бөлүм Аалу Имран - آل عمران

161 وَمَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَنْ يَغُلَّ وَمَنْ يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ثُمَّ تُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Аллахтын элчиси (кимдир-бирөөнү) алдоого тийиш эмес. Эгерде кимде-ким алдаган болсо, ал Кыйамат Күнү Аллахтын алдына ошол алдаган нерсеси менен келет. Анан ар бир жанга өзү ээ болгон нерсесине жараша сый, же жаза берилип, аларга зулум кылынбайт.

a. адилетсиздик

162 أَفَمَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَ اللَّهِ كَمَنْ بَاءَ بِسَخَطٍ مِنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө умтулган адам, кантип эле Аллахтын каарына калган адамга окшосун? Анын бараар жери – Тозок. Ал жай – абдан жаман.

a. Аллахтын каарына калгандын

163 هُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ اللَّهِ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

Алар Аллахтын алдында түрдүү даражаларда болушат. Аллах эмне кылгандарын көрүп турат.

a. Абу Убайда менен Ал-Касаийнин айтуусуна караганда, даражалар – бул орундар. Ал орундар түрдүүчө болот: Б.а. Бейиштеги жогору карай кеткен орундар жана Тозоктогу төмөн карай кеткен орундар (Тафсир ибн Касиир). Демек, адам баласы кылган амалына жараша Бейиштин жогорку орундарынан жай алат. Бейиштин орундары улам жогорулаган сайын, ырахаты да жогорулап барат. Тозоктун адамдары кылган күнөөсүнө жараша Тозоктун төмөнкү орундарынан орун алат. Тозоктун орундары канчалык төмөн кеткен сайын, азабы да ошончолук күчөй берет.

164 لَقَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ إِذْ بَعَثَ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Аллах алардын өздөрүнүн ичинен элчи жиберип, момундарга ырайым кылды. Ал аларга Анын айаттарын окуп берет жана аларды (күнөөдөн) тазалайт. Аларды мурда анык адашууда жүрүшкөнүнө карабастан Китепти окууга жана даанышмандыкка үйрөтөт.

a. Мухаммед(а.с.) b. Аллах Тааланын

165 أَوَلَمَّا أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَدْ أَصَبْتُمْ مِثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّى هَذَا قُلْ هُوَ مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Силерге кырсык келгенде: “Бул кайдан?” – дедиңер. Албетте, силер мындайдын эки эсесине туш болгонсуңар. “Бул силердин өзүңөрдөн”, –деп айт. Чындыгында, Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү!

a. Ухуд согушунда 70 сахаба шейит кеткени тууралуу кеп болууда b. Бадр согушунда мусулмандар каапырлардын 70ин өлтүрүп, 70ин туткундашкан. («Сираны» караүыз) c. Күнөөүөрдөн улам

166 وَمَا أَصَابَكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ فَبِإِذْنِ اللَّهِ وَلِيَعْلَمَ الْمُؤْمِنِينَ

Момундарды аныктоо үчүн эки топ каршылашкан күнү силерге келген кырсык – Аллахтын каалоосу менен (болду)!

167 وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ نَافَقُوا وَقِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا قَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوِ ادْفَعُوا قَالُوا لَوْ نَعْلَمُ قِتَالًا لَاتَّبَعْنَاكُمْ هُمْ لِلْكُفْرِ يَوْمَئِذٍ أَقْرَبُ مِنْهُمْ لِلْإِيمَانِ يَقُولُونَ بِأَفْوَاهِهِمْ مَا لَيْسَ فِي قُلُوبِهِمْ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يَكْتُمُونَ

Ошондой эле (ал согуш) мунафыктарды билүү үчүн да (буйрулду). Аларга: “ Келгиле, Аллах жолунда согушкула жана коргонууга тургула!” – деп айтылса, алар: “Эгер согушууну билсек, силердин артыңардан ээрчийт элек!” – дешти. Алар ал күнү ыйманга караганда каапырлыкка жакыныраак болчу. Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени ооздору менен айтышты. Аллах алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.

a. эки жүздүүлөрдү

168 الَّذِينَ قَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ وَقَعَدُوا لَوْ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُوا قُلْ فَادْرَءُوا عَنْ أَنْفُسِكُمُ الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Олтуруп алышып ага-инилерине: “Эгер биздин тилибизди алышса, алар өлүмгө дуушар болушмак эмес эле”, – деп айткандарга, “Айтканыңар чын болсо, өлүмдү өзүңөрдөн кайтарып көргүлөчү!” – деп айт.

a. Эй Мухаммед! (а.с.)

169 وَلَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمْوَاتًا بَلْ أَحْيَاءٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ يُرْزَقُونَ

Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдү, өлүк деп атабагыла. Алар – тирүү жана Эгесинин алдында ырыскыга бөлөнүшөт.

170 فَرِحِينَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَيَسْتَبْشِرُونَ بِالَّذِينَ لَمْ يَلْحَقُوا بِهِمْ مِنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Алар Аллахтын мээрими менен өздөрүнө (Бейиште) берилген нерселерине кубанышкан абалда, арттарынан эрчибей калгандарды да: “Аларга коркунуч жок. Алар кайгырышпайт”, – деп сүйүнчүлөшөт.

a. Азырынча тирүү жүргөн мусулмандардын, туугандарын

171 يَسْتَبْشِرُونَ بِنِعْمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ وَأَنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُؤْمِنِينَ

Ошондой эле алар Аллахтан болгон жакшылыкты жана ырайымдуулукту сүйүнчүлөшөт. Чындыгында, Аллах – момундардын сообун текке кетирбейт.

172 الَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِلَّهِ وَالرَّسُولِ مِنْ بَعْدِ مَا أَصَابَهُمُ الْقَرْحُ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا مِنْهُمْ وَاتَّقَوْا أَجْرٌ عَظِيمٌ

Алар (согушта) соккуга кабылгандан кийин да, Аллах жана Анын элчисинин чакырыгына жооп беришет. Жакшы иштерди жасап, такыба болгондорго – улуу сыйлык (бар)!

173 الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَانًا وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ

Аларга адамдар: “Мына, силерге каршы эл чогулду. Алардан корккула!” – деп айтышканда, алардын ыйманы ого бетер күчөп: “Бизге – Аллах жетиштүү! Ал – кандай жакшы Колдоочу!”-дешкен.

174 فَانْقَلَبُوا بِنِعْمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ لَمْ يَمْسَسْهُمْ سُوءٌ وَاتَّبَعُوا رِضْوَانَ اللَّهِ وَاللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَظِيمٍ

Ошондуктан алар Аллахтын жакшылыгы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Аллахтын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Аллах – Улуу берешендиктин ээси!

175 إِنَّمَا ذَلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Чындыгында, шайтан өз досторун коркутат. Эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менден корккула!

176 وَلَا يَحْزُنْكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ إِنَّهُمْ لَنْ يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا يُرِيدُ اللَّهُ أَلَّا يَجْعَلَ لَهُمْ حَظًّا فِي الْآخِرَةِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Алардын каапырлыкка карай умтулуусу сени кайгыга салбасын. Анткени, алар Аллахка эч зыйан келтире алышпайт. Аллах аларга Акыретте эч кандай үлүш кылбоону каалайт. Аларга улуу азап (бар).

a. Бербөөнү

177 إِنَّ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الْكُفْرَ بِالْإِيمَانِ لَنْ يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Ыйманынын ордуна каапырлыкты сатып алгандар да Аллахка эч кандай зыйан келтире алышпайт. Аларга оорутуучу азап (бар).

178 وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ خَيْرٌ لِأَنْفُسِهِمْ إِنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ لِيَزْدَادُوا إِثْمًا وَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

Алар жана алар сыйактуу каапырлардын мөөнөтүн узартканыбызды – өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Алардын күнөөлөрү дагы көбөйүүсү үчүн мөөнөттөрүн узартып койобуз. Алар үчүн кордоочу азап бар.

a. Өмүрүн b. Өмүрлөрүн c. Тозокто

179 مَا كَانَ اللَّهُ لِيَذَرَ الْمُؤْمِنِينَ عَلَى مَا أَنْتُمْ عَلَيْهِ حَتَّى يَمِيزَ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُطْلِعَكُمْ عَلَى الْغَيْبِ وَلَكِنَّ اللَّهَ يَجْتَبِي مِنْ رُسُلِهِ مَنْ يَشَاءُ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَإِنْ تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا فَلَكُمْ أَجْرٌ عَظِيمٌ

Аллах жакшыдан жаманды ажыратканга чейин гана (сынайт). Силерди – момундарды ушул абалда калтырбайт. Аллах силерге кайыпты билдирбейт, бирок элчилеринен каалаганын тандап, ошого гана билдирет. Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргиле! Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, анда силерге улуу сый (бар).

a. Адамга белгисиз, бирок Аллахка белгилүү болгон сырларды

180 وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَهُمْ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Аллахтын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды – алар үчүн жакшы деп ойлобогула! Жок, бул – аларга (абдан) жаман! Кыйамат Күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мойнуларына (от болуп) оролот. Андыктан, асман жана жердин (бардык) мурастары Аллахка таандык! Аллах – жасаган иштериңерден Кабардар!