бөлүм Аалу Имран - آل عمران

141 وَلِيُمَحِّصَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

Ошондой эле Аллах момундарды тазалоо жана каапырларды кыйратуу үчүн (согуш чыгарат).

142 أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنْكُمْ وَيَعْلَمَ الصَّابِرِينَ

Же силерден Аллах үчүн күрөшүүчүлөрдү жана сабырдууларыңарды (Эгеңер) аныктабастан туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы?

143 وَلَقَدْ كُنْتُمْ تَمَنَّوْنَ الْمَوْتَ مِنْ قَبْلِ أَنْ تَلْقَوْهُ فَقَدْ رَأَيْتُمُوهُ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ

Мурда өлүмгө жолугууну эңсечү элеңер, эми аны көрүп, карап турасыңар.

144 وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِ الرُّسُلُ أَفَإِنْ مَاتَ أَوْ قُتِلَ انْقَلَبْتُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ وَمَنْ يَنْقَلِبْ عَلَى عَقِبَيْهِ فَلَنْ يَضُرَّ اللَّهَ شَيْئًا وَسَيَجْزِي اللَّهُ الشَّاكِرِينَ

Мухаммед – Аллахтын элчиси гана. Андан мурун да элчилер өткөн. Ал өлсө, же өлтүрүлсө силер артка кайтасыңарбы?! Ким артына кайтса ал – Аллахка кымындай да жамандык кыла албайт. Аллах – шүгүр кылуучуларды сыйлайт.

a. Элчи (Аллахтын элчиси), пайгамбар b. каапырдыкка

145 وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ كِتَابًا مُؤَجَّلًا وَمَنْ يُرِدْ ثَوَابَ الدُّنْيَا نُؤْتِهِ مِنْهَا وَمَنْ يُرِدْ ثَوَابَ الْآخِرَةِ نُؤْتِهِ مِنْهَا وَسَنَجْزِي الشَّاكِرِينَ

Аллахтын буйругу болмойунча эч ким өлбөйт! Ал (ажал) – жазылуу бир мөөнөт. Кимде-ким бул дүйнөнүн жакшылыгын кааласа аны ошого беребиз. Ал эми кимде-ким Акыреттин жакшылыгын кааласа – ага ошону беребиз. Шүгүр кылуучуларды – тез арада сыйлайбыз!

a. Лавхул Махфузда

146 وَكَأَيِّنْ مِنْ نَبِيٍّ قَاتَلَ مَعَهُ رِبِّيُّونَ كَثِيرٌ فَمَا وَهَنُوا لِمَا أَصَابَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَمَا ضَعُفُوا وَمَا اسْتَكَانُوا وَاللَّهُ يُحِبُّ الصَّابِرِينَ

Көптөгөн, Кудайга берилгендер канчалаган пайгамбарлар менен бирге (жанаша) согушушту. Алар Аллах жолунда тарткан азаптан алсырашып, мойун сунушкан жок. Аллах – сабырдууларды жакшы көрөт!

a. Кудайга берилип сыйынгандар b. Каапырлыкка, каапырларга

147 وَمَا كَانَ قَوْلَهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِي أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ

Алардын сөздөрү: “Оо Эгебиз! Күнөөлөрүбүздү, ишибиздеги ысырапкорчулугубузду кечиргин, биздин кадамдарыбызды бекем кылып, каапыр коомго каршы (күрөштө) жардам бер!”-дешти.

148 فَآتَاهُمُ اللَّهُ ثَوَابَ الدُّنْيَا وَحُسْنَ ثَوَابِ الْآخِرَةِ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

Ошондуктан Аллах аларга дүйнө жакшылыгын берип, Акырет жакшылыгынын эң көркөмүнө бөлөдү. Аллах – жакшылык кылуучуларды сүйөт!

149 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ

Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер каапырларга мойун сунсаңар, силерди артыңарга кайтарат, ошондо силер зыйанга учуроочуларга айланасыңар.

150 بَلِ اللَّهُ مَوْلَاكُمْ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ

Ооба! Силердин колдоочуңар – Аллах. Ал – эң мыкты Жардамчы!

151 سَنُلْقِي فِي قُلُوبِ الَّذِينَ كَفَرُوا الرُّعْبَ بِمَا أَشْرَكُوا بِاللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَمَأْوَاهُمُ النَّارُ وَبِئْسَ مَثْوَى الظَّالِمِينَ

Ыймансыздардын жүрөгүнө Аллах Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз. Алардын бара турган жайы – тозок. Залымдардын жайы –кандай жаман!

a. каапырлардын

152 وَلَقَدْ صَدَقَكُمُ اللَّهُ وَعْدَهُ إِذْ تَحُسُّونَهُمْ بِإِذْنِهِ حَتَّى إِذَا فَشِلْتُمْ وَتَنَازَعْتُمْ فِي الْأَمْرِ وَعَصَيْتُمْ مِنْ بَعْدِ مَا أَرَاكُمْ مَا تُحِبُّونَ مِنْكُمْ مَنْ يُرِيدُ الدُّنْيَا وَمِنْكُمْ مَنْ يُرِيدُ الْآخِرَةَ ثُمَّ صَرَفَكُمْ عَنْهُمْ لِيَبْتَلِيَكُمْ وَلَقَدْ عَفَا عَنْكُمْ وَاللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ

Силер аларды Аллахтын каалоосу менен талкалаган кезде, Аллахтын убадасы ишке ашты. Качан гана силер коркуп, буйрукка каршы чыгып, силер жакшы көргөн нерсени Аллах өзүңөргө көрсөткөндөн кийин гана силер мойун толгодуңар. Силердин араңардан бул дүйнөнү каалоочулар жана акыретти каалоочулар да бар. Ал силерди сыноо үчүн алардан жеңилүү менен кайтарды. Бирок, Ал силерди кечирди. Аллах – момундар үчүн ырайым Ээси!

a. каапырларды b. момундар c. Аллах Таала

153 إِذْ تُصْعِدُونَ وَلَا تَلْوُونَ عَلَى أَحَدٍ وَالرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ فِي أُخْرَاكُمْ فَأَثَابَكُمْ غَمًّا بِغَمٍّ لِكَيْلَا تَحْزَنُوا عَلَى مَا فَاتَكُمْ وَلَا مَا أَصَابَكُمْ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

Мына силер эч кимге карабастан артка качтыңар. Элчи болсо силерди алга чакырып жатты. Силердин кайгыңарга кайгы кошуп, өткөн нерсеге жана кабылганга өкүнбөшүңөр үчүн Аллах силерди жазага кириптер кылды. Чындыгында, Аллах – силердин жасап жатканыңардан Кабардар.

a. Согуш майданына b. олжо c. Жеүилүү d. олжого e. Жеүилүүгө f. Ухуд согушундагы окуйа жөнүндө сөз болуп жатат. «Сираны» («Ислам тарыхын») караүыз.

154 ثُمَّ أَنْزَلَ عَلَيْكُمْ مِنْ بَعْدِ الْغَمِّ أَمَنَةً نُعَاسًا يَغْشَى طَائِفَةً مِنْكُمْ وَطَائِفَةٌ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنْفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِاللَّهِ غَيْرَ الْحَقِّ ظَنَّ الْجَاهِلِيَّةِ يَقُولُونَ هَلْ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ مِنْ شَيْءٍ قُلْ إِنَّ الْأَمْرَ كُلَّهُ لِلَّهِ يُخْفُونَ فِي أَنْفُسِهِمْ مَا لَا يُبْدُونَ لَكَ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ مَا قُتِلْنَا هَاهُنَا قُلْ لَوْ كُنْتُمْ فِي بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ الَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقَتْلُ إِلَى مَضَاجِعِهِمْ وَلِيَبْتَلِيَ اللَّهُ مَا فِي صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِي قُلُوبِكُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

Анан, Ал силерге кайгыдан кийин, силердин бир бөлүгүңөрдү тынчтандыруучу уйку жиберди. Калган бөлүгүңөр өздөрү менен алек болуп, санаа тартып жатышты. Алар: “Бул иште бизге бир нерсе болбой калды”, – деп, Аллах тууралуу адилетсиз наадандык ойлорго алдырышты. – “Бардык иштер –Аллахка таандык”, –деп айткын. Алар дилдеринде сага ачык айтпаган нерселерди сакташат. Алар: “ Эгер бул иште биз үчүн бир нерсе болгондо, биз бул жерде өлүмгө учурабас элек”, –деп айтышат. Айт: “Эгер силер өз үйүңөрдө жатып деле, кимдин маңдайына өлүм жазылган болсо, ачыкка чыкмак. Аллах силердин дилиңердегини сыноо жана жүрөгүңөрдөгүнү тазалоо үчүн (ушул окуйага кириптер кылды)”. Акыйкатта, Аллах дилдердеги нерселерди Билүүчү!

a. Аллах b. Согушта c. «Аллахтын жардамы келбеди» (деген мааниде). d. «Мухаммед (а.с.) айткандай…», же «эгер бизде ыктыйар болгондо, согушка чыкпай коймокпуз, натыйжада өлүмгө дуушар болмок эмеспиз». Бул сөздү Ибн Убай ж.б. айтышкан (Тафсиир ал Байзавий). e. /йдө олтуруп деле өлүп калмаксыүар

155 إِنَّ الَّذِينَ تَوَلَّوْا مِنْكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ إِنَّمَا اسْتَزَلَّهُمُ الشَّيْطَانُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا وَلَقَدْ عَفَا اللَّهُ عَنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌ

Чындыгында эки тайпа бетме-бет келген кезде силердин араңардан артка кайткандар, алардын бузукулук аракетинен улам шайтан жаңылыштыкка түрттү. Аллах аларды кечирди. Анткени, Аллах –Кечиримдүү, Жумшак!

a. Ухуд согушунда артка качкан мусулмандарды

156 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ كَفَرُوا وَقَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا فِي الْأَرْضِ أَوْ كَانُوا غُزًّى لَوْ كَانُوا عِنْدَنَا مَا مَاتُوا وَمَا قُتِلُوا لِيَجْعَلَ اللَّهُ ذَلِكَ حَسْرَةً فِي قُلُوبِهِمْ وَاللَّهُ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Сапарга, же согушка бара жатып, кайтыш болгон туугандар тууралуу: “Эгер алар биз менен чогуу болгондо, өлмөк да эмес, өлтүрүлмөк да эмес” – деп жолдошторуна айткан каапырлардай болбогула! Акыйкатта, Аллах – тирилтет жана өлтүрөт! Аллах – силер жасап жаткан иштерди Көрүп туруучу!

157 وَلَئِنْ قُتِلْتُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ

Албетте, силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн, же өлгөн болсоңор, – Аллахтын кечирими жана ырайымы алар жыйнап жаткан нерселерден жакшыраак.

a. Байлык; мал-мүлк

158 وَلَئِنْ مُتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى اللَّهِ تُحْشَرُونَ

Эгер силер өлтүрүлсөңөр, же өлсөңөр, анда албетте Аллахтын алдына чогултуласыңар.

a. Кыйамат Күнү Аллахтын астына кайра тирилип, чогултуласыүар

159 فَبِمَا رَحْمَةٍ مِنَ اللَّهِ لِنْتَ لَهُمْ وَلَوْ كُنْتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لَانْفَضُّوا مِنْ حَوْلِكَ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ

Аллахтын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан чачылып кетмек. Аларды кечир жана алар үчүн кечирим сура. Бирок иш тууралуу алар менен кеңеш. Эгер чечим кабыл алган болсоң, анда Аллахка тобокел кыл! Аллах Өзүнө тобокел кылгандарды сүйөт.

a. Мухаммед(а.с.) b. Аллахтан c. Ислам дининде бир иш жасаар алдында жетекчиби,не карапайым адам болобу, кеүешүү – милдет d. Кандайдыр бир ишти жасоого

160 إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِنْ يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنْصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

Эгер Аллах силерге жардам берсе, анда силерди эч ким жеңе албайт. Ал эми Аллах силерге жардам бербесе, анда Андан башка ким силерге жардам берет?! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!

a. Аллахтан башка