бөлүм Аалу Имран - آل عمران
121
وَإِذْ غَدَوْتَ مِنْ أَهْلِكَ تُبَوِّئُ الْمُؤْمِنِينَ مَقَاعِدَ لِلْقِتَالِ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
/йүңдөн эрте чыгып, момундарды согуш үчүн катарга тиздиң, Аллах – баарын Угуучу, Көрүүчү!
122
إِذْ هَمَّتْ طَائِفَتَانِ مِنْكُمْ أَنْ تَفْشَلَا وَاللَّهُ وَلِيُّهُمَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
Ошол учурда силерден эки топ кайратынан тайа түштү. Аллах ал экөөсүнүн жардамчысы. Момундар Аллахка гана тобокел кылышсын!
123
وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ بِبَدْرٍ وَأَنْتُمْ أَذِلَّةٌ فَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Чындыгында, Бадрда силерди жеңишке жеткирген – Аллах! Ал кезде силер күчсүз болчусуңар. Аллахтан корккула! Мүмкүн (силер эми) шүгүр кылаарсыңар?!
124
إِذْ تَقُولُ لِلْمُؤْمِنِينَ أَلَنْ يَكْفِيَكُمْ أَنْ يُمِدَّكُمْ رَبُّكُمْ بِثَلَاثَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُنْزَلِينَ
Момундарга: “Эгеңер силерге үч миң периште түшүрүп, жардам берди. Ошол жетишпейби?!” – деп айттың.
125
بَلَى إِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا وَيَأْتُوكُمْ مِنْ فَوْرِهِمْ هَذَا يُمْدِدْكُمْ رَبُّكُمْ بِخَمْسَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُسَوِّمِينَ
Ооба, эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, Ал силерге дароо келип, Эгеңер силерге бирдей беш миң периште менен жардам кылат.
126
وَمَا جَعَلَهُ اللَّهُ إِلَّا بُشْرَى لَكُمْ وَلِتَطْمَئِنَّ قُلُوبُكُمْ بِهِ وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ
Аллах аны силерди сүйүнтүп, аны менен (кошо) жүрөктөрүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жардам – Мартабалуу, Даанышман Аллахтан гана!
127
لِيَقْطَعَ طَرَفًا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَوْ يَكْبِتَهُمْ فَيَنْقَلِبُوا خَائِبِينَ
Каапырлардын бир тарабын кыйратуу жана аларды кордоп, ийгиликсиз кайтуусу үчүн (ушинтти).
128
لَيْسَ لَكَ مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ أَوْ يُعَذِّبَهُمْ فَإِنَّهُمْ ظَالِمُونَ
Аллах аларды кечиреби, же азаптайбы... Эч бир иш сенин эркиңде эмес! Чындыгында, алар – заалымдар.
129
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ يَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Асмандагылар жана жердегилер – Аллахка таандык. Ал каалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!
130
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا الرِّبَا أَضْعَافًا مُضَاعَفَةً وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Эй, ыйман келтиргендер! Сүткорлуктун эсебинен жашабагыла! Аллахтан корккула! (Ошондо) мүмкүн кутулаарсыңар!
131
وَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ
Каапырларга дайардалган тозоктон сактангыла!
132
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ
Аллахтан коркуп, элчиге мойун сунгула! Балким (ошондо) ырайым кылынаарсыңар!
133
وَسَارِعُوا إِلَى مَغْفِرَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ أُعِدَّتْ لِلْمُتَّقِينَ
Эгеңдин кечиримине жана такыбалар үчүн дайардалган кенендиги асман менен жердей болгон Бейишке умтулгула!
134
الَّذِينَ يُنْفِقُونَ فِي السَّرَّاءِ وَالضَّرَّاءِ وَالْكَاظِمِينَ الْغَيْظَ وَالْعَافِينَ عَنِ النَّاسِ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Аллах жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Аллах – жакшылык кылуучуларды сүйөт!
135
وَالَّذِينَ إِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً أَوْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ ذَكَرُوا اللَّهَ فَاسْتَغْفَرُوا لِذُنُوبِهِمْ وَمَنْ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا اللَّهُ وَلَمْ يُصِرُّوا عَلَى مَا فَعَلُوا وَهُمْ يَعْلَمُونَ
Ыпластык менен алектенгендер, өз жандарына зулумдук кылгандар, билип туруп жасаган (күнөө) иштерин улантышпаса, Аллахны эстеп, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса... Аллахтан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?!
136
أُولَئِكَ جَزَاؤُهُمْ مَغْفِرَةٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَجَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ
Алардын сыйлары – Эгесинен кечирим жана алдынан дарыйалар агып турган бейиштер. Ал жерде алар түбөлүккө болушат. Амал кылуучулардын сыйлыктары кандай жакшы!
137
قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِكُمْ سُنَنٌ فَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ
Силерден мурда ар түрдүү окуйалар өткөн. Жер жүзүн кезгиле. Жалганга чыгаруучулардын акыбети эмне болгонун көргүлө!
138
هَذَا بَيَانٌ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِلْمُتَّقِينَ
Бул – адамдарга эскертүү жана Такыбаларга – жол көрсөтүүчү насаат!
139
وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Алсырабагыла жана кайгырбагыла, эгер момун болсоңор, силер албетте, (каапырлардан) үстөм болосуңар!
140
إِنْ يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِثْلُهُ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنْكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ
Эгер силер жаралансаңар, тигил коомго да ошол сыйактуу эле жарадарлык жеткен. Ушул күндөрдү адамдардын арасында айлантып турабыз. Аллах силердин ыймандууларыңарды аныктоо жана силерден шейит алуу үчүн (ушинтет). Аллах – заалымдарды жек көрөт.