бөлүм Аалу Имран - آل عمران

81 وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ النَّبِيِّينَ لَمَا آتَيْتُكُمْ مِنْ كِتَابٍ وَحِكْمَةٍ ثُمَّ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَكُمْ لَتُؤْمِنُنَّ بِهِ وَلَتَنْصُرُنَّهُ قَالَ أَأَقْرَرْتُمْ وَأَخَذْتُمْ عَلَى ذَلِكُمْ إِصْرِي قَالُوا أَقْرَرْنَا قَالَ فَاشْهَدُوا وَأَنَا مَعَكُمْ مِنَ الشَّاهِدِينَ

Аллах пайгамбарларга : “Силерге Китеп, даанышмандык бердим. Анан силерге берилген нерселерди тастыктоочу (башка) элчи келет. Силер ага сөзсүз ишенип, ага жардам беришиңер керек!” – деп алардын убадаларын алган. Ал: “Менин келишимимди тастыктап, кабыл албайсыңарбы?” – деп айтты. Алар: “Тастыктайбыз!” – дешти. Ал: “Күбө болгула! Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын”, – деди.

a. Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбызга чейин келген пайгамбарларга айтып жатат b. Мухаммед (а.с.) тууралуу сөз болууда c. Аллах таала d. Оор милдетимди e. Аллах Таала f. Өзүүөргө-өзүүөр

82 فَمَنْ تَوَلَّى بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

Мындан кийин кимде-ким жүз үйүрсө – алар бузукулар.

a. Оор милдетти мойунуүарга алып, тастыктаганыүардан кийин

83 أَفَغَيْرَ دِينِ اللَّهِ يَبْغُونَ وَلَهُ أَسْلَمَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَإِلَيْهِ يُرْجَعُونَ

Аллахтын дининен башка дин издешеби? Ага асмандардагы жана жердин баары ыктыйардуу да, ыктыйарсыз да мойун сунат. Алар Ага кайтарылат.

a. жүз үйүргөндөр b. Аллах тарапка

84 قُلْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَى وَعِيسَى وَالنَّبِيُّونَ مِنْ رَبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ

“Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга, Эгебизден белек кылынганга ыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллахка) гана өзүбүздү тапшыруучуларданбыз”, – деп айткыла.

a. Ыйык Китепчелерге жана Баракчаларга b. Ага гана толук баш ийип, Ага гана тобокел кылабыз, Ага гана ишенебиз

85 وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Кимде-ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анын дини кабыл кылынбайт. Ал Акыретте зыйанга учуроочулардан.

a. Аллахтын алдында

86 كَيْفَ يَهْدِي اللَّهُ قَوْمًا كَفَرُوا بَعْدَ إِيمَانِهِمْ وَشَهِدُوا أَنَّ الرَّسُولَ حَقٌّ وَجَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

Аллахка ыйман келтирип, чындыгында, элчинин акыйкаттыгына күбө болуп, аларга ачык далилдер келген соң, каапырлык кылган коомду Аллах кандай туура жолго салсын?! Аллах заалым коомду туура жолго баштабайт.

a. Аллахтын элчисинин b. Чыныгы пайгамбар экенине көздөрү жетип c. Мушриктерди ынандыра ала турган

87 أُولَئِكَ جَزَاؤُهُمْ أَنَّ عَلَيْهِمْ لَعْنَةَ اللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ

Алардын жазасы – Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышы!

a. Б.а. Аллахтын, периштелердин, бардык адамдардын каргышына калып, Тозокко ыргытылат

88 خَالِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ

Ал жерде (тозокто) алар түбөлүккө калышат. Алардын жазасы да жеңилдетилбейт, (жазалоо) мөөнөтү да артка кечиктирилбейт.

89 إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ وَأَصْلَحُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Бирок (ыйман келтирип), тообо кылгандар жана (амалдарын) түзөгөндөргө Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!

90 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بَعْدَ إِيمَانِهِمْ ثُمَّ ازْدَادُوا كُفْرًا لَنْ تُقْبَلَ تَوْبَتُهُمْ وَأُولَئِكَ هُمُ الضَّالُّونَ

Чындыгында, ыйман келтиришкенден кийин каапыр болгондор жана да каршылыктарын күчөткөндөрдүн тообосу эч (качан) кабыл болбойт. Мына ошолор – Жолдон адашкандар.

91 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَمَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْ أَحَدِهِمْ مِلْءُ الْأَرْضِ ذَهَبًا وَلَوِ افْتَدَى بِهِ أُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ

Чындыгында, каапыр бойунча өлгөндөрдүн ар бири жер жүзү толо алтын төлөсө да эч качан алардын (төлөмдөрү) кабыл кылынбайт. Аларга жан чыдагыс азап (бар). Алар үчүн бир да жардамчы жок!

a. Аллах тарабынан, Кыйаматта

92 لَنْ تَنَالُوا الْبِرَّ حَتَّى تُنْفِقُوا مِمَّا تُحِبُّونَ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ شَيْءٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ

Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар. Силер эмнеден кайрымдуулук кылган болсоңор, чындыгында аны Аллах Билүүчү!

93 كُلُّ الطَّعَامِ كَانَ حِلًّا لِبَنِي إِسْرَائِيلَ إِلَّا مَا حَرَّمَ إِسْرَائِيلُ عَلَى نَفْسِهِ مِنْ قَبْلِ أَنْ تُنَزَّلَ التَّوْرَاةُ قُلْ فَأْتُوا بِالتَّوْرَاةِ فَاتْلُوهَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Тоорат түшүрүлөрдөн мурда Исраил өзүнө-өзү арам кылган нерселеринен башка бардык тамактар Исраил урпактарына адал болчу. Аларга: “ Эгер айтканыңар чын болсо Тооратты алып келип окугула!” –дегин.

a. Абдулла-(Йакуп)

94 فَمَنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

Ошондон кийин кимде-ким Аллах жөнүндө жалган сөз таратса, – мына ошолор заалымдар!

95 قُلْ صَدَقَ اللَّهُ فَاتَّبِعُوا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Айткын: “Аллах – Чындыкты Айтуучу! Ибрахимдин таза динин кармангыла!” Ал – (Аллахка) шерик кошуучулардан эмес!

a. Мушриктерден болгон эмес

96 إِنَّ أَوَّلَ بَيْتٍ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِي بِبَكَّةَ مُبَارَكًا وَهُدًى لِلْعَالَمِينَ

Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган /й – бүткүл аалам үчүн ыйык жана туура жол!

a. Кааба

97 فِيهِ آيَاتٌ بَيِّنَاتٌ مَقَامُ إِبْرَاهِيمَ وَمَنْ دَخَلَهُ كَانَ آمِنًا وَلِلَّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًا وَمَنْ كَفَرَ فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنِ الْعَالَمِينَ

Анда ачык белгилер болуп, Макамы Ибрахим бар. Кимде-ким ага кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ырааазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйүрсө, чындыгында, Аллах – ааламдагыларга Муктаж эмес!

a. Каабага

98 قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ شَهِيدٌ عَلَى مَا تَعْمَلُونَ

Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Аллахтын аяттарын жокко чыгарып жатасыңар?! Аллах силердин кылып жаткан иштериңердин бардыгына Күбө!

99 قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ مَنْ آمَنَ تَبْغُونَهَا عِوَجًا وَأَنْتُمْ شُهَدَاءُ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

“Эй китеп ээлери, өзүңөр тууралыгына күбө болуп туруп, эмне үчүн кара ниеттикти көздөп, ыймандууларды Аллахтын жолунан тососуңар?! Аллах силердин жасап жаткан ар бир ишиңерге кайдыгер эмес!” – деп айткын.

100 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تُطِيعُوا فَرِيقًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ يَرُدُّوكُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ كَافِرِينَ

Эй, ыйман келтирген момундар! Эгер силер ыйман келтиргенден кийин китеп ээлеринин кээ бир тобуна мойун сунсаңар, алар силерди (кайра) каапырлыкка кайтарышат.