бөлүм Аалу Имран - آل عمران
61
فَمَنْ حَاجَّكَ فِيهِ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ فَقُلْ تَعَالَوْا نَدْعُ أَبْنَاءَنَا وَأَبْنَاءَكُمْ وَنِسَاءَنَا وَنِسَاءَكُمْ وَأَنْفُسَنَا وَأَنْفُسَكُمْ ثُمَّ نَبْتَهِلْ فَنَجْعَلْ لَعْنَتَ اللَّهِ عَلَى الْكَاذِبِينَ
Ачык белги келгенден кийин Иса тууралуу сени менен талашкандарга: “Келгиле, балдарыбызды, балдарыңарды, айалдарыбызды, айалдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакыралы. Жалбарып, Аллахтын каргыштарын жалганчыларга тилейли!” – деп айт.
62
إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْقَصَصُ الْحَقُّ وَمَا مِنْ إِلَهٍ إِلَّا اللَّهُ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Ырасында, ушул байандар – шексиз чындык. Аллахтан башка кудай жок! Чындыгында, Аллах – Мартабалуу, Даанышман!
63
فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِالْمُفْسِدِينَ
Эгер алар жүз үйүрүшсө... Аллах – бузукуларды Билүүчү!
64
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ
“Эй, Китеп ээлери! Ортобузду (түзөп), өз ара бир келишимге келели: “Жалгыз Аллахка кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, Аллахтан башканы – бири бирибизди кудай кылып албайлы” – деп айткын. Эгер алар каршы болсо, анда :“Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!” – дегиле.
65
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تُحَاجُّونَ فِي إِبْرَاهِيمَ وَمَا أُنْزِلَتِ التَّوْرَاةُ وَالْإِنْجِيلُ إِلَّا مِنْ بَعْدِهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Эй, Китеп ээлери! Ибрахим тууралуу эмнеге талашасыңар? Акылга келбейсиңерби: Чындыгында, Тоорат да, Инжил да андан кийин түшүрүлбөдү беле?!
66
هَا أَنْتُمْ هَؤُلَاءِ حَاجَجْتُمْ فِيمَا لَكُمْ بِهِ عِلْمٌ فَلِمَ تُحَاجُّونَ فِيمَا لَيْسَ لَكُمْ بِهِ عِلْمٌ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Эй, силер маалыматыңар болгон нерсе тууралуу го талашып жатасыңар! А эмне үчүн өзүңөр билбеген нерселериңер тууралуу дагы талашасыңар? Аллах билет, а силер билбейсиңер.
67
مَا كَانَ إِبْرَاهِيمُ يَهُودِيًّا وَلَا نَصْرَانِيًّا وَلَكِنْ كَانَ حَنِيفًا مُسْلِمًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Ибрахим иудей да, христиан да эмес, нагыз мусулман болчу. Шерик тутуучулардан да эмес эле.
68
إِنَّ أَوْلَى النَّاسِ بِإِبْرَاهِيمَ لَلَّذِينَ اتَّبَعُوهُ وَهَذَا النَّبِيُّ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُؤْمِنِينَ
Чындыгында, адамдардын Ибрахимге жакыны – аны ээрчишкендер; Ушул пайгамбар жана ыймандуулар. Аллах –ыймандуулардын Коргоочусу!
69
وَدَّتْ طَائِفَةٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يُضِلُّونَكُمْ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Китеп ээлеринин бир тобу силерди адаштырууну каалашты. А, бирок алар өздөрүн гана адаштырышат. Аны өздөрү да сезишпейт.
70
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَأَنْتُمْ تَشْهَدُونَ
“Эй, Китеп ээлери! Өзүңөр күбө болуп туруп, эмне үчүн Аллахтын аяттарына каршы чыгасыңар?”
71
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَلْبِسُونَ الْحَقَّ بِالْبَاطِلِ وَتَكْتُمُونَ الْحَقَّ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
“Эй, Китеп ээлери! Эмне үчүн чындыкты бузукулук менен алмаштырып, билип туруп Акыйкатты жашырасыңар.”
72
وَقَالَتْ طَائِفَةٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ آمِنُوا بِالَّذِي أُنْزِلَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَجْهَ النَّهَارِ وَاكْفُرُوا آخِرَهُ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Китеп ээлеринин бир тобу (өз ара): “Ыймандууларга түшүрүлгөнгө күндүн башында ыйман келтирип, анын айагында каршы чыккыла! “Балким алар кайтаар”,–дешет.
73
وَلَا تُؤْمِنُوا إِلَّا لِمَنْ تَبِعَ دِينَكُمْ قُلْ إِنَّ الْهُدَى هُدَى اللَّهِ أَنْ يُؤْتَى أَحَدٌ مِثْلَ مَا أُوتِيتُمْ أَوْ يُحَاجُّوكُمْ عِنْدَ رَبِّكُمْ قُلْ إِنَّ الْفَضْلَ بِيَدِ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Айткын: “Чындыгында, Аллахтын жолу – туура жол!” Силерге берилгендей нерсе башкаларга берилбеши же Эгеңдин алдында силерге каршы далил келтирбеши үчүн диниңерди бекем тутунгандардан башкага ишенбегиле”. Айткын: “Чындыгында, жакшылык – Аллахтын колунда, аны Өзү каалаганына берет”. Ырасында, Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү.
74
يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
Ал каалаган адамына Өз ырайымын багыштайт. Аллах – Улуу Ырайымдуулуктун Ээси!
75
وَمِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مَنْ إِنْ تَأْمَنْهُ بِقِنْطَارٍ يُؤَدِّهِ إِلَيْكَ وَمِنْهُمْ مَنْ إِنْ تَأْمَنْهُ بِدِينَارٍ لَا يُؤَدِّهِ إِلَيْكَ إِلَّا مَا دُمْتَ عَلَيْهِ قَائِمًا ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لَيْسَ عَلَيْنَا فِي الْأُمِّيِّينَ سَبِيلٌ وَيَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
Китеп ээлеринин кээ бирөөлөрүнө сен көп байлык аманатка берсең , аны сага толугу менен кайтарат. Ал эми айрымдары бир динар аманатка берсең, анын артынан түшпөсөң кайтарып беришпейт. Себеби алар: “Сабатсыз адамдарга биздин күнүбүз түшпөйт”, –деп айтышат. Алар Аллах тууралуу билип туруп жалган айтышат.
76
بَلَى مَنْ أَوْفَى بِعَهْدِهِ وَاتَّقَى فَإِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ
Андай эмес! Ким өз убадасын аткарса, Аллахтан корксо... Чындыгында, Аллах такыбаларды сүйөт!
77
إِنَّ الَّذِينَ يَشْتَرُونَ بِعَهْدِ اللَّهِ وَأَيْمَانِهِمْ ثَمَنًا قَلِيلًا أُولَئِكَ لَا خَلَاقَ لَهُمْ فِي الْآخِرَةِ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ اللَّهُ وَلَا يَنْظُرُ إِلَيْهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Чындыгында, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбас акча үчүн соодалашкандардын Акыретте эч кандай үлүшү жок жана Кыйамат Күнү Аллах аларга сүйлөбөйт, карап да койбойт. Аларды (күнөөдөн) тазартпайт, аларга – оорутуучу азап (бар).
78
وَإِنَّ مِنْهُمْ لَفَرِيقًا يَلْوُونَ أَلْسِنَتَهُمْ بِالْكِتَابِ لِتَحْسَبُوهُ مِنَ الْكِتَابِ وَمَا هُوَ مِنَ الْكِتَابِ وَيَقُولُونَ هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَمَا هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَيَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
Чындыгында, алардын арасынан бир топ Китепте болбогонду (силер) Китепте бар экен деп ойлооңор үчүн тилдерин буруп окушат. “Бул – Аллахтан!” - деп айтышат. Бирок, ал – Аллахтан эмес! Алар Аллах тууралуу билип туруп жалган айтышат.
79
مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَنْ يُؤْتِيَهُ اللَّهُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُوا عِبَادًا لِي مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَكِنْ كُونُوا رَبَّانِيِّينَ بِمَا كُنْتُمْ تُعَلِّمُونَ الْكِتَابَ وَبِمَا كُنْتُمْ تَدْرُسُونَ
Аллах бир адамга Китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берсе, а тигил болсо адамдарга: “Аллахны койуп, мага кул болгула!” – деп айтуусу туура эмес. Анын ордуна: “Китептен окуп үйрөткөнүңөрдөй жана сабак алганыңардай Эгесине гана берилгендей болгула!” – (деп айтуусу керек эле).
80
وَلَا يَأْمُرَكُمْ أَنْ تَتَّخِذُوا الْمَلَائِكَةَ وَالنَّبِيِّينَ أَرْبَابًا أَيَأْمُرُكُمْ بِالْكُفْرِ بَعْدَ إِذْ أَنْتُمْ مُسْلِمُونَ
Ал силерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буйурбайт. Силерди мусулман болгонуңардан кийин, (кайра) каапырлыкка буйурмак беле?!