бөлүм Аалу Имран - آل عمران
21
إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَيَقْتُلُونَ النَّبِيِّينَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَيَقْتُلُونَ الَّذِينَ يَأْمُرُونَ بِالْقِسْطِ مِنَ النَّاسِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Аллахтын айаттарына ишенбегендер, пайгамбарларды акыйкатсыздык менен өлтүргөндөр жана адамдарды адилеттүүлүккө үгүттөгөндөрдү өлтүргөндөргө жан чыдагыс азап барын кабарла!
22
أُولَئِكَ الَّذِينَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ
Мына ошолор дүйнөдө да, акыретте да жасаган амалдары текке кеткендер. Алар үчүн жардамчылар жок.
23
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُدْعَوْنَ إِلَى كِتَابِ اللَّهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ يَتَوَلَّى فَرِيقٌ مِنْهُمْ وَهُمْ مُعْرِضُونَ
Китептерден үлүш берилгендердин ортосунда өкүм кылуу үчүн Аллахтын Китебине (кайрылууга) чакырылгандарды байкадыңбы? Алардын бир бөлүгү андан жүз үйрүп кетишти. Алар каршы чыгуучулар.
24
ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ وَغَرَّهُمْ فِي دِينِهِمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Алар: «Бизди эсептүү гана күн Тозок оту күйгүзөт» – деп ойлошкондуктан ошентишти. Аларды өздөрү ойлоп чыгарган нерселер дин жолунан адаштырды.
25
فَكَيْفَ إِذَا جَمَعْنَاهُمْ لِيَوْمٍ لَا رَيْبَ فِيهِ وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Биз аларды болоору анык Күндө жыйнаганыбызда эч кимге адилетсиздик кылынбастан (бул дүйнөдө кылган) эмгектери толук берилгенде (абалы) кандай болот?
26
قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَنْ تَشَاءُ وَتَنْزِعُ الْمُلْكَ مِمَّنْ تَشَاءُ وَتُعِزُّ مَنْ تَشَاءُ وَتُذِلُّ مَنْ تَشَاءُ بِيَدِكَ الْخَيْرُ إِنَّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Айткын: “Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Аллах! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан (кайра) тартып аласың. Каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң. Жакшылык – Сенин колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң!
27
تُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَتُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَتُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَتُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَتَرْزُقُ مَنْ تَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң. Тирүүнү өлүктөн чыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың. Өзүң каалаганыңа эсепсиз ырыскы бересиң!
28
لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ إِلَّا أَنْ تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةً وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ
Ыймандуулар – ыймандуулардан башкаларды: каапырларды дос кылбасын. Кимде-ким муну жасаса (дос кылса), анын Аллах менен эч кандай байланышы жок. Бирок, алардан сактануу үчүн (жасасаңар күнөө эмес). Аллах силерди Өзүнөн сестендирет. Кайтуу – Аллахка гана.
29
قُلْ إِنْ تُخْفُوا مَا فِي صُدُورِكُمْ أَوْ تُبْدُوهُ يَعْلَمْهُ اللَّهُ وَيَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
“Эгерде жүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, (баары бир) Аллах аны билет. Ал – асмандагыларды да, жердегилерда да (жакшы) билет. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү”!
30
يَوْمَ تَجِدُ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ مِنْ خَيْرٍ مُحْضَرًا وَمَا عَمِلَتْ مِنْ سُوءٍ تَوَدُّ لَوْ أَنَّ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ أَمَدًا بَعِيدًا وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ
Ар бир жан өзү кылган жакшылыкты да, жамандыкты да Кыямат Күнү даяр табат. Ошондо ар бир жан жасаган иши менен өзүнүн аралыгы абдан узак болушун тилейт. Аллах силерди Өзүнөн сестентет”. Ошондой эле, Аллах – өз пенделерине абдан Ырайымдуу!
31
قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Анан дагы айт: “Эгер силер Аллахны сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!
32
قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ
Айткын: “Аллахны жана Анын элчисин ээрчигиле”! Эгер жүз бурушса, албетте, Аллах – каапырларды жек көрөт!
33
إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَى آدَمَ وَنُوحًا وَآلَ إِبْرَاهِيمَ وَآلَ عِمْرَانَ عَلَى الْعَالَمِينَ
Ырасында, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин урпактарын жана Имрандын урпактарын бүт дүйнөдөн тандап алды,
34
ذُرِّيَّةً بَعْضُهَا مِنْ بَعْضٍ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
алар – бири, экинчисине урпак болгон абалда. Аллах – Угуучу, Билүүчү!
35
إِذْ قَالَتِ امْرَأَتُ عِمْرَانَ رَبِّ إِنِّي نَذَرْتُ لَكَ مَا فِي بَطْنِي مُحَرَّرًا فَتَقَبَّلْ مِنِّي إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Имрандын айалы: “Эгем, мен курсагымдагыны азат абалда Сага гана арнадым. Менден кабыл ал. Албетте, Сен – Угуучу, Билүүчүсүң!” – деди.
36
فَلَمَّا وَضَعَتْهَا قَالَتْ رَبِّ إِنِّي وَضَعْتُهَا أُنْثَى وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا وَضَعَتْ وَلَيْسَ الذَّكَرُ كَالْأُنْثَى وَإِنِّي سَمَّيْتُهَا مَرْيَمَ وَإِنِّي أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ
Ал төрөгөн кезде: “Эгем, мен кыз төрөдүм”-деп айтты. Ал эми Аллах анын кимди төрөгөнүн жакшыраак Билүүчү. Эркек – айал сыйактуу эмес. Анан: “Аны Марйам деп атадым. Аны жана анын урпактарын ырайымдан куулган шайтандан коргооңду Өзүңдөн тилеймин”.
37
فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٍ وَأَنْبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنًا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّا كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا الْمِحْرَابَ وَجَدَ عِنْدَهَا رِزْقًا قَالَ يَا مَرْيَمُ أَنَّى لَكِ هَذَا قَالَتْ هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Анан Эгеси аны жакшы кабыл алды. Жакшы өсүү менен өстүрүп, Закарийаны ага кепил кылды. Ар качан Закарийа мечитке кирген кезде анын алдынан мол ырыскыларды көрчү. Ал: “Эй, Марйам! Бул сага кайдан?” –деп сурачу. Ал: “Бул – Аллахтан!” –деп жооп берчү. Чындыгында, Аллах кимди кааласа ага сансыз ырыскы берет.
38
هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُ قَالَ رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ
Закарийа Эгесине кайрылып: “Оо, Эгем! Мага жакшы перзент бер. Анткени, Сен – дубаны Угуучусуң!”- деди.
39
فَنَادَتْهُ الْمَلَائِكَةُ وَهُوَ قَائِمٌ يُصَلِّي فِي الْمِحْرَابِ أَنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحْيَى مُصَدِّقًا بِكَلِمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَسَيِّدًا وَحَصُورًا وَنَبِيًّا مِنَ الصَّالِحِينَ
Ал (Закарийа) мечитте намаз окуп жаткан кезде периштелер айтышты: “Аллах сага Аллахтын (Өзүнүн) сөзүн тастыктоочу, жетекчи, өзүн айалдардан калкалоочу, жакшылардан пайгамбар (кылып) Йахйа аттуу перзент менен сүйүнчүлөйт”.
40
قَالَ رَبِّ أَنَّى يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَقَدْ بَلَغَنِيَ الْكِبَرُ وَامْرَأَتِي عَاقِرٌ قَالَ كَذَلِكَ اللَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ
Ал айтты: “Оо Эгем, мен картайдым. Кантип менден бала төрөлсүн. Айалым да төрөттөн калган”. Ал айтты: “Аллах эмне кааласа ошону жасайт!”.