141 فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ الْمُدْحَضِينَ
Чүчү кулак кармаганда ал жеңилүүгө учурады.
a. Сөздүн маанисин билүү үчүн: Кыргызча түшүндүрмө сөздүктөрдү карасаңыз болот b. Кеме жүктүн оорлугунан чөгө баштаганда, кеменин башчысы: “Арабызда кимдир бирөөнүн күнөөсү абдан оор экен. Ошону таап, деңизге ыргытсак, калгандарыбыз аман калабыз”, – деп, чүчү кулак кармаганда, ал Йунуска туура келип, аны кемеден деңизге ыргытып жиберет да, ал жерден аны кит жутуп алып, 40 күндөн кийин Аллахтын буйругу менен аны, өз элине жакын жерге кайра алып келип, кургак жерге кусуп таштайт.