бөлүм Аалу Имран - آل عمران
41
قَالَ رَبِّ اجْعَلْ لِي آيَةً قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًا وَاذْكُرْ رَبَّكَ كَثِيرًا وَسَبِّحْ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ
Ал (Закарийа) айтты: “Оо Эгем! Анда мага бир белги бер”. Ал айтты: “Белгиң – үч күн адамдар менен ишарат менен гана сүйлөшөсүң. Эртели-кеч Эгеңди көп эсте жана аруула!”
42
وَإِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاكِ وَطَهَّرَكِ وَاصْطَفَاكِ عَلَى نِسَاءِ الْعَالَمِينَ
Периштелер айтышты: “Эй, Марйам! Аллах сени тандады, тазалады. Сени дүйнөдөгү айалдардын ичинен тандап алды.
43
يَا مَرْيَمُ اقْنُتِي لِرَبِّكِ وَاسْجُدِي وَارْكَعِي مَعَ الرَّاكِعِينَ
“Эй, Марйам! Аллахка мойун сунуп, Эгеңе сежде кыл. Намаз окуучулар менен чогуу намаз оку!”
44
ذَلِكَ مِنْ أَنْبَاءِ الْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَامَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ
Бул – кайып байандардан. Биз аны сага айтып бердик. Алар кимиси Марйамды кепилдикке алаары тууралуу маселеде калемдерин ыргытышып, жаңжалдашкан кезде сен алар менен болгон эмессиң.
45
إِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍ مِنْهُ اسْمُهُ الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ
Периштелер: “Эй, Марйам! Чындыгында, Аллах сени Өзү тарабынан бир сөз менен кубантат; анын ысмы Масих Иса Марйам уулу. Ал - дүйнөдө, акыретте, даңктуу жана Аллахка жакындардан.
46
وَيُكَلِّمُ النَّاسَ فِي الْمَهْدِ وَكَهْلًا وَمِنَ الصَّالِحِينَ
Ал бешикте жана эр жеткенде адамдарга сүйлөйт. Ал - жакшылардан.
47
قَالَتْ رَبِّ أَنَّى يَكُونُ لِي وَلَدٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ قَالَ كَذَلِكِ اللَّهُ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ إِذَا قَضَى أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Ал (Марйам): “Мага бир да адам жолобосо, менде кайдан бала болсун?” –деди. Ал айтты: “Ушундай! Аллах эмне кааласа ошону жаратат. Эгер бир иштин болуусун кааласа, анда Ал: “Бол!”-дейт, ал дароо ишке ашат.
48
وَيُعَلِّمُهُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَالتَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ
Ага Жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт.
49
وَرَسُولًا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنِّي قَدْ جِئْتُكُمْ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ أَنِّي أَخْلُقُ لَكُمْ مِنَ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ فَأَنْفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِ اللَّهِ وَأُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ وَأُحْيِي الْمَوْتَى بِإِذْنِ اللَّهِ وَأُنَبِّئُكُمْ بِمَا تَأْكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِي بُيُوتِكُمْ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
жана аны Исраил урпактарына элчи кылат. “Чындыгында мен силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим: Мен ылайдан чымчык жасап, ага Аллахтын уруксаты менен дем салсам, ага жан кирет; Аллахтын эрки менен тубаса сокурларды, ала-пес оорулууларды айыктырып, өлүктөрдү тирилтем; /йүңөрдө эмне жеп, эмне сактаганыңар тууралуу кабар берем. Чындыгында, ушунда, эгер ыйман келтирсеңер –– силер үчүн белги бар.
50
وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَلِأُحِلَّ لَكُمْ بَعْضَ الَّذِي حُرِّمَ عَلَيْكُمْ وَجِئْتُكُمْ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
“Силерге алдымдагы Тооратты ырастоо, Эгеңерден арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуучу белги жана силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим. Аллахтан коркуп, мага мойун сунгула!”
51
إِنَّ اللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ هَذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ
“Чындыгында, Аллах менин да, силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Ушул (анык) – туура жол.”
52
فَلَمَّا أَحَسَّ عِيسَى مِنْهُمُ الْكُفْرَ قَالَ مَنْ أَنْصَارِي إِلَى اللَّهِ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنْصَارُ اللَّهِ آمَنَّا بِاللَّهِ وَاشْهَدْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ
Иса алардан каршылык сезип: “Аллах жолунда мага ким жардамчы болот?” –деди. Хаварийлер: “Биз Аллах (үчүн) жардамчыбыз. Аллахка ыйман келтирдик. Биздин (толук) мусулман болгонубузга күбө бол, –дешти, –
53
رَبَّنَا آمَنَّا بِمَا أَنْزَلْتَ وَاتَّبَعْنَا الرَّسُولَ فَاكْتُبْنَا مَعَ الشَّاهِدِينَ
Оо, Эгебиз! Түшүргөнүңө (айанга) ыйман келтирип, элчини ээрчидик. Бизди күбө болуучулар менен чогуу кыл!”
54
وَمَكَرُوا وَمَكَرَ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ
Алар амалкөйлүк-куулук кылышты. Аллах да (аларга каршы) амалдуулук кылды! Аллах – амалкөйлөрдүн эң мыктысы.
55
إِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى إِنِّي مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَيَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا وَجَاعِلُ الَّذِينَ اتَّبَعُوكَ فَوْقَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ ثُمَّ إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأَحْكُمُ بَيْنَكُمْ فِيمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Аллах мындай деди: “Эй, Иса! Сени Мен алуучумун жана өз тарабыма көтөрүүчүмүн. Андыктан каршы болгондордон сени тазартуучумун жана сени ээрчигендерди Кыйаматка чейин каршы болгондорго үстөмдүк кылып койом. Анан кайтаар жериңер – Мен тарап. Силер талашкан нерселер тууралуу ортоңордо өкүм кыламын.
56
فَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا فَأُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ
Ал эми ыйманга келбегендердин өздөрүн дүйнөдө да, акыретте да катуу азаптаймын. Алар үчүн эч бир жардамчы жок.
57
وَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ
Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын сыйлыктары толук берилет. Анткени, Аллах – заалымдарды жек көрөт!
58
ذَلِكَ نَتْلُوهُ عَلَيْكَ مِنَ الْآيَاتِ وَالذِّكْرِ الْحَكِيمِ
Мына ошону сага айаттардан жана даанышман насааттардан окуп берүүдөбүз.
59
إِنَّ مَثَلَ عِيسَى عِنْدَ اللَّهِ كَمَثَلِ آدَمَ خَلَقَهُ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ قَالَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Аллахтын алдында Исанын өрнөгү Адамдын мисалы сыйактуу. Аны топурактан жаратып, анан ага: “Бол!” - деп буйруду эле, болуп калды!
60
الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَلَا تَكُنْ مِنَ الْمُمْتَرِينَ
Чындык – Эгеңден. Мына эми, күмөн саноочулардан болбо!