллахтын ингени силер үчүн – бир керемет. Ага тийбегиле, Аллахтын жеринде оттосун. Ага бир жамандык кылып жүрбөгүлө. Антсеңер, силерди оорутуучу азап алат”, – деди.

a. ботолуу, сүттүү каймал төө

74 وَاذْكُرُوا إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَاءَ مِنْ بَعْدِ عَادٍ وَبَوَّأَكُمْ فِي الْأَرْضِ تَتَّخِذُونَ مِنْ سُهُولِهَا قُصُورًا وَتَنْحِتُونَ الْجِبَالَ بُيُوتًا فَاذْكُرُوا آلَاءَ اللَّهِ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

Эсиңерде болсун: (Аад элинен) кийин силерди Аллах Өз орун басары кылып, жерден орун берди. Анын (жердин) өрөөндөрүнө хансарайларды куруп, тоолорго үй кургула. Аллахтын жакшылыгын унутпагыла жана бузуку-ыпластык менен жер бетин булгабагыла!

75 قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لِلَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِمَنْ آمَنَ مِنْهُمْ أَتَعْلَمُونَ أَنَّ صَالِحًا مُرْسَلٌ مِنْ رَبِّهِ قَالُوا إِنَّا بِمَا أُرْسِلَ بِهِ مُؤْمِنُونَ

(Самуд элинин) ак сөөктөрү, ыйман келтирген алсыздардан: “Силер Салих өз Эгесинин пайгамбары экенин билесиңерби?” – деп сурады. Алар: “Чындыгында, биз ал эмне менен жиберилгенине ыйман келтиребиз!” – дешти.

a. кедейлерден b. Кандай керемет жана айаттар менен

76 قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا بِالَّذِي آمَنْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ

Текебер ак сөөктөр: “Чындыгында, биз силер ыйман келтирген нерсени четке кагабыз!” – дешти.

77 فَعَقَرُوا النَّاقَةَ وَعَتَوْا عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ وَقَالُوا يَا صَالِحُ ائْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الْمُرْسَلِينَ

Алар өз Эгелеринин буруктарына кулак салышпай, ингенди мууздап салышты да: “Эй, Салих! Эгер сен пайгамбар болсоң, кана бизге убадалаганыңды алып келчи!” – дешти.

78 فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ

Таң эрте менен аларды жер титирөө каптап, өз турактарында бүк түшүп (өлүп) жатышты.

a. каапырларды

79 فَتَوَلَّى عَنْهُمْ وَقَالَ يَا قَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَالَةَ رَبِّي وَنَصَحْتُ لَكُمْ وَلَكِنْ لَا تُحِبُّونَ النَّاصِحِينَ

Ошондо Салих алардан баш тартты да: “Эй, элим! Мен Эгемдин эскертүүсүн жеткирип, эскерткен болчумун. Бирок силер ак ниет насаатчыларды сүйбөйсүңөр”, – деди.

80 وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ أَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ مَا سَبَقَكُمْ بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِنَ الْعَالَمِينَ

Лут элине айтканын эсте: “Кантип силер мурда жер жүзүндө болбогон ыпластыкты жасайсыңар?