1 وَالصَّافَّاتِ صَفًّا
Сапка тизилип турган (периштелерге) ант!
1 وَالصَّافَّاتِ صَفًّا
Сапка тизилип турган (периштелерге) ант!
2 فَالزَّاجِرَاتِ زَجْرًا
Айдаган айдоочуларга (периштелерге) ант!
3 فَالتَّالِيَاتِ ذِكْرًا
Эскертүүнү окуп берүүчүлөргө (периштелерге) ант!
a. Мусулмандарга Аллахтын атынан башка нерсе менен ант берүүгө, карганууга болбойт. Бирок Аллах Өзү каалаган макулугун ант катары күбөгө тартат. Аллах –Улуу, Теңдешсиз, Чыныгы Өкүмдар!
4 إِنَّ إِلَهَكُمْ لَوَاحِدٌ
Акыйкатта, Кудайыңар бирөө гана!
a. Аллах Таала – Жалгыз, Теңи жок, Окшошу жок,
5 رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَرَبُّ الْمَشَارِقِ
Асмандар менен жердин, алардын ортосундагылардын Эгеси жана Чыгыштын да Эгеси (– Аллах)!
6 إِنَّا زَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِزِينَةٍ الْكَوَاكِبِ
Чындыгында, бул дүйнөнүн асманын жылдыздар менен кооздоп койдук.
7 وَحِفْظًا مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ مَارِدٍ
Бардык чектен чыккан шайтандан коргодук.
8 لَا يَسَّمَّعُونَ إِلَى الْمَلَإِ الْأَعْلَى وَيُقْذَفُونَ مِنْ كُلِّ جَانِبٍ
Алар жогорку ааламды тыңшай алышпайт. Алар туш-туштан атылат.
a. Аллахка гана белгилүү болгон кайып дүйнө сырларын биле алышпайт b. Жылдыздар Аллахтын сырларын тыңшоого далалат кылган кезде c. Жылдыздар менен
9 دُحُورًا وَلَهُمْ عَذَابٌ وَاصِبٌ
(Аларды) кубалап туруучу үзгүлтүксүз азап бар.
a. шайтандарды
10 إِلَّا مَنْ خَطِفَ الْخَطْفَةَ فَأَتْبَعَهُ شِهَابٌ ثَاقِبٌ
Эгер алардан бирөө бир сөз уурдай турган болсо, аны күйгүзүүчү жылдыз кубалайт.
a. шайтандардан b. Ислам дини келгенге чейин жин-шайтандар асманга көтөрүлүп, периштелерден болочокту угуп келип, анан көзү ачыктарга кабарлашкан. Ислам дини келгенден кийин, алар асманга көтөрүлгөндө, Аллахтын буйругу менен жылдыз учуп келип күйгүзүп жибере турган кылып койгон.
11 فَاسْتَفْتِهِمْ أَهُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَمْ مَنْ خَلَقْنَا إِنَّا خَلَقْنَاهُمْ مِنْ طِينٍ لَازِبٍ
Эми алардан сура: “Аларды жаратуу кыйынбы? Же башка жараткандарыбыз кыйынбы? Чындыгында аларды (адам баласын) жабышкаак ылайдан жаратканбыз.
12 بَلْ عَجِبْتَ وَيَسْخَرُونَ
(Эй, Мухаммед!) Албетте, сен бул табиатка таң калдың. Алар (шайтандар) болсо келекелешет.
a. Бул табиатты, жаратылышты Аллахтын кандай керемет кылып кынаптап, укмуштай шайкеш келтирип, адам акылын тумандаткан улуу айкалыш ичинде жаратканына b. Сен алардан Аллахка жакын экендигиңе карабастан, сенин ылайдан жаратылгандыгыңа
13 وَإِذَا ذُكِّرُوا لَا يَذْكُرُونَ
Аларга эскертүү келсе да, алар (баары бир) эстерине келишпейт.
14 وَإِذَا رَأَوْا آيَةً يَسْتَسْخِرُونَ
Бир керемет көрүшсө, аны шылдыңдашат.
15 وَقَالُوا إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ
“Бул ачык сыйкырчылык”, – дешет.
16 أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ
“Биз өлүп топуракка жана сөөкө айланган кезде кантип тирилмек элек”.
17 أَوَآبَاؤُنَا الْأَوَّلُونَ
“Оболку ата-баларыбыз дагы тирилишеби?”,–дешет.
18 قُلْ نَعَمْ وَأَنْتُمْ دَاخِرُونَ
(Сен аларга): “Албетте, силер кор болуп тирилесиңер!”,–дегин.
19 فَإِنَّمَا هِيَ زَجْرَةٌ وَاحِدَةٌ فَإِذَا هُمْ يَنْظُرُونَ
Чындыгында, ал үрөй учурган добуш. Ошондо алар карап калышат.
a. Кыйаматка адамдарды тирилтүү үчүн тартылган сурнайдын үнү
20 وَقَالُوا يَا وَيْلَنَا هَذَا يَوْمُ الدِّينِ
“Аттиң. Ушул эсеп күнү экен да!”,–дешет.