бөлүм Аалу Имран - آل عمران

181 لَقَدْ سَمِعَ اللَّهُ قَوْلَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ فَقِيرٌ وَنَحْنُ أَغْنِيَاءُ سَنَكْتُبُ مَا قَالُوا وَقَتْلَهُمُ الْأَنْبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَنَقُولُ ذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ

Чындыгында: “Аллах кедей, а биз байбыз”, – дегендердин сөзүн Аллах укту. Алардын айткандарын жана жазыксыз пайгамбарларды өлтүргөндөрүн жазып койобуз да, аларга: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” – деп айтабыз.

a. ……Ушул сөздү айткан адамдын атын жазуу керек

182 ذَلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ

Бул (азап) – силердин колуңардын жасаганынан улам. Аллах – Өз пенделерине адилетсиздик кылуучу эмес.

183 الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ عَهِدَ إِلَيْنَا أَلَّا نُؤْمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّى يَأْتِيَنَا بِقُرْبَانٍ تَأْكُلُهُ النَّارُ قُلْ قَدْ جَاءَكُمْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِي بِالْبَيِّنَاتِ وَبِالَّذِي قُلْتُمْ فَلِمَ قَتَلْتُمُوهُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Аллах бизге: “От жалмап кете турган курмандык алып келмейинче эч бир элчиге ишенбегиле”, –деген осуйат калтырган дегендерге (минтип) айт: “Силерге менден мурунку элчилер ачык далилдерди, ошондой эле айтканыңарды келтирди. Силер чынчыл болсоңор анда эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?!”

a. Эй, Мухаммед!

184 فَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ جَاءُوا بِالْبَيِّنَاتِ وَالزُّبُرِ وَالْكِتَابِ الْمُنِيرِ

Сени алар “жалганчы” дешсе, чындыгында сага чейин далилдер, ачык Китеп жана барактар менен түшүрүлгөн элчилерди да, алар “жалганчы” дешкен.

a. Кереметтер b. Ибрахим пайгамбарга түшүрүлгөн баракчалар сыйактуу

185 كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ وَإِنَّمَا تُوَفَّوْنَ أُجُورَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَمَنْ زُحْزِحَ عَنِ النَّارِ وَأُدْخِلَ الْجَنَّةَ فَقَدْ فَازَ وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا مَتَاعُ الْغُرُورِ

Бардык жандар өлүм даамын татышат жана Кыйамат күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – азгырыктардан гана пайдалануу.

186 لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا أَذًى كَثِيرًا وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ ذَلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ

(Эй, момундар!) Силер мал-мүлкүңөр жана напсиңер аркылуу сыноодон өткөрүлөсүңөр, силерге чейин Китеп түшүрүлгөндөрдөн жана мушриктерден көптөгөн ыза кылуучу сөздөрдү угасыңар. Эгер сабыр кылып, Аллахтан корксоңор, анда бул – иштердин максатка жеткени.

a. Аллахтын сыноосунан b. Көп кудайчылар

187 وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ فَنَبَذُوهُ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ وَاشْتَرَوْا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا فَبِئْسَ مَا يَشْتَرُونَ

Аллах Китеп берилгендерге: “Аны адамдарга түшүндүрүүгө, жашырбоого убада бересиңерби?!” – деп, алардын убадасын алган кезди (эскер). Бирок алар аны артына ташташып, арзыбаган акчага алмаштырышты. Алар сатып алган нерсе кандай жаман!

a. Забур, Тоорат, Инжилди b. талап койуп, c. Иудейлердин жана христиандардын d. Аллахтын Сөзүн e. Убадаларын унутушуп f. Тозокту

188 لَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَفْرَحُونَ بِمَا أَتَوْا وَيُحِبُّونَ أَنْ يُحْمَدُوا بِمَا لَمْ يَفْعَلُوا فَلَا تَحْسَبَنَّهُمْ بِمَفَازَةٍ مِنَ الْعَذَابِ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Аткарган иштерине кубанып, өздөрү жасабаган иштер менен мактанууну сүйгөндөр азаптан кутулат деп ойлобо. Аларга – оорутуучу азап (бар)!

a. Тозоктон

189 وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Асмандар менен жердин кожойундугу – Аллахка (гана) таандык. Аллах –бардык нерсеге Кудуреттүү!

190 إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لَآيَاتٍ لِأُولِي الْأَلْبَابِ

Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар).

191 الَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَى جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَذَا بَاطِلًا سُبْحَانَكَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِ

Алар Аллахны турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда да эстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: “Оо, Эгебиз! Сен муну максатсыз эле жаратканың жок. Сен Аруусуң! Бизди Тозок азабынан сакта!” (– дешет).

a. Мусулмандар b. Ар кандай абалда c. Жөн эле, ойноп…

192 رَبَّنَا إِنَّكَ مَنْ تُدْخِلِ النَّارَ فَقَدْ أَخْزَيْتَهُ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

Оо, Эгебиз! Сен кимди Тозокко киргизсең, чындыгында аны кордойсуң. Заалымдардын эч бир жардамчысы жок.

a. Өз жанын өзү Тозокко салуу үчүн Аллахтын буйругун аткаруудан баш тарткандар

193 رَبَّنَا إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًا يُنَادِي لِلْإِيمَانِ أَنْ آمِنُوا بِرَبِّكُمْ فَآمَنَّا رَبَّنَا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّئَاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ الْأَبْرَارِ

Оо Эгебиз! Биз: “Эгеңе ыйман келтиргиле”, – деп чакырган үн салуучуну угуп, ыйман келтирдик. Оо, Эгебиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, жамандыктарыбызды жашыр, жакшылар менен бирге өлүүнү насип эт.

194 رَبَّنَا وَآتِنَا مَا وَعَدْتَنَا عَلَى رُسُلِكَ وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ

Оо, Эгебиз! Бизге элчилериңе убада кылганыңды бере көр! Бизди Кыйамат Күнү шерменде кылба. Чындыгында, Сен убадаңа каршы чыкпайсың!

a. Бейишиүе киргизе көр!

195 فَاسْتَجَابَ لَهُمْ رَبُّهُمْ أَنِّي لَا أُضِيعُ عَمَلَ عَامِلٍ مِنْكُمْ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى بَعْضُكُمْ مِنْ بَعْضٍ فَالَّذِينَ هَاجَرُوا وَأُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَأُوذُوا فِي سَبِيلِي وَقَاتَلُوا وَقُتِلُوا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَأُدْخِلَنَّهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ثَوَابًا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَاللَّهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الثَّوَابِ

Ошондо алардын тилектерин Эгеси кабыл кылып: “Чындыгында, Мен силердин – эркек, же ургаачы болсун – амал кылуучуңардын амалдарын текке кетирбеймин. Силер бири-бириңерденсиңер. Көчкөндөрдүн, мекенинен куулуп чыгарылгандардын, Менин жолумда азап тарткандардын, согушкандардын жана өлтүрүлгөндөрдүн жамандыктарын кечип жиберем. Аларды алдынан дарыйалар аккан Бейишке киргиземин”, (– деди). Сыйлык – Аллахтан! Сыйлыктын жакшысы – Аллахтын алдында!

a. Меккеден Мединеге пайгамбарыбыз менен кошо исламды өнүктүрүү үчүн жер которгондор b. Аллах жолунда c. Ислам үчүн күрөштө шейит болгондордун d. күнөөлөрүн кечиремин

196 لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي الْبِلَادِ

Каапырлардын шаарлар арасында айланып (сайакаттап) жүрүүсү сени азгырбасын.

197 مَتَاعٌ قَلِيلٌ ثُمَّ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمِهَادُ

Аз гана пайдалануудан кийин алардын орду – Тозок. (Ал–) кандай жаман орун!

198 لَكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا نُزُلًا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ لِلْأَبْرَارِ

Өз Эгесинен корккондорго – алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактары (тартууланат). Ошол жерде алар түбөлүккө калышат. Алар – Аллахтын коноктору. Аллахтын алдындагы жакшылык – такыбалар үчүн!

199 وَإِنَّ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَمَنْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِمْ خَاشِعِينَ لِلَّهِ لَا يَشْتَرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا أُولَئِكَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

Чындыгында, Китеп ээлеринен Аллахка ыйман келтирип, силерге түшүрүлгөн жана өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге Аллахтан корккон абалда ишенгендер да бар. Алар – Аллахтын айаттарын арзыбас баага сатышпайт. Алардын сыйлыктары –Эгесинин алдында! Чындыгында, Аллах – тез Эсептөөчү!

200 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Эй, ыймандуулар! Сабырдуу жана чыдамдуу болгула, катарда даяр тургула (белиңерди бекем буугула) жана Аллахтан корккула, мүмкүн кутулаарсыңар.

a. Беш маал намазга b. Өз напсилеринин жана ар кандай азгырыктарга c. Намазды күтүүдө жана согуш саптарында d. Бейишке киргизилип