161 فَإِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ
Албетте, силер да, силер табынган нерселер да
a. Кыйамат күнү
161 فَإِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ
Албетте, силер да, силер табынган нерселер да
a. Кыйамат күнү
162 مَا أَنْتُمْ عَلَيْهِ بِفَاتِنِينَ
Аллахка каршы бузукулук кыла албайсыңар.
a. Анткени силер жаратылган жансыңар, Аллах болсо Жаратуучу!
163 إِلَّا مَنْ هُوَ صَالِ الْجَحِيمِ
Бирок ким Тозокко түшө турган болсо, ал башка...
164 وَمَا مِنَّا إِلَّا لَهُ مَقَامٌ مَعْلُومٌ
(Периштелер): “Биздин арабызда орду белгиленбеген эч ким жок”,– дешет.
165 وَإِنَّا لَنَحْنُ الصَّافُّونَ
“Чындыгында эле, биз катар тизилип туруучуларданбыз!
166 وَإِنَّا لَنَحْنُ الْمُسَبِّحُونَ
Албетте, биз – Аллахты аруулоочуларданбыз”, – дешет.
167 وَإِنْ كَانُوا لَيَقُولُونَ
Алар мындай дешчү:
a. Мушриктер жана китеп ээлери
168 لَوْ أَنَّ عِنْدَنَا ذِكْرًا مِنَ الْأَوَّلِينَ
“Эгер бизде мурункуларга берилген насаат болгондо,
a. Аллахтын Китеби
169 لَكُنَّا عِبَادَ اللَّهِ الْمُخْلَصِينَ
Албетте, Аллахка берилген пенделерден болоор элек”.
170 فَكَفَرُوا بِهِ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ
Кийин алар келген Китепке дароо каршы чыгышты. Жакында (анын натыйжасын) көрүшөт!
a. Куранга
171 وَلَقَدْ سَبَقَتْ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا الْمُرْسَلِينَ
Чындыгында элчи пенделерибизге сөзүбүз мурда эле өткөн.
a. “Мужадала” сүрөсүнүн 21-айатын караңыз b. Ортобузда келишим түзүлгөн
172 إِنَّهُمْ لَهُمُ الْمَنْصُورُونَ
(Алар): “Албетте, алар жардам берилгендерден”.
a. пайгамбарлар
173 وَإِنَّ جُنْدَنَا لَهُمُ الْغَالِبُونَ
“Чынында, жеңишке ээ боло тургандар – биздин аскерлер”, – дешкен.
174 فَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّى حِينٍ
(Эй, Мухаммед!) Ошондо алардан (белгилүү) бир мөөнөткө чейин жүз буруп тур.
a. Бизден жаза келгенге чейин
175 وَأَبْصِرْهُمْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ
Аларды карап тур. Алар да жакында көрүшөт!
176 أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ
Алар эмне азабыбыздын тез келишин каалашабы?
177 فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمْ فَسَاءَ صَبَاحُ الْمُنْذَرِينَ
Аларга азап келгенде эскертүү берилгендердин таңы кандай жаман!
a. Жер титиреп кыйрагандардын абалы
178 وَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّى حِينٍ
Ошондо алардан (белгилүү) бир учурга чейин оолактап тур.
a. Бизден бир белги-керемет түшүп алардын үрөйүн учурганга чейин
179 وَأَبْصِرْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ
Анан да көз салып тур. Жакында алар (азапты) көрүшөт!
180 سُبْحَانَ رَبِّكَ رَبِّ الْعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ
Улуу Эгең алардын кошкон шериктеринен аруу!
a. жармаштырган