бөлүм Аалу Имран - آل عمران
101
وَكَيْفَ تَكْفُرُونَ وَأَنْتُمْ تُتْلَى عَلَيْكُمْ آيَاتُ اللَّهِ وَفِيكُمْ رَسُولُهُ وَمَنْ يَعْتَصِمْ بِاللَّهِ فَقَدْ هُدِيَ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Силерге Аллахтын айаттары окулуп жатса, араңарда Аллахтын элчиси болсо, анан кантип силер кайра артка (каапырлыкка) кайтасыңар?! Ким Аллахтын китебин бекем карманса, ал – туура жолго багыт алат.
102
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنْتُمْ مُسْلِمُونَ
Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман абалда гана өлгүлө.
103
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنْتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُمْ بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا وَكُنْتُمْ عَلَى شَفَا حُفْرَةٍ مِنَ النَّارِ فَأَنْقَذَكُمْ مِنْهَا كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Баарыңар Аллахтын жибин (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анын жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле! Тозоктун бир чуңкурунун жээгинде турган кезиңерде, Ал силерди андан куткарды. Силер туура жолго түшүшүңөр үчүн Аллах Өз айаттарын ушундай кылып байандайт.
104
وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Силерден жакшылыкка чакырып, жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан тыйган бир коом болсун! Ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
105
وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَأُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып, каршылашкандардан болбогула. Мына ошолорго – улуу азап (бар)!
106
يَوْمَ تَبْيَضُّ وُجُوهٌ وَتَسْوَدُّ وُجُوهٌ فَأَمَّا الَّذِينَ اسْوَدَّتْ وُجُوهُهُمْ أَكَفَرْتُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Кыйамат Күнү айрым жүздөр агарып, айрым жүздөр карарат. Ошондо жүздөрү караргандарга: “Ыйман келтиргенден кийин каапыр болдуңарбы?! Ошол каапыр болгонуңар үчүн азабын таткыла!” (– деп айтылат).
107
وَأَمَّا الَّذِينَ ابْيَضَّتْ وُجُوهُهُمْ فَفِي رَحْمَةِ اللَّهِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми жүздөрү агаргандар Аллахтын мээриминде болушат. Алар анда түбөлүктүү калышат.
108
تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ وَمَا اللَّهُ يُرِيدُ ظُلْمًا لِلْعَالَمِينَ
Ушулар – Аллахтын айаттары. Аны сага чындык менен окуп берип жатабыз. Аллах – ааламдарга зуулумдук кылууну каалабайт.
109
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Асмандагылар да, жердегилер да Аллахка таандык. Бардык иштериңер Аллахка кайтат.
110
كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ مِنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُونَ
Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар! Эгер китеп ээлери ыйман келтиришкенде, ал – өздөрү үчүн жакшы болмок. Алардын кээ бирлери ыймандуулар, ал эми көпчүлүгү бузукулар.
111
لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ
Алар силерге ызаадан башка эч бир зыйанын тийгизе алышпайт. Эгер силер менен согушса, артын карай качышат. Аларга жардам берилбейт.
112
ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِنَ اللَّهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ وَبَاءُوا بِغَضَبٍ مِنَ اللَّهِ وَضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الْمَسْكَنَةُ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانُوا يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَيَقْتُلُونَ الْأَنْبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ
Кайда болсо да, аларга кордук соккусу урулат. Аллах тараптан коргоо, же адамдар (мусулмандар) менен келишими болсо гана аларга сокку урулбайт. Алар Аллахтын каарына учурап, кедейчиликтин да соккусун тартышат. Анткени, алар Аллахтын айаттарына каршы чыгышты, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүрүштү. Бул (азап) – алардын күнөөгө батып, чектен ашкандыгынан.
113
لَيْسُوا سَوَاءً مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ أُمَّةٌ قَائِمَةٌ يَتْلُونَ آيَاتِ اللَّهِ آنَاءَ اللَّيْلِ وَهُمْ يَسْجُدُونَ
Китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Аллахтын айаттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасы бар.
114
يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَأُولَئِكَ مِنَ الصَّالِحِينَ
Алар Аллахка, акырет Күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан.
115
وَمَا يَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَلَنْ يُكْفَرُوهُ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالْمُتَّقِينَ
Алар кандай жакшылык кылышпасын (Аллах тарабынан) унутулуп калбайт. Аллах – такыбаларды Билүүчү!
116
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا وَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Чындыгында, каапырлардын мал-мүлкү, балдары Аллахтан (келүүчү) эч бир нерседен аларды куткарып кала албайт. Алар – тозок ээлери. Анда түбөлүккө калышат!
117
مَثَلُ مَا يُنْفِقُونَ فِي هَذِهِ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَثَلِ رِيحٍ فِيهَا صِرٌّ أَصَابَتْ حَرْثَ قَوْمٍ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَأَهْلَكَتْهُ وَمَا ظَلَمَهُمُ اللَّهُ وَلَكِنْ أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
Алардын бул дүйнөдө жасаган кайрымдуулуктарынын мисалы: өздөрүнө зулумдук кылган коомдун эгин талаасынын түшүмүн кыйраткан айаздуу шамал сыйактуу. Аллах аларга зулумдук (адилетсиздик) кылган жок! Алар – өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты!
118
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِنْ دُونِكُمْ لَا يَأْلُونَكُمْ خَبَالًا وَدُّوا مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ إِنْ كُنْتُمْ تَعْقِلُونَ
Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдөн башкаларды дос тутпагыла. Алар силерге кастык кылуудан тартынышпайт. Алар силердин балээге кабылышыңарды каалашат. Алардын кектешүүсү оозунан (чыккан сөздөн) ачык-айкын көрүнүп турат. Жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгү (кеги) абдан чоң. Чындыгында, силер түшүнүшүңөр үчүн Биз силерге айаттарды байан кылдык.
119
هَا أَنْتُمْ أُولَاءِ تُحِبُّونَهُمْ وَلَا يُحِبُّونَكُمْ وَتُؤْمِنُونَ بِالْكِتَابِ كُلِّهِ وَإِذَا لَقُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا عَضُّوا عَلَيْكُمُ الْأَنَامِلَ مِنَ الْغَيْظِ قُلْ مُوتُوا بِغَيْظِكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Силер аларды жакшы көрөсүңөр, (баары бир) алар силерди жек көрүшөт. Силер Китептин баарына ыйман келтиресиңер, алар бетме-бет келген учурда: “Ишендик!” – деп, өздөрүнчө калган кезде ачууланып, бармактарын тиштешет. “Кара ниетиңер менен кошо өлгүлө!” – деп айт. Чындыгында, Аллах – жүрөктөрдүн түпкүрүндөгүнү Билүүчү!
120
إِنْ تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِنْ تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌ يَفْرَحُوا بِهَا وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا إِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌ
Силер кандайдыр бир ийгиликке жетсеңер, аларга жакпайт. Ал эми силерге кандайдыр бир жамандык келсе, ага алар кубанышат. Эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, алардын кара ниеттигинен эч зыйан тартпайсыңар! Чындыгында, Аллах – алардын кылып аткан иштеринин баарын Камтуучу!