бөлүм Аалу Имран - آل عمران

1 الم

Алиф, лам, мим.

a. Бакара сүрөсүндө түшүндүрмө берилген

2 اللَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ

Аллахтан башка кудай жок! Ал – Тирүү, Түбөлүк!

a. Аллахтын бул сыпаттары Куранда үч сүрөдө келген: Ваакиа, Аалу Имран, То-ха.

3 نَزَّلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَأَنْزَلَ التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ

Ал сага Өзүнүн кол астындагынын чындыгын тастыктоо үчүн Китепти Акыйкат менен түшүрдү. (Ал) Тооратты жана Инжилди да түшүргөн.

a. Забур, Тоорат, Инжилдин Аллахтан түшкөндүгүн b. Куран

4 مِنْ قَبْلُ هُدًى لِلنَّاسِ وَأَنْزَلَ الْفُرْقَانَ إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ

Андан мурда адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн. Анан Ал Ажыратуучуну түшүрдү. Чындыгында, Аллахтын белгилерине ишенбегендерге – катуу жаза (бар). Чындыгында, Аллах –Ызаттуу, Өч алуу ээси.

a. Курандан мурда b. Ак менен караны, адал менен арамды, жаман менен жакшыны, күнөө менен соопту ажыратып таанытуучу Куранды

5 إِنَّ اللَّهَ لَا يَخْفَى عَلَيْهِ شَيْءٌ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ

Чындыгында, Аллах үчүн жерде да, асмандарда да жашыруун нерсе жок.

a. Аллахтын көрүү жана билүүсүнөн эч нерсе, эч ким жашынып, же ойун жашырып кала албайт!

6 هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Ал – силерге энеңердин курсагында Өзү каалагандай келбет берген. Аллахтан башка кудай жок! Ал – Ызаттуу, Даанышман!

a. Жатынында жаткан кезиүерде эле

7 هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ آيَاتٌ مُحْكَمَاتٌ هُنَّ أُمُّ الْكِتَابِ وَأُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌ فَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَاءَ تَأْوِيلِهِ وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ رَبِّنَا وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ

Ал – сага Китеп түшүрдү. Анда өкүмдүү айаттар (бар). Жана алар – Китептин өзөгү. Калган айаттар – сырдуу. Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагы сырдуу айаттарды бурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анын чечмелөөсүн Аллах гана билет. Илимге бекем тургандар: “Биз ага ишендик! Баары – Эгебизден”! – дешет. Акыл-эстүүлөр гана өрнөк алышат.

a. Б.а. Курандын ошол айаттарында Курандын чыныгы маүыз-максаты камтылган b. Курандагы c. Сырдуу айаттардын түшүндүрмөсүн d. Куранга e. Курандагы бардык айаттар. f. Аллахтан

8 رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ

Оо, Эгебиз! Бизди туура жолго салгандан кийин биздин жүрөгүбүздү адаштырба. Бизге Өзүңдүн алдыңдагы Ырайымыңдан бер. Чындыгында Сен – Айкөлсүң!

9 رَبَّنَا إِنَّكَ جَامِعُ النَّاسِ لِيَوْمٍ لَا رَيْبَ فِيهِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ

Оо, Эгебиз! Чындыгында, Сен күмөнсүз болуучу Күндө адамдарды чогултуучусуң. Чындыгында Аллах – Өз убадасына (эч качан) тескери чыкпайт!

a. Каршы чыкпайт, аткарбай койбойт

10 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا وَأُولَئِكَ هُمْ وَقُودُ النَّارِ

Чындыгында, каапырлардын балдары да, мал-мүлкү да Аллахтын алдында эч нерседен сактап кала албайт жана алар – Тозоктун отундары.

a. Кыйамат Күнү

11 كَدَأْبِ آلِ فِرْعَوْنَ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ وَاللَّهُ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Алардын абалы Фараондун абалына жана андан мурдагыларга окшош: Айаттарыбызды жалганга чыгарышкандыктан, Аллах аларды күнөөлөрү менен (кошо) азапка салды. Аллахтын жазасы – катуу.

12 قُلْ لِلَّذِينَ كَفَرُوا سَتُغْلَبُونَ وَتُحْشَرُونَ إِلَى جَهَنَّمَ وَبِئْسَ الْمِهَادُ

Ыймансыздарга: “Силер жакында жеңилесиңер жана Тозокко чогуласыңар!” –деп айт. Ал– абдан жаман орун!

a. Каапырларга b. Тозок

13 قَدْ كَانَ لَكُمْ آيَةٌ فِي فِئَتَيْنِ الْتَقَتَا فِئَةٌ تُقَاتِلُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَأُخْرَى كَافِرَةٌ يَرَوْنَهُمْ مِثْلَيْهِمْ رَأْيَ الْعَيْنِ وَاللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصْرِهِ مَنْ يَشَاءُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَعِبْرَةً لِأُولِي الْأَبْصَارِ

Эки беттешкен тайпада силер үчүн белги бар: Бир тайпа Аллах жолунда салгылашса, экинчиси – каапыр абалда (согушат). Мусулмандарды алар өздөрүнө караганда эки эсе көп көрүшөт. Аллах каалаганын Өз жардамы менен колдойт. Чындыгында мында – акыл-эстүүлөр үчүн өрнөк бар.

a. пайдалуу

14 زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَوَاتِ مِنَ النِّسَاءِ وَالْبَنِينَ وَالْقَنَاطِيرِ الْمُقَنْطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالْأَنْعَامِ وَالْحَرْثِ ذَلِكَ مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاللَّهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الْمَآبِ

Адамдарга – айалдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарлар кооз көрсөтүлүп, аларга болгон сүйүү менен шөкөттөлдү. Бул (аталгандар) – ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Аллахтын алдында – кайтып бара турган кооз жай бар.

15 قُلْ أَؤُنَبِّئُكُمْ بِخَيْرٍ مِنْ ذَلِكُمْ لِلَّذِينَ اتَّقَوْا عِنْدَ رَبِّهِمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَأَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَرِضْوَانٌ مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ

(Сен адамдарга:) “Мен силерге мындан да жакшыраагын айтып берейинби?” – дегин. Такыбалар үчүн Аллахтын алдында алдынан дарыйалар агып туруучу бакчалар бар. Ал жерде алар (мусулмандар) түбөлүккө калышат. Анда Аллахтын ыраазылыгы жана таптаза жубайлар (болот). Албетте, пенделерин Аллах Көрүүчү!

16 الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا إِنَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ

(Алар): “Оо Эгебиз, биз Сага ыйман келтирдик, күнөөлөрүбүздү кечире көр, бизди Оттон сакта” – дешкен.

17 الصَّابِرِينَ وَالصَّادِقِينَ وَالْقَانِتِينَ وَالْمُنْفِقِينَ وَالْمُسْتَغْفِرِينَ بِالْأَسْحَارِ

Сабырдуу, чынчыл, Аллахка баш ийүүчү, сарптоочу, таңда кечирим суроочуларды (Аллах билет).

a. Аллах жолунда байлыгын b. Тахажжут, багымдат учурларында

18 شَهِدَ اللَّهُ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ وَالْمَلَائِكَةُ وَأُولُو الْعِلْمِ قَائِمًا بِالْقِسْطِ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Акыйкатта Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Аллахтан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман!

19 إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ وَمَا اخْتَلَفَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ وَمَنْ يَكْفُرْ بِآيَاتِ اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

Чындыгында, Аллахтын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам. Китеп берилгендер өздөрүнө маалымат келгенден кийин өз ара көралбастыктын айынан талашып-тартышууга түшүштү. Ким Аллахтын айаттарына каршы чыкса, албетте, Аллахтын эсеп-жазасы тез!

20 فَإِنْ حَاجُّوكَ فَقُلْ أَسْلَمْتُ وَجْهِيَ لِلَّهِ وَمَنِ اتَّبَعَنِ وَقُلْ لِلَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَالْأُمِّيِّينَ أَأَسْلَمْتُمْ فَإِنْ أَسْلَمُوا فَقَدِ اهْتَدَوْا وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ

Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллахка толук тапшырдым” –деп айткын. Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга: “Исламды кабыл аласыңарбы?” - деп айт. Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында туура жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда... сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буйурулган). Аллах – пенделерин Көрүүчү!

a. Аллахка берилип сыйынабыз b. мушриктерге