21 وَقَاسَمَهُمَا إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ النَّاصِحِينَ
Чынында мен экөөңөргө насаатчыларданмын”, – деп ант ичти.
21 وَقَاسَمَهُمَا إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ النَّاصِحِينَ
Чынында мен экөөңөргө насаатчыларданмын”, – деп ант ичти.
22 فَدَلَّاهُمَا بِغُرُورٍ فَلَمَّا ذَاقَا الشَّجَرَةَ بَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ وَنَادَاهُمَا رَبُّهُمَا أَلَمْ أَنْهَكُمَا عَنْ تِلْكُمَا الشَّجَرَةِ وَأَقُلْ لَكُمَا إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمَا عَدُوٌّ مُبِينٌ
Ошентип ал экөөн азгырды. Ошондо экөө дарактан даам татып, уяттуу жерлери ачылып калды. Экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. Эгелери экөөсүнө: “Экөөңөрдү ушул дарактан тосподум беле?! Шайтан – силерге ачык душман экенин айткан элем го!” – деп айтты.
a. Дарактын жемишинен
23 قَالَا رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنْفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ
“О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, – албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” –деп айтышты.
a. Адам ата менен Обо эне сөзү
24 قَالَ اهْبِطُوا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ وَلَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّ وَمَتَاعٌ إِلَى حِينٍ
(Аллах:) “Бейиштен бири бириңерге душман болуп түшкүлө. Силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (буйрудук),
a. «Адам менен Иблис экөөңөр”
25 قَالَ فِيهَا تَحْيَوْنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنْهَا تُخْرَجُونَ
Ал жерде төрөлүп, ошол жерде өлүп, андан кайра чыгарыласыңар”,-деди.
a. «Кыйамат Күнү кайрадан тирилтилип Аллахтын алдына келесиңер”
26 يَا بَنِي آدَمَ قَدْ أَنْزَلْنَا عَلَيْكُمْ لِبَاسًا يُوَارِي سَوْآتِكُمْ وَرِيشًا وَلِبَاسُ التَّقْوَى ذَلِكَ خَيْرٌ ذَلِكَ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ
Эй, Адамдын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими – эң жакшы (кийим). Бул – Аллахтын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр!
a. «Адам Атанын” b. такыба муслмандар кийген ар кандай кийим
27 يَا بَنِي آدَمَ لَا يَفْتِنَنَّكُمُ الشَّيْطَانُ كَمَا أَخْرَجَ أَبَوَيْكُمْ مِنَ الْجَنَّةِ يَنْزِعُ عَنْهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوْآتِهِمَا إِنَّهُ يَرَاكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُ مِنْ حَيْثُ لَا تَرَوْنَهُمْ إِنَّا جَعَلْنَا الشَّيَاطِينَ أَوْلِيَاءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ
Эй, Адам баласы! Шайтан ата-энеңердин уяттуу жерлерин көрсөтүү үчүн кийимдерин чечип, Бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырбасын! Ал жана анын тарапкерлери, силер аларды көрө албаган тараптан көрө алышат. Биз шайтандарды ыйман келтирбегердерге дос кылып койдук.
a. «Адам Ата менен Обо энени” b. «Шайтандар тобу. Силердин каныңарда да айланып жүрө алат” c. “Каапырларга, мунафыктарга, мушриктерге”
28 وَإِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً قَالُوا وَجَدْنَا عَلَيْهَا آبَاءَنَا وَاللَّهُ أَمَرَنَا بِهَا قُلْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَأْمُرُ بِالْفَحْشَاءِ أَتَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
Алар бузукулук кылышкан кезде: “Аталарыбызды ушул жолдо таптык. Муну бизге Аллах буюрган”, – дешет. (Эй, Мухаммед): “Чындыгында Аллах бузукулукка буюрбайт. Билбеген нерсеңерди Аллахтын атынан айтпагыла!” – деп айткын.
a. деп жандарын жеп, жалган айтышпат
29 قُلْ أَمَرَ رَبِّي بِالْقِسْطِ وَأَقِيمُوا وُجُوهَكُمْ عِنْدَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَادْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ كَمَا بَدَأَكُمْ تَعُودُونَ
“Эгем адилеттүүлүккө буйруйт. Ар бир мечиттин алдында жүзүңөрдү кыбылага түздөп, диниңерди Аллахка берилип, Андан тилегиле! Силерди оболку жаратканындай, Ага кайтасыңар.
a. Чекени сеждеге койуп, намаз окуган жердин баарында b. жакшылыктарды c. Оболку жаратылган кейипте d. Аллах Таалага
30 فَرِيقًا هَدَى وَفَرِيقًا حَقَّ عَلَيْهِمُ الضَّلَالَةُ إِنَّهُمُ اتَّخَذُوا الشَّيَاطِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ مُهْتَدُونَ
Бир тайпа Туура Жолго түшүп, бир тайпа адашууга татыктуу болду. Чындыгында, алар Аллахтын ордуна шайтандарды дос тутуп, бирок өздөрүн туура жолдобуз деп эсептешет.
a. Каапырлар, мушриктер ж.б.у.с.
31 يَا بَنِي آدَمَ خُذُوا زِينَتَكُمْ عِنْدَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا وَلَا تُسْرِفُوا إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ
Эй, Адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.
a. Намазга, же Каабаны айланганда
32 قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ اللَّهِ الَّتِي أَخْرَجَ لِعِبَادِهِ وَالطَّيِّبَاتِ مِنَ الرِّزْقِ قُلْ هِيَ لِلَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا خَالِصَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ كَذَلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
“Аллах өз пенделерине чыгарган Аллахтын кооз нерселерин (кийимдерин) жана Ал берген жакшы насиптерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды?” – деп айткын. “Бул жакшы нерселер, чындыгында, бул дүйнөдө ыйман келтиргендер үчүн (гана жаратылган, бирок башкалар да андан пайдаланышат). Акыретте болсо бул момундарга гана таандык” – деп айт. Билген коомго Биз аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
a. Эй, Мухаммед! (а.с.) b. тартуулаган
33 قُلْ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّيَ الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَالْإِثْمَ وَالْبَغْيَ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَأَنْ تُشْرِكُوا بِاللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَأَنْ تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
“Акыйкатта, Эгебиз ачык жана купуя ыпластыктарды (жасоону), каапырлыкты, адилетсиздикти, Аллахка Ал Өзү эч бир белги түшүрбөгөн шериктерди кошууну жана Аллах тууралуу өзүңөр билбеген (жалганды) айтууну арам кылды”, – дегин.
34 وَلِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ
Ар бир коомдун белгилүү бир мерчеми бар. Алар ошол мерчем келген кезде бир саамга да кечиктирилбейт жана тездетилбейт.
a. Мөөнөтү
35 يَا بَنِي آدَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي فَمَنِ اتَّقَى وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Эй, Адам перзенттери! Эгер силерге өз ичиңерден Менин аяттарымды түшүндүрүп берүүчү элчи келсе, ошондо кимдер такыба болуп, өзүн оңдосо, ошолорго (Кыяматта) коркунуч да, кайгы да болбойт.
36 وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Аяттарыбызды четке кагып, каршы чыккандар – текеберлер, ошолор – Тозок ээлери. Ал жерде алар түбөлүккө калышат.
a. Тозокулар
37 فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ أُولَئِكَ يَنَالُهُمْ نَصِيبُهُمْ مِنَ الْكِتَابِ حَتَّى إِذَا جَاءَتْهُمْ رُسُلُنَا يَتَوَفَّوْنَهُمْ قَالُوا أَيْنَ مَا كُنْتُمْ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ قَالُوا ضَلُّوا عَنَّا وَشَهِدُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا كَافِرِينَ
Аллахтын аяттарын четке каккан жана Ал тууралуу жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! (Бирок) алар Китепте жазылган үлүштөрүн алышат. Анан Биздин элчилер алардын жанын алуу үчүн келишип: “Аллахты коюп, башкага сыйынган нерселериңер кана?” – дегенде: “Алар бизди таштап кетти”, –деп өздөрүнүн каапырлыгын моюндарына алышат.
a. Биз каапырларды күнөөсү үчүн дароо өлтүрүп салбай, алардын тагдырына Аллах жазган өмүрүн толук өтөп бүткөнчө жашоо, ырыскы, (ал тургай материалдык байлык да) беребиз» деген мааниде b. Ажал мөөнөтү жеткен саатта c. Жан алуучу периштелер d. буддарыңар
38 قَالَ ادْخُلُوا فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِكُمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ فِي النَّارِ كُلَّمَا دَخَلَتْ أُمَّةٌ لَعَنَتْ أُخْتَهَا حَتَّى إِذَا ادَّارَكُوا فِيهَا جَمِيعًا قَالَتْ أُخْرَاهُمْ لِأُولَاهُمْ رَبَّنَا هَؤُلَاءِ أَضَلُّونَا فَآتِهِمْ عَذَابًا ضِعْفًا مِنَ النَّارِ قَالَ لِكُلٍّ ضِعْفٌ وَلَكِنْ لَا تَعْلَمُونَ
Ал: “Силерден мурда өткөн адамдардын жана жиндердин коомунун катарында – Тозокко киргиле!” – дейт. Ар бир тайпа тозокко кирген учурда бири-бирине наалат айта башташат. Ошондо алар тозокко жыйналышканда акыркылар алгачкыларга айтышат: “Оо, Эгебиз! Тигилер бизди азгырышкан. Ошолорго эки эсе азап бер!” Аллах: “Баарыңарга эки эседен. Бирок силер билбейсиңер!” – дейт.
a. Аллах Кыйаматта аларга b. Каапыр адамдардын жана каапыр жиндердин c. Каапырлар – шайтандарды, шайтандар – каапырларды күнөөлөп d. эрчигендер e. эрчиткендерге f. шайтандар
39 وَقَالَتْ أُولَاهُمْ لِأُخْرَاهُمْ فَمَا كَانَ لَكُمْ عَلَيْنَا مِنْ فَضْلٍ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ
Ошондой эле, алгачкылар кийинкилерге: “Силердин бизден эч кандай артыкчылыгыңар жок”, –дешет. “Эми кылган ишиңердин азабын таткыла”, –(дейт, Аллах).
a. Шайтандар каапырларга
40 إِنَّ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمْ أَبْوَابُ السَّمَاءِ وَلَا يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ حَتَّى يَلِجَ الْجَمَلُ فِي سَمِّ الْخِيَاطِ وَكَذَلِكَ نَجْزِي الْمُجْرِمِينَ
Чындыгында, ким Биздин аяттарды четке какса, текебер болсо, аларга асмандардын дарбазалары ачылбайт жана төө ийненин көзүнөн өткөнгө чейин Бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү ушундай жазалайбыз.
a. А бул такыр мүмкүн эмес. Демек алар түбөлүк Тозокто калышат.