121 إِنَّا كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Чындыгында, жакшы амалдарды жасагандарды ушинтип сыйга бөлөйбүз.
121 إِنَّا كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Чындыгында, жакшы амалдарды жасагандарды ушинтип сыйга бөлөйбүз.
122 إِنَّهُمَا مِنْ عِبَادِنَا الْمُؤْمِنِينَ
Анткени, экөө тең (Аллахка) ыйман келтирген пенделерибизден болчу.
123 وَإِنَّ إِلْيَاسَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Албетте, Илйас да элчилерден эле.
a. пайгамбарларыбыздан
124 إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ أَلَا تَتَّقُونَ
Ал ошондо өз элине: “Аллахтан коркпойсуңарбы?”, – деди.
125 أَتَدْعُونَ بَعْلًا وَتَذَرُونَ أَحْسَنَ الْخَالِقِينَ
“Мыкты Жаратуучуну таштап, “Багылга” сыйынасыңарбы?!”
a. Буд-сөлөкөттүн аты
126 اللَّهَ رَبَّكُمْ وَرَبَّ آبَائِكُمُ الْأَوَّلِينَ
“Аллах силердин да, мурунку өткөн ата-бабаларыңардын да Эгеси!”, – деди.
127 فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ
Ошондо эли аны жалганчыга чыгарды. Ырасында, алар Отко кирүүчүлөр .
128 إِلَّا عِبَادَ اللَّهِ الْمُخْلَصِينَ
Бирок, Аллахтын такыба пенделери башка.
129 وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِي الْآخِرِينَ
Кийинки муундарга ал тууралуу (жакшы атак) калтырдык.
130 سَلَامٌ عَلَى إِلْ يَاسِينَ
Илйаска тынчтык!
131 إِنَّا كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Чындыгында, жакшы иштерди жасагандарды Биз ушинтип сыйга бөлөйбүз.
132 إِنَّهُ مِنْ عِبَادِنَا الْمُؤْمِنِينَ
Анткени, ал (Аллахка) ыйман келтирген пенделерибизден болчу.
133 وَإِنَّ لُوطًا لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Акыйкатта, Лут – элчилерден болчу.
a. Аллахтын элчилеринен, пайгамбарларынан
134 إِذْ نَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ أَجْمَعِينَ
Ошондо аны да, үй бүлөсүн да куткардык.
a. Жерди титиретип, Аллахка ыйман келтирбеген каапырларды кыйратып
135 إِلَّا عَجُوزًا فِي الْغَابِرِينَ
Бирок (жер астында) калгандардын ичиндеги кемпирден башкаларын.
a. Лут (а.с.)дын кемпири каапыр бачабаздар менен ынтымак мамиледе болгон жана Лут (а.с.)га сымбаттуу жигит кейпинде периштелер келген кезде, каапырларга дароо жетип барып кабарлагандыктан, каапырлар Лут (а.с.)га келишип, меймандарды аларга салып берүүсүн талап кылышкан. Аллах Таала аларды ошол түндүн таңында таш-талканын чыгарып, жерди үрөй учура силкинтип туруп, оодарып, баарын көмүп салган.
136 ثُمَّ دَمَّرْنَا الْآخَرِينَ
Анан башкаларын кыйраттык.
137 وَإِنَّكُمْ لَتَمُرُّونَ عَلَيْهِمْ مُصْبِحِينَ
Албетте, силер таңга маал алардын (көмүлүп жаткан жеринин) жанынан өтөсүңөр.
138 وَبِاللَّيْلِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Түндө да (ошол жерден өттүңөр). Ошондо да түшүнбөйсүңөрбү?!
139 وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Акыйкатта, Йунус элчилерден болчу.
140 إِذْ أَبَقَ إِلَى الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ
Ошондо ал толо кемеге чыгып качкан болчу.
a. Эли анын пайгамбарлыгын чанып, келекелеп, сөзүн такыр укпай койушканда, башка элге кетүү үчүн камынып