бөлүм Сааффат - الصافات

21 هَذَا يَوْمُ الْفَصْلِ الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ

“Бул – силер жалганга чыгарган Ажыратуу күнү”.

a. Мусулман менен каапырды, Бейиш эли менен тозок элин…

22 احْشُرُوا الَّذِينَ ظَلَمُوا وَأَزْوَاجَهُمْ وَمَا كَانُوا يَعْبُدُونَ

“Заалымдарды да, алардын жандоочуларын да, алардын сыйынгандарын (кудайларын) да топтогула!”

23 مِنْ دُونِ اللَّهِ فَاهْدُوهُمْ إِلَى صِرَاطِ الْجَحِيمِ

“Алар Аллахтан башкага сыйынышкан. Ошондуктан аларды тозоктун жолуна багыттагыла!”

24 وَقِفُوهُمْ إِنَّهُمْ مَسْئُولُونَ

(Бирок азырынча) аларды токтоткула. Анткени алар суралуучулар!” (– деп айтылат).

25 مَا لَكُمْ لَا تَنَاصَرُونَ

Алардан: “Эмне үчүн бири-биринен сурамжылашат?”,– деп суралат.

26 بَلْ هُمُ الْيَوْمَ مُسْتَسْلِمُونَ

Албетте, алар бүгүн аргасыз баш ийген кейипте.

27 وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ يَتَسَاءَلُونَ

Алар бири-бирине каршы суроо беришет.

28 قَالُوا إِنَّكُمْ كُنْتُمْ تَأْتُونَنَا عَنِ الْيَمِينِ

(алар жол башчыларына): ”Силер бизге оң жактан келчү элеңер го”, – дешет.

a. Шайтандын жетегинде калган b. “Ушул туура жол деп айтчу элеңер” – деген мааниде

29 قَالُوا بَلْ لَمْ تَكُونُوا مُؤْمِنِينَ

Алар: “Андай эмес. Өзүңөр ыйман келтирген эмессиңер!”, – дешет.

30 وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيْكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ بَلْ كُنْتُمْ قَوْمًا طَاغِينَ

“Анткени силерге биздин бийлигибиз өтчү эмес. Албетте, өзүңөр адашкан эл болчусуңар”.

31 فَحَقَّ عَلَيْنَا قَوْلُ رَبِّنَا إِنَّا لَذَائِقُونَ

“Эгебиздин бизге жиберген сөзү чындык болуп чыкты. Биз чындыгында (азап) даамын татуучуларданбыз”.

32 فَأَغْوَيْنَاكُمْ إِنَّا كُنَّا غَاوِينَ

“Ошондо силерди азгырганбыз. Чындыгында, өзүбүз да адашкандардан элек”.

33 فَإِنَّهُمْ يَوْمَئِذٍ فِي الْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ

Ошентип, алар ал күндүн азабына шериктеш болушат.

a. Кыйаматтын

34 إِنَّا كَذَلِكَ نَفْعَلُ بِالْمُجْرِمِينَ

Чындыгында, күнөөкөрлөрдү ушундай кылабыз.

35 إِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ

Акыйкатта, аларга: “Аллахтан башка Кудай жок”, – деп айтылса деле, текеберленишкен.

36 وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُو آلِهَتِنَا لِشَاعِرٍ مَجْنُونٍ

Алар: “Бир жинди акын үчүн өз кудайларыбызды таштайлыбы?”,–дешкен.

a. Каапырлар сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)ды “Акын”, “жалганчы”, “сыйкырчы”, – деп аташкан. Бул жерде ошол үчүн алар катуу жазаланышары тууралуу сөз болууда

37 بَلْ جَاءَ بِالْحَقِّ وَصَدَّقَ الْمُرْسَلِينَ

Чындыгында, ал чындыкты алып келген жана элчилерди тастыктаган.

38 إِنَّكُمْ لَذَائِقُو الْعَذَابِ الْأَلِيمِ

Албетте, мына эми силер куйкалоочу азап даамын таткыла!

39 وَمَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Силер өз колуңар менен жасаган иштериңердин гана жазасын тартасыңар.

40 إِلَّا عِبَادَ اللَّهِ الْمُخْلَصِينَ

Бирок, Аллахтын момун пенделери башка (. Аларга жаза жок).